Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Укук коргоочу Улуттук коопсуздук кызматын айыптады


12-августта укук коргоочу Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынын өткөрүп, анда Улуттук коопсуздук кызматынын иш-аракеттерин айыптады. Укук коргоочу 5-августта “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов уюштурган митингди шылтоолоп, Улуттук коопсуздук кызматы ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун Кыргызстанга кирүүсүнө каршы чыккан жаштардын лидерлерин коркутуп-үркүтүп, камакка алып жатканын билдирди.

9-августта ЕККУнун куралсыз полициясынын киргизилишине каршы чыккан жаштар уюмдары Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүүнү пландаштырып жаткан. Токтайым Үмөталиеванын айтымында “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов уюштурган митингди УКК дал ошол жаштар уюмдарынын лидерлерин камакка алууга пайдаланган.

- Улан Сооданбеков сыяктуу жаш лидерлер такыр эле Барктабасовго тиешеси жок балдар. Барктабасовду шылтоолоп коопсуздук кызматкерлери ЕККУнун полицясынын киришине каршы болгон балдардын баарын камап жатышат. Келтек жеп, токмоктолуп, жамбаштары, кабыргалары сынган балдардын баары ошого каршы чыккан балдар. Жаштар кеңешинин Сооданбеков Улан, Аманбол деген өкүлдөрү үч-төрт күнгө отуруп чыгышты. Митинг башталганда булардын бардыгын катары менен кармай берген.

Токтайым Үмөталиева У.Барктабасовдун митингине катышкан карапайым жарандардын укуктары тууралуу да сөз козгоду. Анын баамында коопсуздук кызматкерлери “Мекен Туу” партиясында мүчөлүктө турган адамдарды да негизсиз камап, аларды мыкаачылык менен токмоктогонун айтты. Ошондой зомбулукка кабылгандардын бири Алымкул Сакалиев журналисттерге денесинен тарай элек көк-ала тактарын көрсөтүп, ал 5-август күнү УККнын адамдары агасы экөөн алып кетип, токмоктогонун билдирди.

- Байкем экөөбүз Алмата менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде турганбыз. Ошол жерден эле күбөлүгүн көрсөтүп, УККнын кишилери кармап кетишти. Алып барып эле эч сурагы жок сабай башташты. “Жаз, болгон чындыкты жаз! Канча акча алдың? Канча киши алып келдиң? Эмне билесиң?” деди. “Биз эч нерсе билбейбиз! Мен жада калса Барктабасовдун митингине деле катышкан жокмун” десем деле болбой сабай беришти.

Митингдин башка катышуучусун коопсуздук кызматкерлери түнүндө үйүнөн кармап кеткен. Бул окуянын чоо-жайын анын баласы Алмаз Акунов “Азаттыкка” мындай деп айтып берди.

- Ал да митингде катышып жүргөн. Митинг тарап, үйгө келгенден кийин үйдөн алып кетишкен. Ошо бойдон төрт күндөн кийин жанагы ГСНБнын ичинен сот болуп, ошонун ичинен санкция беришти. Сегизинен бери атам өкмөткө нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап жатат. Аны караган эч ким жок. Ага даарыгерлерди киргизген жок. Эч ким карабай эле жатат.

“Форум” гезитинин редакторунун орун басары Айбек Шамшыкеев Токтайым Үмөталиеванын билдирүүсүн саясий упай топтоо аракети катары баалады. Айбек Шамшыкеевдин айтымында, учурда Кыргызстандагы кырдаалды тынч деп айтууга болбойт. “Дал ушул себептен күч тармактарынын кызматкерлеринин мындай кадамдарга баруусу - өлкөнүн биримдигин сактап калууга багытталган чаралары” дейт ал.

- Күч тармактарынын кызматкерлери мамлекетибиздин келечегин, тынччылыгын көздөп, учурда жол берилип кетип жаткан саясий башаламандыктарды тыгыз көзөмөлгө алып, катуу чараларды көрүү – бул мезгилдин талабы. Ошондуктан Токтайым Үмөталиева Барктабасовду колдоп чыккан митингчилерди урду, сабады деген маалыматты таратканы элдин кыжырын келтирген эле нерсе болуп калды. Себеби жалпы эл барктабасовчуларды мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген адамдар катары баалашууда.

Жогоруда кеп болгон фактылар тууралуу комментарий алуу үчүн “Азаттык” Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы менен байланышканда ал азырынча бул тууралуу эч кандай маалымат бере албасын айтты.

XS
SM
MD
LG