Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Конституция да өзгөрөт, башкаруу да өзгөрөт...


Башкаруу системасын реформалоо боюнча президенттик комиссия ишин аяктап, өзүнүн сунушун мамлекет башчысына тапшырды. Ал сунуштарды ишке ашыруу үчүн Конституцияга жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек.

Президенттик администрациянын төрагасынын орун басары Каныбек Жороев башында турган жумуш топ 4-сентябрда президенттин буйругу менен түзүлүп, аларга 22-сентябрга чейин Президенттин институттары жана Өнүктүрүү институттарынын структурасы жана алардын иштөө регламентин иштеп чыгуу тапшырылган. Ал топ коюлган милдетти аткарганын президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов 22-сентябрда билдирди:

- 4-сентябрда 11 кишиден турган жумушчу топ түзүлгөн. Ошол жумушчу топ президенттин буйругу боюнча 22-сентябрга долоорлорду иштеп чыгыш керек болчу. Андай долбоорлор иштелип чыгып, кечээ мамлекет башчысына тапшырылды. Учурда мамлекет башчысы аны менен таанышып жатат.

Азыркы мезгилде долбоорлордун ички мазмуну тууралуу маалымат ачыкталбай турат. Ошондуктан Жогорку Курултай, Президенттик кеңешме жана башка органдар канча кишиден турат, алардын иштөө тартиби кандай болоору белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Курултайды Ынтымак Курултайы деп атоо сунушталды. Анын курамына жер-жерлерден, ар кандай улуттардан өкүлдөр сунушталат. Бир нече жүз кишиден турган Курултайдын курамына чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын өкүлдөрүн тартуу да каралып жатат.

Башкаруу системасындагы мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү талап кылынат. Андай мыйзам долбоорлору жакын арада парламентке түшүшү күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиевдин айтымында, парламент долбоорлорду кароого даяр:


- Даярбыз. Комиссия бизде да иштеп жаткан. Биз алдын-ала фракцияда талкуулаганбыз. Эгерде эртең материалдар түшсө фракциянын жыйынына алып чыгабыз. Шаршемби күндөрү фракциялар иштейт эмеспи. Ошондуктан түшсө эле карай баштайбыз.

Оппозиция өкүлдөрү Жогорку Курултайга чакырылыш мүмкүнбү деген суроо ачык бойдон калууда. Ал эми оппозиция андай Курултайга кирбей турганын билдирүүдө.

- Менин оюмча биз тараптан ал курултайга эч ким кирбейт. Бийлик андай сунушту деле бербейт. Анткени ал бийликтин кол бала балдарынан, чалдарынан, кыздарынан кура турган нерсе болот. Ал президенттин үй-бүлөсүн тейлей турган уюмга айланат,- дейт Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров.

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин аппаратын жана структурасын өзгөртүү боюнча да комиссия иштеген. Алар парламенттеги 12 комитетти кыскартып, 8 комитетти калтырууну сунуштап жатат. Миңге чукул аппарат кызматкерлерин 20-25 пайызга чейин кыскартуу каралууда. Ушундай структуралык өзгөрүүлөр өкмөттө да каралып жатканы маалым.

Өлкөдө жүрө турган реформалар Конституцияны өзгөртүүгө алып келет. Оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров аны туура эмес деп эсептейт:

- Конституцияга өзгөртүүнү коомдун, мезгилдин талабына жараша киргизсе болот. Анан бир кишинин же бир үй-бүлөнүн каалоосу менен жүргүзүлгөн реформа-реформа деп эсептелинбейт. Ал “узурпация” деп эсептелинет. Менин оюмча, азыркы президент айтып жаткан реформа бийликти дагы-дагы көбүрөөк басып алуу жагына кетип жатат.

Президент өз кезегинде өлкөгө заманга жараша чакан жана ыкчам башкаруу системасы керектигин, ошон үчүн реформа жүргүзүлөрүн билдирген.
















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG