Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Депутатты аткан деп шектелген адамдын абалы начар


Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. 14-апрель, 2009-жыл.
Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. 14-апрель, 2009-жыл.

Депутат Санжар Кадыралиевди өлтүрдү деген шек менен УКМКнын тергөө абагында жаткан Алтынбек Итибаев азыр шал болуп, сүйлөй албай жатат. Адвокат Токтогул Абдиев ал буга чейинки көрсөтмөлөрүндө депутатты өлтүрүүгө эмне себеп болгондугун так айтышы кимдир бирөөлөр үчүн жагымсыз болгон деген күмөн ойдо экенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Токтогул мырза, адегенде бул кылмышка шектелип жаткан Алтынбек Итибаевдин азыркы абалы тууралуу айтсаңыз.

- Менин кыймылымды булар чектеп, мыйзам чегиндеги процессуалдык аракетимди бууп салышты. Мен Алтынбекке жолукканга 29-апрелден майдын 5ине чейин уруксат ала албай койдум. Баары менден качып, акырында бешинде 4-майдагы уруксатын берип атышат ИВСке барып жолуксун деген. Ошол уруксат бергенде Итибаев Алтынбек УКМКнын тергөө абагында болчу, анан кийин урушуп атып тергөө башкармалыгын башчысынан бешинде уруксат алганбыз кирели деп. 6-майда жолукканымда Алтынбектин дени-карды таза болчу. Экинчи жолу сегизинде жолукканбыз, сегизинде саат төрттө кирип экөөбүз жакшы эле бир топко сүйлөшкөнбүз.

Он биринде саат он бир жарымда мага тергөө бөлүмүнүн башчысы Ноорузбаев чалып, "сиз жактаган Итибаевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу тезирээк келиңиз" дегенинен саат экиде тергөөчү Карасартов экөөбүз абакка кирсек колу-буту шал болуп жатып калыптыр. Тактап жакшылып айта алган жок, бирок ошол эле Алтынбектин, анан жанагы СИЗОнун кызматкерлеринин сөзү боюнча ал бир сутка сыз полдо жатып калган шал болуп. Эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Жардам көрсөттүк деп бизге он биринде саат экиде айтып атышат. Эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Дары-дармек берилген эмес, тез жардам да чакырган эмес. Кечээтен бери ар кайсы органга кайрылдык, Башкы прокуратурага да кайрылдык, тергөөчүлөргө да кайрылдык. Биринчиден, СИЗОнун кызматкерлеринин шалаакылыгы, же кызмат абалынан кыянат пайдаланып атайын кылганбы, ошону териштирип жоопко тартсын деп жаздык. Экинчиден, тергөөчүгө да, Башкы прокуратурага да киргизген өтүнүчүбүздө Алтынбекти азыр тезирээк сактап, ооруканага жеткирип анан комплекстүү дарылансын деген талапты да койдук.

- Алтынбек Итибаев өзүнүн ошондой шал болуп калышынын себебин эмне менен түшүндүрүп жатат?

- Ошону айта албай койду. Көзүнөн жаш аккан боюнча жатат жаш бала. Ары-бери аны сүйрөп жүрүшөт. Мындай абалда эгерде омурткасынан доо кетсе, шал болуп калганда врачтар оорулууну кыймылдатпайт. А булар болсо Алтынбекти ары-бери сүйрөп жүрүшөт ит сүйрөгөнсүп.

- А өзү сүлөй албай жатабы?

- Өзү жакшылыктуу сүйлөй албай жатат. Болгону ошол СИЗОнун кызматкерлери өздөрү айтпаса билбей калат болчубуз. СИЗОнун кызматкерлеринен тергөөчү экөөбүз уктук, бул боюнча мен айтып атам го арыз да жаздым, өтүнүч да келтирдим, анан кийин тергөөчү да рапорт жазып кирдим деди. Бүгүнкү күнгө экспертиза дайындалды, бирок ушул күнгө чейин эч кандай жеткиликтүү жардам берилген жок бул балага. Тез жардам да чакырылбай, ийне да сайылбай, бир дарыны жазып бериптир, ошол СИЗОдогу медсестранын айтуусу боюнча эртең менен чакырып көргөн имиш. А бирок эгерде дасыккан дарыгер болсо мындай жазмак эмес. Өзүнө жоопкерчиликти албай айтмак, тезинен жеткизгиле, мен буга жооп бере албайм деп. Бирок ошол жазып коюптур, оорулунун тарых баракчасында мурда травма алганына байланыштуу азыр ушундай болушу мүмкүн деп. Мендеги маалыматтар боюнча бул бала ооруган эмес. Ооба, келтек жеген бир убакта бирок башынан жаракат алган. Ал эми омурткасынан доо кетти деген бул жалган жалаа. Эч качан андай болгон эмес.

