Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Электрондук "Айыл" иштеп кете алабы?


 Кыргыз өкмөтү өлкөдө орун алган 459 айыл өкмөтүнө автоматташтырылган электрондук “Айыл” системасынын орнотууну көздөөдө
Кыргыз өкмөтү өлкөдө орун алган 459 айыл өкмөтүнө автоматташтырылган электрондук “Айыл” системасынын орнотууну көздөөдө

Айыл округдары үчүн автоматташтырылган электрондук “Айыл” системасы эми мамлекеттик социалдык порталда орун алат.

29 жаштагы Улан Калыбеков Кемин районуна караштуу Алмалуу айылдык округунун башчысы. Анын иш бөлмөсүндө азыркы заманбап техникалар болгону менен бүткүл дүйнөлүк маалыматтын жана байланыштын булагы болгон интернет желеси жок.

-Интернет айыл жергеси үчүн жаңылык. Айыл округдары үчүн бул маселе чечилсе бери-бирибиз менен байланышыбыз күчөп оперативдүү иштер жүрмөк. Азыр маалыматтын жоктугунан аткаруу тартиби аксап тургансыйт. Бул маселе жакынкы келечекте чечилсе деп үмүтөнүп жатабыз.

Жакын арада Улан Калыбеков көптөн бери зар болуп келе жаткан интернет жана деги эле байланыш жааты баардык айыл өкмөттөрдө чечилгени турат. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын демократиялык башкаруу долбоору кыргыз өкмөтү менен биргеликте өлкөдө орун алган 459 айыл өкмөтүн ар бирин интернет менен камсыз кылып, байланышты жана маалымат ресурстарын өркүндөтүп мамлекеттик органдардын кызматташуусун күчөтүүнү көздөөдө. БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Султан Гаджиев .

-Буга чейин кыргыз өкмөтү баардык аракетин жумшап, максаттуу түрдө чоң кадамдарды жазап келди. Электрондук башкарууну колдонуу биз күткөндөй жыйынтык алып келиши үчүн бул иштер ушул өңүттө жүрүп, чечкиндүү кадамдар болсо ийгилик болот деп ишенебиз.

Бул айыл өкмөттөрү үчүн иштелип чыккан “Айыл” электрондук системасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлугун артыруу жана баардык мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташтыгын камсыз кылуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул система аркылуу жергиликтүү калк, айыл өкмөттөрдүн жана жогорку органдардын ишмердүүлүгү тууралу маалымат ала алышат.
Бул долбоор Кыргызстандын 14 айылында сыноодон өткон. Эми өлкөдө орун алган 459 айыл округунуна баардыгы СДМА 450 технологиясы же кабель зымдары аркылуу интернетке туташып, андагы адистер Бишкек шаарындагы окутуу борборлорунан билим алышмакчы. Ошондой эле аларга компютер жабдыктар менен катар интернеттин бир жылдык акысы жана почта серверин ачуу чыгымдары бул програманын алкагында каржыланат.

Транспорт, комуникация жана байланыш министри Нурлан Сулайманов "Биздин максат ар бир айылга интернет жеткирүү" дейт.

-Биздин министрлик ар бир айыл өкмөткө интернет жеткирип, андан соң ар бир районго, акырында ар бир обласка бул түйүндү туташтырсак деп турабыз. Биздин пикирде даярдыксыз биздин ишибиз алга жылбайт. Ошондуктан электрондук өкмөт системасын ишке киргизүү үчүн республика боюнча даярдоо зарыл. Бул долбоорду ишке ашыруу жамаатык иш. Ар бир кыргызстандык өлкөнүн кайсы жеринен болбосун, электрондук кызмат ала алса иш максатына жетти деп айтсак болот.

XS
SM
MD
LG