Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кыргыз кызы чет өлкөдө он миң долларга бааланат


Оштогу “Голден Гоал” аттуу коомдук бирикме Кыргызстанда адам сатуу өнөкөтү жыл санап күчөп жатканына кабатырлануусун билдирди. Эл аралык адистердин маалыматы боюнча, 2007-жылы 4 миң кыргызстандык атуул чет өлкөдө кулчулук азабын тартса, 2008-жылы бул көрсөткүч 5 миң адамга жеткен.

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын ырастоосунда, адам сатууга дуушар болгондордун 70%ы Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна бааланышат, ал эми 30%ы Түркия, Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка кабылышат.

Эксперттердин ырасташынча, чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын дээрлик 30%ы ар кандай мыйзамсыз фирмалар же ортомчу шылуундардын тузагына илинип, сатылууга дуушар болушат. Бул көрүнүшкө көбүнесе калктын 60%ы жакыр жашаган түштүк аймагынан баргандар кабылышат дешет алар.

Оштун тургуну Сажида Рахманова бир жыл бою Казакстандын тамеки талаасында акысыз иштеп, кулчулуктун азабын жон териси менен сезип кайткан:

- Ал жерде жарык да жок экен. Чөл десем болот. Тамеки эктик, аны карадык, ачка болгонубузга карабай түнкү саат он экилерге чейин иштечүбүз. Кайра эле таңкы саат алтыда иш башталат. Ошентип араң кайтып келдим.

Укугунан ажыратылган мигранттар

Сажидага окшоп белгисиз адамдар эле жакшы маяналуу жумуш сунуш кылса, эмгек келишимин карабай унчукпай кете берип, бат эле кулга айланып калгандар бул аймакта жүздөп саналат. Алардын айрымдары качып келүүгө аргасыз болсо, көпчүлүгү жылдап акысыз иштеп, жугуштуу ооруларга да кабылышат.
Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен.


Дал ушундай оор турмушка кабылган кыргызстандыктардын саны жыл санап көбөйүүдө, дейт “Голден Гоал” уюмунун президенти Алишер Мамажанов:

- Эл аралык эксперттердин берген баасы боюнча, сатылган адамдардын саны бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу миң адамга көбүрөк болгон. Мисалы, өткөн жылы 4 миң адам сатылды деген маалымат болсо, 1 жылдан кийин бул сан 5 миңге чыкты. Биздин уюмдун баасы боюнча, алардын 70%ы эмгек кулчулугуна, 30%ы сексуалдык кулчулукка сатылышат.

Ош облустук миграция кызматтары 2009-жылдын алгачкы алты ай ичинде эле адам сатуу факты боюнча он кылмыш иши козголгонун, бул жаатта укук коргоо органдары да жигердүү иштеп жатканын белгилешет. Бирок бейөкмөт уюмдар миңдеген адамдар мыйзамсыз сатылып жаткан бул аймакта мындай аракет жетишсиз экенин айтышат.

Коңгуроо качан кагылат?

“Голден Гоал” уюмунун жетекчиси Алишер Мамажановдун айтымында, сексуалдык кулчулукка бааланган кыздар миңдеген долларга сатылат:

- Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен, эгерде ал турмуш кура элек кыз болсо 10 миң долларга чейин болот дешет.

Ал эми Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна сатылгандар, сексуалдык кулчулукка сатылгандарга караганда, алда канча арзан бааланары айтылат. Бирок дегеле кулчулук азабын тарткан атуулдар психологиялык, моралдык, материалдык жактан оор жабыр тартканы аз келгенсип, жугуштуу ооруларга да кабылып жатышат дейт миграция боюнча эл аралык уюмдун түштүктөгү координатору Химия Сүйөркулова:

- Мындай окуялар бар: Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен. Ал кыздар күндүз тамак-аш жасап, кир жууса, түнкүсүн сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышат. Демек бир адамда эмне оору болсо, ал баарына таркайт да. Ошондой оор акыбал болуп жатат.

Бирок кыргыз бийлиги миндеген мигранттар тушугуп жаткан мындай көрүнүш тууралуу дээрлик ооз ачпайт, тескерисинче, президент баш болуп мигранттардын сырттагы жашоосу жакшы экенин дайыма белгилеп келишет.
Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен.


Бейөкмөт уюмдар болсо кулчулукка сатылган кыргыздардын саны улам артып, кыз-келиндер Араб Эмираттарында 3 миңден 10 миң АКШ долларына чейин бааланып, азап чегип жатышканына коңгуроо кагышууда. Эксперттер дүйнө жүзү боюнча адам соодалоодон 7 млрд. доллардан ашык киреше түшөрүн ырасташкан.

"Азаттыктын" архивинен: Мигрант экспресс: Кош кал, Дүйшөмбү

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG