Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Кийим тигүү тармагын өнүктүрүү аракети


Кыргызстанда сооданы илгерилетүү боюнча долбоор ишке ашырылат. Долбоордун алкагында өлкөдөгү кийим тигүү тармагында алектенгендер үчүн продукциянын сапатын жогорулатуу, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча семинарлар өткөрүлөт.

Абдужапар Шайфутдинов - жеке ишкер. Ал кийим тигүүчү цехтин ээси. Ушул тапта Абдужапар мырзанын ишканасында өндүрүлгөн кийим-кече “Дордой” базарында сатылат:

- Беш жыл мурда Оштон көчүп келдик. Ошондон бери кийим тигүүчү цехти иштетип атам. Көп эле кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Мисалы, кардарлар жок болуп калганда бир күн иштеп, эки күн бош отуруп калган учурлар көп эле болду. Товарды сыртка сатканга мүмкүнчүлүктөр жок болууда. Учурда товарыбызды жергиликтүү базарларда сатып атабыз.

Ишкердин айтымында, чет мамлекеттерге экспорттоо үчүн продукциянын сапатын жогорулатуу зарыл. Бул, өз кезегинде бир топ акчалай чыгымдарды талап кылат. Андыктан азырынча анын ишканасы чыгарган товар жергиликтүү базарларда гана сатылууда. Абдужапар өңдүү кийим тигүү, текстил өнөр жайында алектенген ишкерлерге көмөк көрсөтүү, алардын продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгарууга жардам берүү максатында өлкөдө атайын долбоор ишке ашырыла баштады. Швейцария өкмөтү тарабынан каржылана турган бул долбоорду Эл аралык соода борбору, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги ишке ашырат. Программанын максаты тууралуу долбоордун менеджери Шактыбек Имашов буларды айтты:

- Биз алгач жалпы сектордон баштайбыз. Ар кандай семинарларды, жарманкелерди өткөрөбүз. Андан соң киийм тигүү тармагындагы ишканалар менен иштешип, аларга тренингдерди өткөрүп, продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кеңеш беребиз.

Кийим тигүү тармагы өлкөдөгү мыкты өнүгүп жаткан тармактардын катарына кирет. Аталган жатта эки жүз миңге чукул адам эмгектенет. 2007-2008-жылдары кийим тигүү тармагындагылар сегиз миллиард сомго продукция экспорттошкон. Бирок дүйнөлүк каржы кризиси аталган тармакка дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Гүлбарчын Асанова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Каржы кризисинен улам заказдар азайып кетти. Жыл башынан тарта 40 пайыз продукцияны жоготтук. Ошондой эле ушул жылдын жайында Москвадагы Черкиз базарынын жабылышы дагы кийим тигүү тармагында чоң сокку урду. Эми болсо ал жактагы биздин соодагерлерди башка базарларга орноштуруп жатышат.

Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаевдин пикиринде, каржы кризиси маалында өкмөт кийим тигүү тармагын өзгөчө колдоого алуусу зарыл:

- Колдоо дегенде жөн гана каражат бөлүп берүү эмес, бул тармакка ар тараптан жардам көрсөтүү керек. Биринчиден, салык жаатында өзгөртүүлөрдү киргизип, бажы төлөмдөрүн азайтып, бүтпөс текшерүүлөргө бөгөт коюу зарыл. Ошондо гана кийим тигүү тармагы өнүгүп, кыйынчылыктарга туруштук бере алат. Эгерде жогоруда сөз болгон иш-аракеттер жасалса, жеңил өнөр жайы экономикадагы эң эле приоритеттүү тармактардын катарына кирет.

Кийим тигүү тармагы чыгарган продукциянын токсон пайызы Орусия, Казакстан өңдүү мамлекеттерге экспорттолот. Бирок КМШ мамлекеттеринен башка өлкөлөргө дээрлик чыгарылбайт. Бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү продукциянын сапатын жогорулатуу жана маркетингди колго алуу зарыл, дейт Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун өкүлү Андрэа Штудер айым:

- Бир мисал келтирейин. Буга чейин биз тамак-аш өндүрүшү чыгарган продукция менен иштештик. Ошондо Кыргызстан, Казакстан жана Орусияда чыгарылган тамак-ашты текшерүүдөн өткөрдүк. Жыйынтыгында жергиликтүү продукция сапаты жагынан мыкты экени белгилүү болду. Бирок товарлардын сырткы көрүнүшү начар экен. Ал эми дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн товардын көрүнүшүнө да көңүл буруу зарыл.

Ал эми жогоруда сөз болгон долбоордун алкагында продукциянын сапатын жогорулатуу, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча кийим тигүү тармагында алектенгендерге семинарлар өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG