- Кубаныч, кантип калдың?
- Кудайга шүгүр жакшы бүгүн.
- Окуя кайсыл маалда, кандай жагдайда болду эле? Муну сураган себебим милиция бирди айтса, редакция жетекчилиги башкача баяндап, ырааттуулук жок болуп атат да?
- Орусиядан бир досубуз келип, "Ак-Тилек" деген чайханада чай ичип отурганбыз. Саат 12ге жакындап, электр жарыгы өчөт дегенде чыкканбыз ал жактан. Ошол жерде тааныш бала бар экен, Бакыт деген айдоочу. Аны менен Сейтек деген доубуз сүйлөшүп, Шамшар деген дос, анын аялы, бала-чакасы, анан мен болуп отурганбыз таксиге.
Фурхатка аларды таштап, кайра келе жаткан жолдо МАИ деп калды, айдоочу чыгып кеткенден кийин унаанын эшигин бирөө ачып, "кимдер бар бул жакта?" - дегенде мен бар деп түштүм. Барсам, айдоочуга кысым жасап атышыптыр, "сен массың, бас текшеребиз" деп. Чынын айтканда айдоочу таксист болсо, "аке, кетип калайын, бензин кымбат болуп атканда, көрүп турасыңар соп-соомун, үйлөп атам го, жыттанбай эле турат го", - деп аябай жалдырады. Аны түртүп, текшеребиз деп кысым жасап атканда менин жиним келип кетти. Ичкен адам менен ичпеген адамдын айырмасын билбегенден кийин кантип МАИ болуп жүрөсүңөр, салыштыргыла экөөбүздү, мен ичкем, бул бала ичкен эмес, кое бергиле, мени үйгө жеткириш керек бул деп айтып атсам, "сен кыйынсыңбы, кыйкырба, үнүңдү көтөрбө, сен кимсиң, кайдан түшкөн немесиң" деп башташты. Мен журналистмин, шаардык гезитте иштейм десем, "журналист болсоң эмне болуптур, журналист айдан түшүптүрбү" деп кайра мага басым жасаганга өтүштү.
Артынан автоматчан бирөөсү келип туруп, мойнуман кысып, ийнине салып, куушуруп барып кайра токтотту. Анткиче болбой автоматчан кызматкери менен МАИнин кызматкери машинеге отуруп калышты. Машинаны жүргүзүп аткан экен. Мен барып машинанын эшигин кармай калсам, мени көкүрөктөн ары түрттү дагы, мен талаада каламбы десем, "сенин кайда калганың менен биздин ишибиз, чатагыбыз канча", - деп эшикти жаап туруп айдап кетип калышты.
- Жол кооопсуздугу кыймылын көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү сен түшкөн таксини эмнеге тосконун билесиңби? Кийин ошол МАИчилердин кимдиги такталдыбы?
МАИ кызматкерлеринин кимдиги такталып, азыр сурак берип атат дешти. Бирок кызык жери айдоочунун соо экендигин көрүп, билип туруп эле, аны мажбурлоо жолу менен алып кетип, мени болсо талаага атайлап таштап атышпайбы. Биз кетип атканда ал жерде МАИ кызматкерлери жок эле, келе жатканда кайдан пайда болуп, кантип тосконуна мен да таң калып атам. Мени болсо атайлап таштагандай болуп атат.
- Кубаныч, жакшылап эстесең, сени сабаштан мурда адегенде эмне дешти? Урган адамдар чөнтөк телефонуңа тийишпедиби? Бирөө жарымына чалганга мүмкүнчүлүк болбодубу?
- Мүмкүнчүлүгүм жетишпей калды. Менин ага чейин чөнтөк телефонум бар эле, МАИлер кармаганда эле чалайын дегем, бирок батарейкасы отуруп калган экен. Пресс-кызматынын жетекчилигине чалып, бизди болбогон жерден мыйзамсыз кармап алып минтип атат деп айтайын дегем. Тиги үч жигит 5-6 метр жерден чыга калып атпайбы. Үчөөнүн алдынан бирөөсү келип туруп эле мени көкүрөкө тепти. Биринчи соккудан кийин эле жыгылып түшкөндө тепкилей башташты. "Оозуңду чоң ач, тилиңди чыгар" деп атты. Билбейм, же өтө катуу корккомунбу, бирок тилимди чыгарбаптырмын. Денеме тепкилеп, бирок бетиме тепкен жок.
- Ооруканага кимдер жеткирди?
- Бири-бири менен күлүп сүйлөшүп атышты да, кыргызча, орусча аралаштырып, "эмне экен, "писарь" бекен" деген сөздү кулагым укту, калганын укпай калдым. Качып кетиштиби, же жөн эле өздөрү кетиштиби билбейм, бир маалда эсиме келсем машинада баратыптырмын. Дагы эле оор абалдамын, мындай карасам мойнуман кан агып атыптыр. Жашы өтүп калган өзбек киши экен, "пешенең бар экен, мен жок болсом канн сырап калмак экенсиң", андай-мындай деп айтып кетип атты. Оорукананын оозуна таштап туруп, "баса аласыңбы" деди, басам десем, "кароолчу да чыгышы мүмкүн, бул жерден сени алып кирип кетишет, менин шашалыш иштерим бар эле", - деп кетип калды.
- Акыркы мезгилде «Ош шамына» кандай өңүттөгү материалдарды жазып жүрдүң эле?
- Жергиликтүү элдин көйгөйүн, шаардык кызматтар, коррупциялык системалар эмне болуп атат, шаардык бийликтердин калкка кылган мамилесин иликтөөгө алган материалдарды пландаштырып, ошол боюнча иштей баштаганбыз. Акыркы чыккан санында Ош мамлекеттик университетинин ректорунун айрым ишмердүүлүгүнө багытталган макала басылган эле. Кийинки санына да анонс бергенбиз, Масалиев көчөсүнүн 81 жашоочуларынын атынан биздин редакцияга арыз түшкөн, ошол жерде 6-7 үйдү сойкукана кылып жашоочуларга тынчтык бербей аткандыгы, ал жерде милиция кызматкерлери келип "калкалайт", акча алып кетет деп жашоочулар өздөрү айтып берген маалыматтар бар эле. Ошонун негизинде шаардык милициянын коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Расул Исмановдон маалымат алганбыз. Ал киши милиция кызматкерлеринен аларды "калкалагандар" болсо, жетекчилик тарабынан көрсөтмө бар, аларды токтоосуз кызматтан алып, керек болсо кылмыш жоопкерчилигине чейин тартабыз деген болчу. Бул макала кийинки санга жарыяланмак болчу.
- ОшМУ боюнча макала жарык көргөндөн кийин коркутуп-үркүтүүлөр болду беле?
- Мен өзүмө жекече эч ким телефон чалып, же түздөн-түз келип коркутуп-үркүткөн жок. Бирок биздин гезиттин башкы редактору Тургунбай Алдакуловго ОшМУнун ректору өзү чалып, сыпайы, бирок ошол эле учурда басмырлоо менен, "бардык гезиттер, телевидение бербеген кийин сен эмнеге берип атасың" деп кичине басмырлаган экен. Андан кийин ректораттан дагы адамдар чалышып, "болду эми" деп коркутуп-үркүтүшкөн экен.
- Токмоктолушуңду сен өзүң эмнеге байланыштырып жатасың, бул жерде кесиптик ишмердүүлүгүңдүн тиешеси барбы же?..
- Пайгамбар эмесмин, бир жактуу айта албайм. Жөн эле кокустук, жөн эле карактоонун объектиси болдум деп айтканга негиз жок. Мени шектендирип жатканы МАИ кызматкерлеринин кокустан пайда болуп, мурда турбаган жеринде токтотуп, таксист соо экендигин көрүп туруп, мажбурлоо жолу менен алып кетип, мени талаага таштап кеткен нерсе атайлап жасалгандай. Айтмакчы ал айдоочуга кийин наркодиспансерден таза чыкканын белгилеген справка берилиптир. Анан үч адам 3-5 мүнөттүн ичинде пайда боло калып, ушунчалык ылдамдыкта өздөрүнүн койгон максатын ишке ашырып, бирок ошол эле учурда менин чөнтөгүмдөгү 1420 сомго, кол телефонума, кийим-кечеме тийбей кетип калгандыгы күмөн туудурат.
- Милиция айыпкерлер табыла электе "бейбашчылык кылган" деп кылмыш ишин козгоду? Бул тергөөнүн аягына чыгаарына, чыныгы күнөөөкөрлөр кармалып, жазаланаарына көзүң жетеби?
Эч нерсе дей албайм, тергөө жүрүп аткан учурда тергөөгө ишенбей, же болбосо мурдагы кылмыштардын бети ачылбай калат дештен алысмын. Тергөө кандайдыр бир жыйынтыктарды көрсөтсүн, ошондон кийин гана бир жактуу пикиримди айтам.
- Сен көз карандысыз дагы, ошондой эле өкмөтчүл дагы маалымат каражаттарында иштеп келдиң, андыктан, өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча эмнелерди айта алаар элең?
- Сөздүн кудурети канчалык оорлоп калганын, сын макаланын куну канча тураарын өз баш терим менен сезип атам. Убакыттын татаалдашып, оор болуп баратканын байкоого болот, көрсөтмө менен криминалдык топтордун кандайдыр бир эрежесиби, буюртма бергендердин көрсөтмөсүбү, ушундай нерселер жасалып жаткандыгы мен сыяктуу калемдештеримдин мындан аркы кесиптик тагдырына кандай таасир этет, мындан ары кандай болот, элибиз кандай коомдо жашап жатабыз түшүнбөй баратам.
- Кубаныч, кудай кааласа сакайып кетсең кесибиңе кайтасыңбы?
- Буга дагы азыр жооп бере албайм, ойлонуп көрүшүм керек. Чынын айтканда коррупцияны ооздукташ керек, коррупция жөнүндө жазыш керек деген менен, аны ишке ашыруу адамдын өмүрү, ден-соолугу менен тураарына көзүм жетти.