- Тергөө абагында Алтынбектин жанында башка бирөөлөр да жатты беле?

- Бул камерада жалгыз өзү болчу. Ошондуктан менин да шектенүүм бар, туугандарынын да шектенүүсү бар, ошол СИЗОдо жатканда бир нерсе болгон болушу мүмкүн деп. Ошон үчүн мен да өтүнүч келтирдим, кантип шал болгонун аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүүнү

- Бул кыйноолордун негизинде болушу мүмкүнбү?

- Пассивдүү кыйноо. Сыз жерде адам бир сутка жатса бул кыйноо эмей эмне? Үч суткадан бери эч кандай жардам берилбей жатса, бул кыйноо эмей эмне?..

- Ал эми ошол СИЗОнун өкүлдөрү, кызматкерлери эмне деп түшүндүрүп жатышат, аларга кайрылдыңызбы?

- Кечээ тергөөчү экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Алар эч нерсе деп жооп беришпейт, мына врачтар бар, тигиндей-мындай деп айтышкан жок. Жардам бергиле десек, унчукпайт, эмне үчүн тез жардамды чакырган жоксуңар десек, унчукпайт. Кайра бизге дооматын артып, биз менен урушуп атпайбы. Тогузу, ону эч кандай жардам көрсөтүлбөсө он биринде калп эле бир врачты алып келип туруп бир нерсени тезинен жаздырып койсо, ошону менен бүттү деп ойлоп атышат да булар. Ал эми эки сутка адам кыйналып, эч кандай жардам албаса бул кыйноо эмей эмне, бул - пассивдүү кыйноо. Бул үчүн жооп бериш керек.

-Эми сиз бул боюнча кайсы тараптарга кайрылдыңыз?

- Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Тергөөчүгө жанагыдай өтүнүч менен кайрылганбыз, экспертиза жүргүзгүлө деген.

- Азыр кандай аракеттер болуп атат ал тараптан?

- Мына азыр мен УКМКнын алдындамын. Эксперттер азыр келди, азыр эксперттердин кортундусунун негизинде врачтарды чакырат деп ойлойм. Анан Алтынбекти ооруканага жаткызат го, анткени мынай абалда эч ким өзүнө жоопкерчиликти ала албайт болуш керек. Аны ооруканага тезинен жеткирип, тезинен караш керек. Анткени омурткадан чындап доо кетсе адам шал болуп калышы мүмкүн өмүр бою. Бул үчүн ушундай жоопкерчиликти өз мойнуна алып аткан СИЗОнун кызматкерлери жоопко тартылыш керек. Эмне үчүн карап, көрүп туруп, эч кандай жардам көрсөтүшкөн эмес.

- Сиз Алтынбек Итибаевдин шал болуп, сүйлөбөй калышы ким үчүн керек деген ойдосуз?

- Албетте ким иш козгоп, жасалма далилдер менен камаса дал ошолор үчүн керек болот. Эгерде жасалма далил болбосо мындай ишке эч ким барбайт. Өздөрүнүн кылмышын жашырыш үчүн гана жасайт мындай нерсени. Эгерде күнөөсү толугу менен мойнуна коюлса, эмне үчүн аны мындай абалга алып келишет. Эгерде баарын көрсөтүп берип атса, эгерде жанагы далил заттары алынып атса анда эмне үчүн мындай абалга алып келет. Кереги эмне бул нерсенин. Кайра сот аркылуу өткөзүп, соттун өкүмүн алып анан “мына көрдүңөрбү, сот тактап берди, биз алган далилдердин баары туура” деп чыкпайт беле. Ар кайсы жок нерсенин баарын айтышып, ошону жашырыш үчүн ушул ишти жасашы мүмкүн. Бир гана ошол үчүн жасалып атат деп мен айта албайм. Бирок эгерде жасалма далилдер болсо анда дайым ушундай болот.

- Демек сиз Алтынбек Итибаев Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө буйрук берген адамдардын ортосундагы гана курал болгон деген ойдосузбу?

- Мен андай ойдон алысмын, бирок өзүмдүн позициямды айттым го. Дайыма биз мыйзам чегинде биз өзүбүздүн ишибизди жүргүзөбүз, биз өзүбүз да текшеребиз, өзүбүз да далил издейбиз, ошону текшерип чыкканда мен айткандай болуп чыкса анда кимге керек бул? Бул суроого анан жооп беребиз...

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG