Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Балыкчы окуясы боюнча сот дагы артка жылды


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө. Балыкчы, 4-сентябрь.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө. Балыкчы, 4-сентябрь.

Президенттик шайлоодо камалгандардын соту эми 11-сентябрга жылды. Камактагылардын жакындары сот жараяны улам артка жылып жатканына нааразы.

23-июлдан бери бирде Балыкчыда, бирде Каракол шаарындагы камакканасында жаткан 14 айыпкердин экөө ден-соолугуна байланыштуу буга чейин ооруканага чыгарылган.Калган 12 адам 4-сентябрда Каракол тергөө абагынан Балыкчы шаардык сотуна алынып келинген менен бул күнү белгиленген соттук териштирүү болбой калды. Ага айрым жактоочулар менен убактылуу бошотулган айыпкерлердин келбей калганы негиз болду.

Бирок ооруканадан келген Гүлнара Жамгырчиева тиешелүү органдардан расмий чакыруу маалымдалбаганын ырастады:
Гүлнара Жамгырчиева (ортодо)

- Мисалы мен бүгүн сот болоорун ооруканадан өзүм эле угуп келдим. Азыр убактылуу бошотулуп, бирок айыпкер катары эсептелген да балдар бар болчу алар да укпаптыр. Расмий чакыруу кагазын бердик дегендери калп сөз. Сотко прокурору да, катчысы да ага далил кагаздарын көрсөтө албай койбодубу.

Гүлнара Жамгырчиева 1 айдан ашык камакканада жатканда күч органдары баарын сабап жаздырган көрсөтмөлөрү жөнүндө да айтып берди.

4-сентябрдагы сот ишине тиешелүү тараптарды камсыз кылуу милдети боюнча Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбиевге кайрылдык.
Балыкчы шаар сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбүев

"Азаттык":- Келбей калган тараптарга билдиргенсиңерби?

Сот: - Жактоочуларга айтылган, соттолуучуларды болсо айыптоочу тарап камсыз кылуу керек болчу.

"Азаттык": - Демек алардын күнөөсү экен да?

Сот: - Эми күнөөсү деп айта албайм, алар арсмий чакырдык деп атпайбы ...

Бир жарым айдан бери камакта жаткандардын бошотулаарына үмүт арткан ата-эне, жубайлар сот иши болбой калганына нааразыланды. Анткени куралданган милиция кызматы сот залынан аларды жакындары менен учураштырган жок.
Сот залында

- Булар атайы ишти 25-сентябрга чейин чоюп атат. Атайын адвокаттар менен айрым соттолуучуларды чакырткан жок, “келген жок” деген шылтоо менен дагы артка жылдырды. Бийликтегилер мыйзамды өз кызыкчылыгына гана буруп иштетет.Эми жок дегенде алып келген тама- аш, кийим кечегибизди бердиртсе болбойт беле.

Камактагы Бакыт Асанакуновдун жубайы Гүлсүн ушинтип сүйлөгөндөн кийин таяк менен басып жүргөн эне бизге колун сунуп ый аралаш мындай деди:
Айыпталуучу Белек Касымовдун ата-энеси

- Нарын облусунун Ат-Башысынан келдим. Белек Касымовдун энесимин. Тун уулум. Камалганын уккандан бери уйку жок.Эми киши өлтүрбөсө, эч нерсе уурдабаса, эмне мынча кыйнайт.

80ге чукулдап калган Бурул эненин уулу Белек Касымов Балыкчы шаарындагы көйгөй - коррупцияны ачык айткандардын бири, шайлоо убагында болсо оппозициядан президенттикке аттанган А.Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнөн болгон.

23-июлда президенттик шайлоонун таза өтпөй атканына нааразылык менен чыккан 14 шайлоочуга Конститутциялык түзүлүшкө каршы чыккан, шайлоого тоскоолдук келтирген жана баш аламандыкка жол берген деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон эле. Бирок жактоочулар тергөө бир жарым айга созулса да, айып кагаздары менен толук тааныштырылбай атканын айтышкан.

Бул боюнча Балыкчы шаарынын прокурору Аким Айтпаевге кайрылдык.

"Азаттык": - Жактоочуларды эмне үчүн тергелген иштин жагдайы менен толук тааныштырган эмессиңер?

Прокурор: - Баары менен тааныштык деген адвокаттардын колу турбайбы.Эгерде кайра таанышабыз десе кайра өтүнүч келтирсин, аны чечебиз ал көйгөй деле эмес.

Ошентип Балыкчы жаңжалы менен камалгандардын биринчи соту болбой калганына нааразыланган жакындары соттун имаратынын алдында "Балдарыбызды соттосо 2005-жылы ыңкылап жасагандарды бүт соттосун. Бакиев өзү баш болуп Ак үйдүн алдына чыкпады беле", - дешип, шайлоонун арты менен камалгандар бийликтин адилетсиздигинен бошотулбай атканын айтып ыйлышты.

XS
SM
MD
LG