Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

А. Абдрасулова: Адвокаттарга кол салуулар күчөп кетти


Азиза Абдрасулова, укук коргоочу.
Азиза Абдрасулова, укук коргоочу.

Укук коргоочу А. Абдрасулова июнь коогасы боюнча сот жараяндарына катышып жаткан жактоочулардын коопсуздугуна байланышкан жагдай тууралуу суроолорго жооп берди.

- Өкмөттүк топ түштүктөгү июнь коогалаңы боюнча сот жараяндарына катышкан айрым адвокаттарга кол көтөрүү фактыларынын чын бышыгын иликтөө үчүн, маселени жеринен чечүү үчүн түштүктө жүрүшөт. Бул маселенин жөнгөрүүнүн кандай жолдору бар, сиздер кандай жолдорун сунуштайсыздар?

- Эң биринчи мыйзамдуулук керек. Бардык жерде мыйзам орноп, мыйзам иштесе анда талаш-тартыштар аз болот, же таптакыр болбойт. Бул адвокаттарга кол салуу, коркутуп-үркүтүү бир гана жабыркагандардын тууган-уруктары тарабынан, жай айларында күч органдары тарабынан болгон. Адвокат Томинаны күч менен Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн сүйрөп чыгуу, адвокат Тайыр Асановго автомат такоо фактылары тууралуу биз июль айында Баш прокуратурага дагы, биздин Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаевага дагы расмий түрдө кайрылганбыз.

Ошондо бул башталышы болчу. Андан кийин улам сот жараяндарында күчөп отуруп, акыры адвокаттарды сабап, кол көтөргөнгө чейин барды. Адвокат деген бул дарыгерлер, укук коргоочулар сыяктуу эле эч жака тартпастан, калыс турган, бирок ошол эле убакта керектүү кесип да. Адвокатсыз бир дагы сот жараяны болбойт дагы, жакшы болду деп дүйнө жүзү кабыл алалбайт дагы. Ошондуктан адвокаттарга кол көтөрүү, басым жасоо бул одоно түрдө мыйзамдардын бузулушу, мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек, жабырлануучу тарап дагы, сотолуучу тарап дагы.

- Жогорку сот адвокаттарды сот процесси маалында эмес, сыртта уруп кетип жатышат деп билдирип атышат. Адвокаттар өздөрүнүн коопсуздугун өздөрү да камсыз кылуу чараларын көрүшү керекпи?

- Адвокаттар өздөрүнүн коопсуздугун өзүдөрү көрө албайт. Ал мамлекеттин түздөн-түз милдети. Эч убакта адвокат жасоолдорду, же кайтаруучуларды алып жүрө албайт, адвокаттарда андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан соттун жакшы, туура, акыйкат болушу, ошол эле убакта адвокаттардын коопсуздугу мамлекетке жүктөлөт. Жогорку соттун жообу эң туура эмес, айласы жоктун эле жообу, сот залында эмес, башка жактан уруп атат деген. Мисалы Тайыр Асанов сот залында сабалды, Назгүл Сүйүнбаева сот залынан чыгып баратып сабалды, Ноокенде Томинаны сот залында стакан менен чабышкан. Мунун бардыгы сот залында болуп атат. Ошол эле убакта ал сот залында эмес, адвокат үйүндө, көчөдө сабалса дагы өзүнүн кесиптик ишине байланыштуу сабалса, мамлекет түздөн-түз жооп берет. Себеби ал өзүнүн кесиптик кызматына байланыштуу сабалып атпайбы. Ошол эле убакта журналисттер, дарыгерлер, укук коргоочулар өзүлөрүнүн кесиптик иши боюнча кандайдыр бир көчөдө, үйүндө, же транспорттордо сабала турган болсо ага мамлекет түздөн-түз жооп берет.

- Азиза айым, укук коргоочулар ошол сотто жабырлануучу болуп катышып жаткандарга кандай жардам бере аласыздар?

- Биз жабырлануучу болуп, ошол эле убакта жоопкер болуп катышып жаткандарга дагы бирдей мамиле жасайбыз. Жабырлануучу тарапка эгерде адвокаттык, же укуктук жардам керек болсо бизге түздөн-түз кайрылса биз аларга дайыма өзүбүздүн кеңешибизди жана адвокаттык жардамыбызды берүүгө даярбыз. Бизге ким кайрылса биз ошол тарапка жардам берип атабыз.

- Ушул маселе боюнча укук коргоочулар нааразылык чарасына чыкканы жатыптыр...

- Ооба, биз эртең Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыгабыз. Себеби бул көзөмөл орган жана ар бир жарандын коопсуздугу корголушуна, ошол эле убакта Кыргызстанда мыйзамдуулуктун орношуна Башкы прокуратура түздөн-түз жоопкер. Ошондуктан биз Башкы прокуратурага сот жараяндарында сотолуучулардын, жабыркагандардын, адвокаттардын, күбөлөрдүн, журналисттердин, укук коргоочулардын укугу корголушу алардын коопсуздугу сакталышынын талабы менен пикетке чыкканга аргасыз болуп атабыз. Себеби адвокаттарга, журналисттерге, укук коргоочуларга, дарыгерлерге кол салуу көрүнүштөрү бүгүн күчөп кетти.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG