Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Жаштардын эл аралык жылы башталды


Жаштардын эл аралык жылынын Бишкектеги ачылыш аземи, 12-август 2010-жыл.
Жаштардын эл аралык жылынын Бишкектеги ачылыш аземи, 12-август 2010-жыл.

12-август - Жаштардын эл аралык күнү. Бул күнү Бириккен Улуттар уюмунун чечими менен жарыяланган жаштардын эл аралык жылы расмий түрдө старт алды. 2010-жылдын 12-августунан баштап, 2011-жылдын 11-августуна чейин созула турган бул жылда Кыргызстанда Жаштар иштери боюнча министрликке көп үмүттөр артылууда.

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2009-жылдын 18-декабындагы чечими менен 2010-жыл - Жаштардын эл аралык жылы деп жарыяланып, анын расмий башталышы катары ушул жылдын 12-августу кабыл алынган. “Диалог жана өз ара түшүнүүгө” багытталган бул жылда, БУУга мүчө өлкөлөрдө муундар арасындагы өз ара байланышты түзүү, өнүгүүнүн милдет жана максаттарын тактоо, жаштардын өнүгүшүн камсыз кылуу багытында иштер жасалат.

Кыргызстанда жаштардын активдешип, саясий жана коомдук иштерге тартылышы бул жылдагы бирден-бир максат болууда. Жаштардын эл аралык жылынын ачылышына катышкан, Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев билдиргендей, акыркы учурларда жаштар саясаты көз жаздымда калып келген, бул жыл жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бермекчи:

- Акыркы жылдары жаштар саясаты деген түшүнүк колдон чыгып кеткен. Бул жылы Жаштар иштери боюнча министрлик ачылды. Эми бул министрлик жаштар үчүн гана бир иш кылган министрлик болобу, же Жаштардын министрлиги болобу, бул жаштардын өзүнө көз каранды болот.


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында белгиленгендей, учурда Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларды бүтүргөн жаштардын 70 пайызынан ашыгы жумушсуз калышат. Жаштар саясаты үчүн өлкөдөгү ар бир жаш адамдын башына мамлекет тарабынан 1 цент, же 45 тыйынга жакын гана акча бөлүнөт. Дүйнөдөгү жаштар кездешип келген мындай маселелерди чечүү үчүн бул жылдын маанилүү экендигин Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу элчиси Фиона Фразер билдирет:

- Жаштар ээ болгон күч, энергия жана ой-жүгүртүүнү пайдалуу иштерге багыттоо жана жаштардын адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдүн чечүү жолдоруна тартуу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы бул жылды Жаштардын эл аралык жылы деп жарыялады.

Жаштардын эл аралык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн бир катар коомдук ишмер, активисттер белгилешкендей бул жылы Жаштар иштери боюнча министрликке ишеним чоң. Аталган министрлик аркылуу Кыргызстандагы жаштардын көйгөйлөрүн чечип, жаштардын долбоорлорун, максаттарын ишке ашыруу мүмкүн экендегиси айтылат. Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов бул жыл Кыргызстандын жаштары үчүн өнүгүүнүн жылы болорун белгилейт:

- БУУнун атайын чечими менен жаштар жылы болуп быйылкы жыл белгиленип жатат. Кыргызстандын жаштары үчүн быйылкы жыл өзгөчө болуп саналат. Анткени баарыңыздар күбө болдуңуздар, Кыргызстандын жаштары быйыл кандай деген коомчулуктагы өзгөрүүлөргө себеп болгонун. Тилекке каршы, арасында өтө кайгылуу учурлар да болуп өттү. Бирок, мен ойлойм, биз жаштар революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен өнүгүүнү үйрөнөбүз.

Мирбек Атабеков
Жаштардын эл аралык жылы ушуну менен экинчи жолу жарыяланып жатат. Мындан 25-жыл мурда 1985-жылы Жаштардын эл аралык жылы “Катышуу, өнүгүү жана тынчтык” деген аталышта белгиленген эле. Бул жылы жаштарды өнүктүрүү иштерине айрым жаш ырчылар да тартылган. Алардын бири ырчы, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жакшы санаалаштык элчисинин талапкери Мирбек Атабеков аземге катышып, өз каалосун билдирип өттү:

- Жаштар жылынын ачылышы менен куттуктайм. Албетте келечек биздин жаштардын колунда. Эртеңки келечек ачык жана жаркын болооруна ишенебиз.

Аземге көбүнесе жаш ыктыярчылар келишкен. Алар бул жылы Кыргызстандын жаштар саясатында ыктыярчы жаштардын орду чоң экендигин белгилешет. Ыктыярчы Адельфия Аманкулова Кыргызстанда активдүү жаштарды даярдап, алар менен иш алып бара турганын айтат:

- Бул жөн гана ачылышы ушул жылдын. Жаштар министрлиги көптөгөн программаларды алдына койду. Бул социалдык-экономикалык, көп тармактуу программалар болуп саналат. Анын алкагында көптөгөң ыктыярчылар келишип, азыркы учурда министрликке жардам берип жаткан кези. Мен дагы ыктыярчымын. Жөн гана өз ыктыярым менен келип, өзүмдүн үлүшмдү кошом дедим. Мага окшогон ыктыярчылар министрликте көп.

Жаштардын эл аралык жылынын ачылыш аземи, "Шаттык" бийчилер тобу
Жаштар арасында ар кыл тренинг, семинарларды өткөрүү менен алек болгон бир катар ыктыярчылар алдыдагы жылдарда өлкөдөгү жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусу үчүн Жаштар иштери боюнча министрликке ишенимдерин артышат. Аталган министрликтин өкүлдөрү болсо жаштардын өнүгүшү, аракетке келиши жаштардын өзүнүн колунда экендигин билдиришет. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин орун басары Лариса Сосницкая жаштар үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн, болгону жаштар өз мүдөө-максаттарын билдиришип, министрлик менен иштешиши керектигин айтат:

- Министрликтин пландары жаштардын өздөрүнүн ойлоруна байланыштуу. Жаштар өнүгүүнүн бул баскычында эмнени каалап жатканын түшүндүрө билиши керек. Министрликтин кандай иш алып барып, кандай түзүлөрү жаштардан көз каранды.

Анткен менен Жаштар иштери боюнча министрликке ишеним артпай, мындай министрликтин кереги жок экендигин белгилеген адамдар да бар. Алардын бири “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров мындай пикирин билдирет:

- Башка министрликтерде деле жаштардын маселеси менен алып бурушат. Ачыгын айтканда Кыргызстанда бири-биринин ишин кайталаган министрликтер бар. Мындай министрликтерди түзүү жаштарды менен жаштайынан төрөпейил болууга, мансапкор болууга үйрөтүп жатабыз.

“Диалог жана өз ара түшүнүүгө” багытталган Жаштардын эл аралык жылы дүйнөдөгү жаштардын коомдук турмушка активдүү катышып, ар кыл тармакта өнүгүшүн көздөйт. Кыргызстанда бул жылы жаштар саясаты багытында милдеттер Жаштар иштери боюнча министрликке артылууда. Муну менен бирге аталган министрликтин ишмердүүлүгүнөн күмөн санагандар да болууда. Жаштардын эл аралык жылында Кыргызстанда кандай өзгөрүү жана жаңылыктар болот? Бул жаштар жылынын акырында белгилүү болмокчу.
XS
SM
MD
LG