Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Укук коргоочу Тимур Шайхутдиновду сабап кетишти


Укук коргоочу Тимур Шайхутдинов, 2010-жылдын 13-марты
Укук коргоочу Тимур Шайхутдинов, 2010-жылдын 13-марты

Ишемби күнү кечинде жаш укук коргоочу Тимур Шайхутдиновду белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Укук коргоочунун санаалаштары муну саясий өнүттөгү иш катары баалашууда.

Акыйкатчы институтунун алдындагы Жаштардын жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңештин лидери Урмат Казакбаев “Азаттыкка” билдиришинче, кол салуу ишемби күнү кечке маал, ал иштеген кеңсенин кире беришинде болгон. Укук коргоочуну азиат улутундагы эки жигит эч себепсиз эле, эч нерсе айтпай-дебей ур-токмокко алган. Андан Тимру Шайхутдинов өтө олуттуу жаракат алган жок.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип ишти иликтей баштады. Аталган кеңеш 2009-жылдагы Кыргызстандагы жаштардын укугу боюнча баяндама даярдаган. Анда былтыр жаштардын укугу айрыкча президенттик шайлоо маалында бузулганы белгиленген.

Т. Шайхутдинов уюлдук байланыштын алтымыш тыйынга кымбатташына каршы жаштардын акциясына да катышып жүргөн. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстанда соңку учурларда ур-токмокко алуу күчөгөнүн айтып тынчсызданып келишет.

XS
SM
MD
LG