Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Жалал-Aбат: Адам укугунда орчундуу маселелер толтура


Жалал-Абат облусунда адам укугун сактоодо көйгөйлөр арбын. Укук бузуулар саясий, социалдык-экономикалык чөйрөлөрдө катталган. Бул тууралуу адам укугун коргоочулардын 16- майда өткөн кеңешинде кеңири сөз болду.

Кеңешмеде Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова баяндама жасады. Ал ырастагандай, жарандардын социалдык – экономикалык, маданий жана эмгек укуктары бузулууда. Өкүлчүлүктүн кийлигишүүсү менен Жалал-Абат түрмөсүндө жаткан үч адамдын пенсиясы менен « ЭлТР» телеканалы жана « Дил « гезитинде иштеген журналисттердин төлөнбөй келаткан маяналары , Чаткал районундагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин көп жылдык жол чыгымдары өндүрүлдү.

Анткени менен тергөө жайынын жоктугунан ички иштер бөлүмдөрүндө убактылуу кармалгандар үчүн жайлар тар болууда. Гезит- журнал берилбей, үналгы коюлбагандыктан кармалгандардын саясий укуктары да бузулган. Мектептерде мугалимдер менен окуу китептери жетишсиз. Үй-бүлө, нике жаатында аялдар жана балдар жабырланат. Укук бузган кызмат адамдарын жоопко тартуу жол-жобо, ыкмасы иштелип чыкпаган :

- ИВСтерде бир камерада он экиден адам олтурат. Ысык- суук болгондуктан , алардын ичиндеги кеселдегендерин ооруканага жеткирүү кыйын. Мектептерде китеп жетишпейт.Мен өзгөчө эки нерсеге, балдар менен аялдардын укугу тепселенгенине көңүл бурбай кое албайм. Себеби, соңку күндөрү ажырашкан үй- бүлөлөрдүн укугу бузулуп, балдар менен аялдар менчик укугуна ээ болбой, көчөдө калган учурлар бар. Менчиктин баары үй ээсине (эркекке) катталгандыктан ажырашканда аялдар өз үлүшүнөн кол жууп, балдарына напака пул (алимент) өндүрүү татаал маселе. Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл деп ойлойм. Соттор боюнча, Аксы районунда тергөөчү кыйналып өлтүрүлгөн аялга тиешелүү анализдерди соттук- медициналык текшерүүгө өтө кеч жиберген. Кыздын жанында кусунду, анын кийимдери чечилген, көйнөгү тизесинен өйдө киндик жагына түрүлгөн. Далили жок эле. ошол аял турган жерде болгондугу үчүн бир бала он жылга түрмөгө кесилген. Аны прокуратура текшергени менен жыйынтык чыкпаган, – деп айтты Алима Аманова.

Бирок өкүлчүлүктүн ишинде да кемчиликтер арбын. Акыйкатчынын жооптуу кызматкери Кемелбек Кожомкулов улут аралык мамиле жана миграция маселесине көңүл бурууга чакырды. Орусияда иштеген кыргыздардын 70- 80 пайызы кыз келиндер. Москвадагы балдар үйүндө кыргыз кыз-келиндери таштаган 60 наристе жатат. Өкүлчүлүк облустагы аялдарды басмырлоо жана үй-бүлөлүк кемсинтүү окуяларына талдоо жасаган эмес. Анын алдындагы адам укугун коргоочулардын кеңешинин иши солгун.

Жыйында Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосали Ибраимов сот уюмдарындагы калпыстыктарды сындап чыкты. Ал Акыйкатчы тууралу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун киргизди. Анткени соттук талкууларда Акыйкатчынын өкүлү өз ой- пикирин билдире албайт. Сузак районундагы сот шектүү адамдын жарандык алуусуна өбөлгө түзгөн. Кыргыз милиционерин урган өзбекстандык адам соттолбой, өз мекенине качып кеткен.

- Сот уюмдары болгону менен алар акты кара, караны ак дегенден башкага жарабайт. Ошон үчүн сотторго ишеним жок.

Жалал-Aбат түрмөсүндө да түйүндүү көйгөйлөр толтура. Аталган жаза өтөө мекеме башчысынын орунбасары Нуралы Чекиркөзов мындай дейт:

-Өкүлчүлүккө ишеним пайда болду. Биздин мекемедеги 5- 6 проблема Акыйкатчы институна жиберилди.

Сотторго ишеним жок деп айтуу негизсиз. Алардын чечими менен макул болбогон аял иши Жогорку сотто каралгандан кийин өз жаңылыштыгын сезип, облустук соттон кечирим сураган. Облустук соттун төрагасынын орунбасары Камил Осмоналиев жыйында тармакка карата айтылган суроо- көйгөйлөрдү иш убагында талдоого убада берди:

- Алима эжебиз Аксы соту боюнча, Молдосали Сузак райсоту боюнча маселе көтөрүштү. Анны иш убагында көрөлү. Сотто Акыйкатчынын өкүлүнө сөз берилбегени менен коомдук жактоочу деген болот, ошону пайдалануунун мыйзамын жакшы билүү керек.




  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG