Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Д. Ошурахунова: Мени коркуткулары келсе керек


Бүгүн “Манас” аба майданында чек арачылар тарабынан бир сааттай кармалган “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Д. Ошурахунова муну коркутуу катары баалайт.

- Динара айым, бүгүн “Манас” аба майданында сизге байланыштуу кандай окуя болду, ушул тууралуу айтып берсеңиз алгач.

- Мен жарандык коомду өнүктүрүү боюнча Йоханнесбургдагы чоң жыйындан келаткам. Бишкекке эртең мененки саат төрттө келип, паспорттук көзөмөлдөн өтүп атканда менин паспортумду кечке карашап сүйлөшүп башташты. Эмне болду десем эч ким эч нерсе айтпайт, туруп туруңуз деп койду. Анан мен өзүм сурап баштадым, эмне болуп атат десем, “эже сиз туруп турңуз, мен айтпадымбы күтүп туруңуз”, - деди. Мен эртең менен төрттө учуп келдим, абдан чарчадым, ооруп атам десем, “бизге УКМКдан маалымат түшкөн, ошону биз азыр текшеришибиз керек” дешти. А бирок эмне маалымат экени тууралуу эч нерсе айтып бере алышпады.

- Сиз өзүңүз бул окуя эмне себептен болду деп ойлоп жатасыз?

- Мен билбейм, эмнеге болуп атканын. Биринчиден, мага эч нерсе айтып берген жок. Анан жарым сааттан кийин дагы башка бирөө келип сиз каяктан келатасыз деди. Мен чогулушта болдум, эмне болду, мен эмне бир нерсе жасадымбы десем. “эмне билбейсиңерби?” -деп кайра менден сурайт. Жок мен билбейт экенмин, мен бир жума Бишкекте болгон жокмун, ошон үчүн эмне болуп атканын билбейм десем, жооп беришпей качып кетип атышты. Бир сааттан өтүп калгандан кийин ошолордун башчысы болуш керек, иши кылып бирөөсү менин артыман кете бергиле деп, каякка алып бараарын айткан жок. Ушундай нерселерди көрүп абдан нааразы болдум, анткени мен өзүмдүн Кыргызстаныма келдим, бирок ушундай болоорун эч качан ойлобоптурмун. Анан бир убакта ошол жердеги чек арачылардын жетекчиси келип “кечирип коюңуз, бир аз катачылык болуп калыптыр дейт. Эмне катачылык десем, паспортто катачылык бар экен дейт. Бирок мен ойлойм, бул деген чындыгында катачылык эмес, алар менин чыр чыгарам дегенимди көргөндөн кийин, өзүмдун укугумду билген үчүн балким булар токтотуп же кайра сүйлөштү, анан аларга “коюп жибергиле” деген буйрук берилди болуш керек.

- Бул окуяны мындан ары иликтөө үчүн кандай бир кайрылууларды жасайсызбы?

- Сөзсүз. Акыйкатчыга, парламентке, президентке ачык кат аркылуу кайрылам.

- Бул иштер сиздин “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясын жетектеп, бир катар саясий долбоорлорду аткарууңузга байланыштуу эмеспи?

- Мен аны билбейм, бирок бул коркутуу болуш керек. Эми мен өзүмдүн өлкөмө келип, өз үйүмө кире албаганым эмне дегендик?

-Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG