Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Ынтымак курултайы: жоопсуз суроолор


"Ак жол" партиясынын курултайы, 1-май, 2009-жыл.
"Ак жол" партиясынын курултайы, 1-май, 2009-жыл.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 23-мартка белгиленип жаткан Ынтымак курултайына арналды.

Талкууга катышкандар:



Ынтымак курултайын өткөрүү комитетинин мүчөсү, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева




“Замандаш” ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракунов



Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Жаңыл айым, ушул курултайдын максаты эмнеде? Эмне себептен курултай чакырылып жатат?

Жаңыл Түмөнбаева: Курултай деген сөз кыргызда илгертеден эле - бул эң бийик тепкичтеги чоң маселелерди чече турган структура катары эсептелчү. Бирок кийинэгемен мамлекет болгондон кийин курултайдын саны аябай көбөйүп кетти. Айыл, район, шаарда жердештер, уруулар, региондор, кесипчил курултайлар абдан жайнап кетти.

Ал эми ушул Ынтымак курултайы адамдарга таандык болуп турат. Бул жерде улуттук деңгээлдеги маселе көтөрүлө турган структура катары чакырыла турган орган болуп турат. Себеби бул жерде коомдун да кызыкчылыктары каралып атат. Региондук, кесипчилик деген жамааттар бар эмеспи, ошолордун бардыгынын кызыкчылыгын бириктирип, бир курултайга чыгыш керек. Чындыгында ар кандай ой пикирлер айтылып атат.
Эмгек сиңирген тажрыйбалуу аксакалдар, оттой жанып турган жаштар да келиш керек.


“Азаттык”: Мына ошондой “бийликти, президентти мактап-жактаган кезектеги эле бир жыйынга айланып кетпейби” деген ой-пикирлер бар. Ошондой болбош үчүн эмнелерди жасаш керек деп ойлойсуз?

Жаңыл Түмөнбаева: Чындыгында, президентти мактап-жактаганды 20 жылдан бери эл түшүнө турган убакыт келди. Кеп мактап-жактаганда эмес. Кеп биздин мамлекетибизде, ошонун ичинде жашап жаткан эл кайсы деңгээлде, кандай өнүгүүгө жеттик. Мына ушуга күбө болуп атат.

Чындыгында, бул курултай жакшы максат менен чакырылып атат. Мен эл түрүлүп, ушуга катышып берсе деп тилек кылам.

Расмий эсепте мигранттардын саны 700 миң деп айтылат.
“Азаттык”:
Муктар мырза, чет жактагы эмгек мигранттарына 35 орун бөлүнүп жатат. Ошолорду тандоодо чыныгы патриотторго, калыс сөзүн айта ала турган улан-кыздарга кезек келеби? Алар кандай жол менен тандалып атат?

Муктар Өмүракунов: Биз Указ чыгып, жобосун окугандан кийин абдан ыраазы болдук. Себеби президент биздин мигранттарга дагы бир жолу көңүл буруп, өзүнчө орун бөлүп атат. Муну мигранттардын биздин мамлекет үчүн эмгегин баалагандык деп түшүнөбүз.

Күндө биздин бардык диаспоралар, уюмдар менен байланышып, сүйлөшүп, кеңешип атабыз. Бардыгы абдан кубануу менен кабыл алышты. Бул жерде негизинен Тышкы иштер министрлиги менен Миграция министрлигине жүктөлгөн. Азыр биз дипломатиялык элчилик, консульстволор, миграциянын өкүлчүлүктөрү менен иштешип атабыз.

Тилекке каршы, көп учурда бул Орусияны эле камтып атат. Казакстан жакта жумуштар анча жакшы жүргөн жок. Корея, Кытай жана башка өлкөлөр менен байланышып жатабыз.

“Азаттык”: Европа мамлекеттери, Америка менен байланыш барбы?

Муктар Өмүракунов: Байланыш бар. Бирок бул жерде “коомдук уюмдар” деп жазылып калган. Кээ бир жерде жаңыдан гана уюшулуп, бирок коомдук уюм катары каттоодон өтө элек уюмдар көп. Бул боюнча өзүбүздүн сунушубузду уюштуруу комитетине жолдойбуз. Мисалы, Орусияда биздин 50дөн ашык уюм бар, ошол эле учурда Кытайда иштеп жүргөндөр, студенттер абдан көп, бирок каттоодон өткөн бир да уюм жок. Европада 1-2 гана уюм бар.

И.Исаковдун бошотулушун талап кылган ачкачылык акциясы.
Оппозициянын коомдогу ролу жана анын таасири

“Азаттык”: Жаңыл айым, тандоо критерийи кандай болот? Президенттин кайрылуусунда “чыныгы патриоттор” деп айтылып атат. Бирок ошону ким тандайт?

Жаңыл Түмөнбаева: Чындыгында, президент укукту аким, губернаторлорго эмес, өзүн-өзү башкаруу органдарга берди. 441 айылдык округдарга, жергиликтүү кеңештерге, шаарларга, Бишкек, Ошко ж.б.берди. Ошон үчүн бул жыйынга бүгүн активдүү катышуу керек.

Биз билебиз, кээ бир акимдер иштегиси келбей, өздөрүнө тынч болуш үчүн Акматов-Ташматовдорду шайлап койсок болот дейт. Андай кылбай биздин эл чындыгында көтөрүлүш керек.

“Азаттык”: Ар бир айыл округунда жыйын өтүш керекпи?

Жаңыл Түмөнбаева: Ар бир айыл округунда жыйын өтөт. Курч жаштар, акылман агай-эжелерибиз, элине-жерине күйгөн, түз жүргөн, таза адамдар шайланыш керек. Башка критерий жок.
Саясатка тили жаңы чыккан балабыздан 90догу аксакалдарыбызга чейин баш-отубуз менен кирип кеттик.


“Азаттык”: Муктар мырза, сиз жетектеген «Замандаш» партиясы жана башка партиялар коомдо чоң эле күч го деп ойлойбуз. Жүздөн ашык партия каттоодон өткөн. Сиздер ассоциация катары катышайын деген оюңуздар барбы?

Муктар Өмүракунов: Мен партиянын төрагалыгын өткөрүп бергениме бир жарым жыл болду, ал жерде саясий кеңеште да турбайм.

Бул жерде мен түшүнгөндөн, байкагандан бир да саясатка шилтеме жок. Ошон үчүн болсо керек, бул жерге партиялар киргизилбептир. Азыр биздин саясий кеңеш кандай кылып катышууга болорун кеңешип атса керек. Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Учурда биздин ассоциация мигранттар менен гана иштеп жатабыз.

Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Муктар мырза туура баамдады, саясий партиялар тууралуу сөз жок. Бирок ошол эле убакта коомдо болуп аткан окуяларга такыр эле көз жумуп кое албайбыз. Анткени бизде оппозиция, БЭК деген бар. Соңку учурда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков камалды, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулбеков деген жигиттердин үстүнөн сот иши жүрүп атат. Шайлоодон кийин Балыкчы окуясы боюнча 18 адам сот жообуна тартылып, төртөө азыр түрмөдө отурат. Мына ушулардын бардыгына көз жумуп кое албайбыз го дейм. Анткени бул эл арасында болуп, ачкачылык акциясы уланып атат. Ушундай шартта чыныгы Ынтымак курултайы болсо ошол катмарлар, ошол адамдардын өкүлдөрү да чакырылыш керек деген ойдосузбу?

Жаңыл Түмөнбаева: Туура, ошол партиялардын өкүлдөрдү жер-жерлерде бар, аймактык округдарда жашап атат, активдүү катышыш керек. Бир аз мурда айтканымдай, талап бирөө гана - сонун адам келиш керек. 750 адам деген 5 миллион 300 миңдин арасында эмне, туурабы?

Экинчиден, парламентте жок партиялар бар. Мен ойлойм, коомдук уюм катары балким президентке кайрылыш керек. Айрымдарда оппозиция жөнүндө туура эмес пикир бар. Оппозицияда жүргөн кыргызстандык атуулдар - биздин уул-кыздарыбыз.
Биздин салт-санаа, жаштардын тарбиясы, кайда баратканыбызды азыр өзүбүз билбейбиз.


Оппозиция деген негизинен бийликке барам деген ой да. Эгерде барам десе, ал өзүнүн жолун, өзүнүн механизмдерин айтып атат. Биз аны эч качан душман катары көрбөшүбүз керек. Алар көтөргөн көп маселелердин бир тобу 5-6-жылдап айтылып келип, ошолор ишке ашырылып атпайбы. Ошондуктан бул жерде альтернативдүү пикир, же болбосо сын айтса эле жакпай калган. Бул жарабайт. Ошону укпай отуруп бүгүн кандай деңгээлге жеттик. Ошон үчүн угушубуз керек. Мен ойлойм, республиканы кыдырып жүргөндө президенттин ушуга көзү жетти го. Себеби бир топ ойлор айтылды.

Ыңгайлуу шартта ыңгайлуу адамдар

“Азаттык”: Муктар мырза, четте жүргөн адамдардын пикирлерин кандай механизм менен алган алган дурус болот эле? Мына, Жогорку Кеңешке кошулалбай калышты...

Муктар Өмүракунов: Бул курултайга бизге квота берип атканы - чоң кадам. Андан сырткары биз жыл сайын конференция өткөрөбүз. Ошол конференциянын жыйынтыгы менен өткөн жылдын август айында биз президенттин атына кат жолдогонбуз. Ошондо биз мигранттарга тиешелүү маселени карай турган ар бир министрликтин коллегиясына мигранттардан бирден өкүл сөзсүз кириш керек деген сунуш киргизгенбиз.

Ошондой эле Коомдук палатада биздин мигранттардан бир жигит бар. Ал кандай иштеп атканы башка кеп, бирок бар. Азыр мигранттар эң аз дегенде 700 миң деп эсептеп жатабыз. Бул Кыргызстан калкынын 14-15 пайызын түзөт. Эгерде бул жагынан карап келсек, 750 кишиден 100гө чукул адам болуш керек экен. Бирок биринчи кадам катары 35 делегат болгону да жакшы нерсе.

Биздин ой-тилектерди коомдук бирикмелер аркылуу, мисалы «Замандаш» ассоциациясы Президенттик администрация, Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштеп, ошолор аркылуу кандайдыр бир мүдөлөрдү дайыма, ар бир эки айда болобу, кварталына бир болобу жолугушуу өткөрүп турсак абдан жакшы болор эле. Ошондо улам бир маселе чыккан сайын чечилип, жакшы болмок. Ал жерге Тышкы иштер министрлиги, Миграция министрлиги, коомдук уюмдар, депутаттардан кирип, ушуну дайыма карап турганда жакшы болмок.

“Азаттык”: Кыргызстан элдер ассамблеясында кандай маселелер бар? Эгер сөз берилсе Ынтымак курултайында кайсы маселелерди козгойт элеңер?

Жаңыл Түмөнбаева: Негизинен биздин ассамблеяга бүгүн 29 этникалык уюм кирет. Президент кыргыз улутунун тегерегинде биригип, биздин мамлекетибиздин өркүндөп-өсүшүнө таасир көрсөтүү, эмгектенүү керек деп өз сөзүндө айтты. Мисалы, эгерде тилин билбесеңиз Германия же Американын жарандыгын алалбайсыз. Ошон үчүн бизде улуттар өз тилинен тышкары кыргыз тилди билиши керек.

“Азаттык”: Муктар мырза, мисалы, сиздерге сөз берсе, эң талылуу маселелердин бири катары кайсы маселени козгоп чыгат элеңиздер?
Кээ бир жерде жаңыдан гана уюшулуп, бирок коомдук уюм катары каттоодон өтө элек уюмдар көп.


Муктар Өмүракунов: Ассоциациянын негизги багыттары - укуктук жагынан коргоо жана кыргыз улутунун маданияты, тили, тарыхы. Менимче, ар бир орган өз функциясын аткарыш керек. Бул жерде мен такыр эле саясатташып кеткенине каршымын. Себеби биздин коомдо саясат ансыз деле өтө көп. Биз коомдо баарыбыз эле саясатчы болуп кетсек, маданият, экономикалык жагын караш керек, ансыз өсүш болбойт.

Биз азыр жекшембилик мектептерди ачып атабыз. Орусиянын төрт шаарында демалыш күндөрү мектеп жашындагы балдарды чогултуп, кыргыз тилин окутуп атышат. Ошондой эле биздин маданиятты ошол жердеги жергиликтүү элге көрсөтүп жатабыз. Бул жерде тил, маданият маселелери биздин түздөн-түз кызыкдар болгон маселелерибиз.

“Азаттык”: Өткөн жумада биздин талкууга БЭКтин өкүлү Эмил Каптагаев келген. Ал азыркы бийликке ыңгайлуу жыйын өтүп калбайбы деген пикирди айтты. Анан дагы бир маселе: Конституцияга өзгөртүү киргизип атып, Конституциялык Сот да өзүнүн чечимин чыгарып берди. Эгер президент милдетин аткаралбай калган убакта ким ошону аткарыш керек деген маселе да кызуу талкуу болууда. Курултайга ушундай маселелер да чыгып калышы мүмкүнбү?

Жаңыл Түмөнбаева: Сөзсүз. Себеби бул элдин бир тобун абдан кызыктырат жана ошол келечектеги структуранын биздин мамлекетибиздин өсүшү, өркүндөшү, тынчтыгы ошондон болуп турат. Ошон үчүн көтөрүлүшү мүмкүн. Ушул курултайларда кандай маселелер карала турганы мурдараак белгиленет. Ошон үчүн коомдук уюмдар, атуулдар өздөрүнүн сунуштарын штабга жөнөтө бериш керек. Себеби ошондо тандалат.

Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:53 0:00


“Азаттык”: Жаңыл айым, учурда Кыргызстанда улуттар аралык мамиле кандай деп ойлойсуз? Проблемалар барбы, же жокпу?

Жаңыл Түмөнбаева: Чындыгында, бизде ушунчалык укук жагында бардыгы берилген. Бүгүн бизнес чөйрөсүндө ар кайсы улуттардын өкүлдөрү абдан жакшынакай мыйзамдын негизинде иштеп жатышат, билим алуу да жакшы. Бизде биринчилерден болуп ушундай ассамблея түзүлгөн. Казакстан менен Орусияда да түзүлгөн. Алардыкына караганда биздики демократия негизинде түзүлгөн экен.

Бир гана проблема - толеранттуулукка үйрөнүшүбүз керек. Бизге ушул маданият жетишпей жатат. Кыргыз менен орустун биргелешип жашап келатканына 200 жылдан ашык болду. Орус менен кыргыз бири-бирине кандай мамиле жасашты үйрөнүп алды, булардын толеранттуулугу абдан окшошот. Бирок ошону менен бирге бизге депортация болуп келген, же болбосо жаңыдан келген чет өлкөлүктөр бар. Ошолор менен толеранттуулукту үйрөнүш керек.

Петровкадагы жаңжал. 27-апрель, 2009-жыл
Саясатташып кеткен Кыргызстан


“Азаттык”: Петровкадагы окуянын чыныгы себеби эмнеден болду деп ойлойсуз?

Жаңыл Түмөнбаева: Чыныгы себебин мен ошондо эле журналисттерге айткам. Бул - жергиликтүү органдардын өз ишин аткарбагандыгынан чыкты. Ошол жердеги милиция, прокуратура, сот өзүнүн ишине мыйзам деңгээлинде караган эмес. Ошондуктан бул кылмыш ишин этникалык чатакка айландырганга абдан аракет жасашкан. Кеп этникада эмес, органдар өз милдетин аткарбай жаткандыгында болуп атат.

“Азаттык”: Өткөн аптада өкмөттүн жыйынында ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге сөгүш берилди. Ал Петровкадагы окуя болгон учурда милициянын башчысын Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койгон экен. Сөгүш алып, ал кызматтан бошотуу сунушу киргизилди. Сиздин пикириңиз?

Жаңыл Түмөнбаева: Абдан туура. Себеби биздин кадрдык саясатта система болуш керек. Ошондо адамдык профессионалдуулук жактан караш керек. Иштен алынган кишини жарым жылдан кийин башка ишке алганы бул коррупцияга жакын болуп атпайбы. Бул туура эмес, ошон үчүн өкмөттө туура карашкан.
Бир гана проблема - толеранттуулукка үйрөнүшүбүз керек. Бизге ушул маданият жетишпей жатат.


“Азаттык”: Муктар мырза, оппозиция тууралуу сөз болуп калды. Сиздин оюңузча алар тараптан биринчи курултайга делегаттар чакырылыш керекпи?

Муктар Өмүракунов: Биздин коомдо саясат өтө көбүрөөк. Албетте саясатсыз жашоо болбойт го дечи. Жашообуздун өзү эле саясат болсо керек. Бирок бардык жерде эле саясий трибуна кыла берген туура эмес. Алар келген күндө да саясат маселесин бул жерде козгобош керек. Өзүнүн функциялары жакшынакай жазылып турат.

Бул жерде биз козгоп, сүйлөшө турган маселелер абдан көп. Биздин салт-санаа, жаштардын тарбиясы, кайда баратканыбызды азыр өзүбүз билбейбиз. Саясатка тили жаңы чыккан балабыздан 90догу аксакалдарыбызга чейин баш-отубуз менен кирип кеттик. Айланабызды караганда кандай жашоо, кайда баратабыз, коом кайда баратат, улуттар ортосундагы мамиле кандай болуп, эртеңки күнү кайда барабыз – мына ушуларды чечиш керек.

Сөзсүз эле Конституция, эртең президент, же депутат ким болот деген маселе бул жерде каралбаш керек. Себеби бул жерден ал жөнүндө сөз кыла берсек, анда маданият, тил, салт-санаа өңдүү маселелер артка жылып, аны унутабыз.

"Азаттыктын" архивинен: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо

Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Өз жеринин “чоочундары”

“Азаттык”: Өзү курултай канча күн өтөт деп ойлойсуздар?

Жаңыл Түмөнбаева: Мен ойлойм, бир күн эртеден кечке чейин өтсө керек.

“Азаттык”: Бир күндө ушунча чоң маселени караганга жетишеби?

Жаңыл Түмөнбаева: Эми ал жерде күн тартибине 2-3 эле маселе кирет. Уюштуруу маселелери жана улуттук деңгээлдеги маселе каралат го деп турам.
Оппозиция деген негизинен бийликке барам деген ой да. Эгерде барам десе, ал өзүнүн жолун, өзүнүн механизмдерин айтып атат.


“Азаттык”: Ошол кандай маселе болушу мүмкүн дегенге азырынча эч жооп жок да, туурабы?

Жаңыл Түмөнбаева: Жок, азыр ошону талдап атышат, пикирлер келүүдө.

“Азаттык”: Өзүңүздөр жеке кайсы адамдарды сунуш кылат элеңиздер? Мисалы, ысымдарын айта аласыздарбы?

Жаңыл Түмөнбаева: Мен аны ойлоно элекмин, делегатын караш керек.

Муктар Өмүракунов: Эмгек сиңирген тажрыйбалуу аксакалдар, оттой жанып турган жаштар да келиш керек. Жаштардан көп аралаштырбасак болбойт, себеби эртеңки күнүбүз жаштардыкы. Биздин мигранттардын арасында мыкты лидерлер бар, ошолордун көпчүлүгү чет өлкөнүн жарандары. Ошолор катыша албай кала турганы биз үчүн абдан өкүнүчтүү болууда. Мыйзам деген мыйзам да, андан аттап өтө албайбыз.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00


“Азаттык”: Кыргыз Республикасынын жарандары гана деп айтылган, туурабы?

Жаңыл Түмөнбаева: Курултайдын мүчөлүгүнө жарандар келет. Бирок биз бул маселени караганбыз. Себеби айрымдар турмуштун айласыздыгынан жарандыкты алышкан. Ошон үчүн алар чакырылыш керек деп айтканбыз.

Муктар Өмүракунов: Эгер чакырууга мүмкүнчүлүк болсо биздин абдан мыкты жаштарыбыз бар, ошолор катышып калса абдан жакшы болот эле.

Жаңыл Түмөнбаева: Бул жобо жаңы башталып атат. Турмуш көрсөтөт, кийин жобону өзгөртсө да болот, тандалган адамдарыбыз курултайга келип, чындыгында биздин келечекти ойлой турган курултайдын мүчөлөрү шайланса экен. Мен калкка кайрылам: ушундай азаматтарды, ушундай адамдарды шайлап берсеңиздер.

“Азаттык”: Муктар мырза сизде кандай ой бар?

Муктар Өмүракунов: Мен бул курултайды жеке инсан катары абдан колдойм. Жаңыл эженин айткандарына толук кошулам, бардыгыбыз активдүү катышып, ортого ойду салып кеңеше турган курултай болуп атат.

Мен бул жерге дагы бир сунуш айтар элем. Биздин дайыма иштей турган туруктуу орган болгон атпайбы, ошонун негизинде курамы бул жерде азыраак көрсөтүлүптүр, ошол көбүрөөк болуп, элдин баарынан сунуш келет, курултай өткөндөн кийин да сунуштар көбөйөт, дайыма иштеп, ошондон кандайдыр бир жакшы документтерди жарата турган орган керек го.
XS
SM
MD
LG