Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Н. Турдубекова: Социалдык жетимдер көбөйүүдө


БУУнун балдар укуктары жөнүндө Конвенциясы кабыл алынганына эртең 20 жыл толот. Буга байланыштуу Кыргызстандагы балдар укуктарынын абалы тууралуу Балдар укуктарын коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекованы сөзгө тарттык.

- Бүгүн Кыргызстанда балдардын укуктарына шек келтирген мүнөздөгү көрүнүштөр барбы, эгер болсо кайсылар?

- Кыргызстан 1994-жылы Балдар укугун коргоо конвенциясын ратификациялаган. Бирок ушул күнгө чейин балдардын укугун коргоо боюнча өкмөт тараптан жетиштүү иштер жасалган жок. Биринчиден, жетим балдар үйлөрү бизде эки эсе көбөйүп кетти. Азыркы учурда 5 миңден көп бала балдар үйлөрүндө кармалат. Бул балдардын укугу бузулуп атканы биринчиден ошол үй-бүлөгө тиешелүү. Экинчиден, баладан сурабай эле, алардын ал-акыбалына карабай, жергиликтүүлөр жардам бербей эле шагыратып эле балдар үйлөрүнө өткөрүп атышат.

- Назгүл, ушундай жагдай эмнеден улам түзүлүп атат. Ата-энелердин кайдыгерлигиненби, же башка себептер барбы, же жашоо-тиричиликтин начардыгы ушуга алып барып атабы?

- Биринчиден, ата-энелер өзүлөрү жумуш издеп, балдарын кое турган жер жок болгондуктан көчөдө калгандан көрө балдар үйүнө өткөрөлү деп, өздөрү жумуш издеп кетип атышат. Бирок акчага абдан муктаж, начар жашагандар же ата-энеси ичип кеткендердин балдары шак эле өткөрүлөт. Бирок аларды балдар үйүнө өткөрүү сот аркылуу каралыш керек. Азыркы учурда ар бир акимиаттын алдында балдар иши боюнча комиссиялар бар, ошолор аркылуу эле өткөрүп атышат. Муну менен балдардын укугу бузулду десек болот. Эгерде сот аркылуу каралганда анда эмне себептен балдар үйүнө өткөрүү керектиги суралат да.

Анын үстүнө Кыргызстанда азыркы учурда мйзам жакшы иштебейт. Калкты социалдык тейлөө мыйзамынын чегинде өкмөт ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө, муктаж болгон балага ар бир жергиликтүү бийлик жардам бергенге милдеттүү. Мыйзам болгондон кийин каражат болуш керек. Азыр каражат жок деп жатышат. Бирок биздин оюбузча, азыр республикалык бюджеттен жетим балдар үйүнө кетип аткан акчаларды эгерде акимиаттан айыл өкмөттөрүнө жиберсе анда муктаж болгон ар бир балага жана энеге жардам берсе, анда көп балдарды балдар үйүнө жеткирбей алып калат элек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG