Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Караколдо ачкачылык акциясы токтоду


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө, Балыкчы, 4-сентябрь, 2009-жыл.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө, Балыкчы, 4-сентябрь, 2009-жыл.

Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, Караколдо тергөө абагында отургандар ачкачылык акциясын токтотушканын алардын адвокаты Айбек Жанузаков “Азаттыкка” айтып берди.

- Айбек мырза, Балыкчы окуясы боюнча ачкачылык кармагандар ден соолугуна байланыштуу ачкачылык акциясын 29-октябрда кечинде токтотушуптур. Алардын талаптарына, ден соолуктарына бийлик тараптан көңүл бурулдубу?

- Так саны 11 киши камакта, алардын ачкачылык жарыялаганы чын, 26сы күнү түштөн кийин башташыптыр, мына 28и күнү түштөн кийин кечки тамакта аргасыздан ачкачылыкты бузууга мажбур болушуптур. Себеби жогоруда айтылып кеткендей арасында ден-соолугу начар адамдар, карылар бар. Алардын ден-соолугу өтө начарлап кеткендигине байланыштуу ачкачылыкты бузууга туура келиптир. Мен кечээ ошолордун арасындагы Бообеков Мирлан менен маектештим, атайын абака бардым акыбалын билүү үчүн, кирип абактын жетекчиси Эрнис мырза менен дагы сүйлөштүм. Алар айтты, абакта жаткандарга жакшы эле көңүл бурулуп атты, ичинде медициналык жактан жардам берилип атты, азыр дагы көзөмөлдө болуп атат дейт. Жогору жактагы көзөмөл кылуучу органдардан да келип карап кетип атышыптыр.

- Адвокаттар жана айыпталып жаткандар ишти карап жаткан судья Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөй турганын жарыялашкан. Бул маселе кандай каралып жатат, сот жараяны качан уланат?

- Бул маселе боюнча ишенбөөчүлүк көрсөтүп Балыкчыдан арыз жазышты эле, аны Балыкчы шаардык соту четке каккан. Ошол токтомго карата айыпталуучулар облустук сотко жеке даттануу жазышкан, бул иш 3-ноябрга дайындалды. Облустук сот ошол күнү карашы керек

- Анда жаңы судья коюлушу мүмкүнбү бул ишти карай турган?

- Албетте, каралышы мүмкүн. Кандай каралаарын, маселе чечилер-чечилбесин азыр айтыш эрте.

- Ушул коюлуп жаткан айыптарга негиз бар деп ойлойсузбу, массалык баш-аламандык, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, шайлоого тоскоолдук кылды деген оор айыптарга?

- Андай оор айыптарга негиз иш боюнча жок. Болгону элдер чогулуп өзүнүн нааразычылыгын айтуу үчүн мэриянын алдына баргандыгын айтышат. Бирок эч кандай ал жерден имаратты сындырып, курал-жарак көтөрүп барбаганын айтып атышат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG