Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Э. Сатыбалдиев: “Саясий куугунтукту" түшүнбөйм


Баш прокурор Балыкчы жана Петровка окуяларында айыпталгандарга саясий куугунтук жасалганын четке кагып, аны кылмыш куугунтугу деп атады.

- Элмурза мырза, Балыкчы жана Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандарды Бириккен элдик кыймыл саясий куугунтук деп эсептешүүдө. Бул боюнча башкы прокурор катары эмне дейт элеңиз?

- Мен бул жерде бир сөз менен айтсам, саясий куугунтук жок. Кандай эле саясий куугунтук болот? Бул - кылмыш куугунтугу. Менде андай түшүнүк жок, саясий куугунтук дегенди мен китептен окуганым жок, университетте андайды көргөнүм жок, жумуш кылып атып көргөнүм жок. Ар бир инсан өзүн акташ үчүн саясий куугунтук деп алып кете бериши мүмкүн. Бирок саясий куугунтук жок. Бул эки ишти, Балыкчы жана Петровка окуялары боюнча иштерди прокуратура кызматкерлери бүтүргөн.

- Генерал Исмаил Исаковдун сотуна катышып жүрөбүз. Азыр күбөлөр дагы Исмаил Исаковду актап атышат. Прокуратура кызматкерлери туура эмес иш жүргүзгөн деп эсептелип калбайбы кийинчерээк сот актап чыкса?

- Сот актап чыкса ошондой деп эсептелинип калышы мүмкүн. Бирок азыркы күндө соттун чечими жок, бир нерсени айтыш кыйын.

- Ал эми “Ата Мекен” партиясы энергияга балардын көтөрүлүшү боюнча нааразылык билдирип, социалдык массалык акция өткөрөбүз деп атышат. Эгерде бул акция өткөрүлүп калса, акцияны уюштургандар деп дагы жоопко тартуу, тигиндей-мындай процесстери жүрбөйбү. Ушуга кандай карайсыз?

- Биринчи болсунчу, мен укпаптырмын андай акция болоорун. Менде андай маалымат жок экен. Эгер акция кылса, биз текшерип көрөбүз, эмне деген акция, туура акциябы, туура эмеспи, мыйзамга жатабы, жатпайбы, ошого карата иш чара көрөбүз.

- Бир жылдын ичинде эле жети журналистке кол салуулар болду. Ушул боюнча прокуратура тарабынан кандай иликтөөлөр болду жана алардын кесиптик иштерине байланыштуу же жеке иштерине байланыштуу деп айырмаландыбы?

- Бул жети факты боюнча Ички иштер министрлиги тергөө амалдарын жүргүзүп атат. Исаевдин иши азыр ачылган этабында турат, калгандарынын кылмыш иши ачылып, соттолгону сотко жетти, сотко жетпегени азыр тергелип атат. Прокуратура органдары өз кызматы боюнча көзөмөл иретинде карап турат.

- Соңку убакта өлкөдө өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча сунуштар айтылууда. Ушуга сиз кандай деп карайсыз. Өлүм жазасын кайра киргизиш керекпи?

- Мен туура эмес деп карайм. Мен өлүм жазасын кайра алып келиш керек деп айта албайм. Себеби биздин Баш мыйзамда ал нерсе алынган.

- Азыр коомчулук өкүлдөрүн мурдагы президент Аскар Акаевдин мүлкүнө байланышкан иштер да кызыкдырат. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин жүздөн ашуун кылмыш иши козголду эле, бүгүнкү күндө мына ошолор кандай болуп атат жана канчасынын бети ачылды?

- Бул боюнча 98 кылмыш иши козголгон, бүгүнкү күндө 18 кылмыш иши турат. Калган кылмыш иштер бири-бирине кошулуп, кээ бир кылмыш иштер сотко кеткен. Азыр болсо 18 кылмыш иши бар, биздин өндүрүштө турат. Тиешелүү адамдар жоктугунан издөө жарыяланган.

- Аксы окуясы боюнча сиз башкы прокурор болгондо чекит коем дедиңиз эле. ошого чекит коюлдубу?

- Аксы окуясы боюнча бүгүнкү күндө биз чекит коюп, ар бир айыпкер өз жазасын алган. Башка кайрылбай турган кылып чекит койгонбуз.

- Негизи прокуратура органдары мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган болуп эсептелет эмеспи. Көптөгөн мыйзамдар чыгып атат, ошолордун аткарылышына сиздер көз саласыздарбы?

- Мыйзамдын чыгышына көз салбайбыз, аткарылышына көз салабыз.

- Негизи элде мыйзамдар жакшы аткарылбай жатат деген ойлор айтылып атат?

- Кыргызстанда чыккан ар бир мыйзам, же актылардын үстүнөн прокуратура көзөмөл кылат.

- Ошол мыйзамдар аткарылбай атат дегенге кандай карайсыз?

- Аткарылбаса анда биз карап туруп, кайсы мыйзам аткарылбаса ошону жазышыбыз керек ким аткарбай атканын.

- Маегиңизге рахмат.

Э.Сатыбалдиев: "Айлыгым үй-бүлөмө жетет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG