Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Аты жок


Ар дайым ар кыл макалаларга ат коюп, ар нерсеге наам берип көнүп калганбыз. Бирок бул жазуумду наамсыз жазууну чечкенимдин себеби жөн эмес.

Атынан зат

Фэйсбук сайтын кыргызчалаштыруу керек деген жаш демилгечилердин интернет аркылуу чакырган жолугушуусуна барып калдым. Твиттер, Фэйсбук сайттарында катышкан жаш жигиттер жана кыздар болгону 18-23 жаштын ортосунда, бирок айткандары конкреттүү, жыйынтыкка умтулган жана улутчулдуктан алыс болуп чыга келди. Мындай жаш адистердин негизги идеясы – дүйнөдөгү баалуу интернет ресурстар кыргызстандыктардын көбүрөөк интернеттештирүүсүнө өбөлгө түзүшү керек.

Бирок бул жолугушуунун жыйынтыгы болуп жалаң гана Фэйсбук эмес, дээрлик бардык интернеттин биздин жарандар үчүн түшүнүктүү болушу үчүн иш аракеттер даярдалып калды. Ал эми бул демилгелик топ азырынча “Аты жок” деп эле аталды. Бул наамдын коюлушунун себеби болуп көпчүлүктүн ат кубалап, заттан арылгандыгы. Бирок ошол эле учурда, компьютерде же интернетте жаңыдан түзүлгөн документтер “Аты жок” деп эле аталат.

Айкырыктан чакырык

Өлкөбүздө бардыгы кыргыз тилинде сүйлөшү керек - сүйлөбөгөнү бизди урматтабаганы деп ачуу айкырык салгандар аз эмес. Эмнеге бул тилди өнүктүрүү керек деген суроого куру намысты көтөрүүдөн башка, кадимки стимулдарды берүүчү аргументтерди айта алышпайт. Ал түгүл бул менин оюмду каршы пикирге салгандар дагы көп болуусу мүмкүн. Бирок айкырыктан жыйынтыкка алып келчү чакырыкка көңүл бурган туура деп ойлойм.

Интернеттеги маалыматтарды кыргызчалаштыруу жараяны мекендештердин интернеттешкенине абдан чоң өбөлгө болот. Себеби айыл тургай шаарда да арбын сандагы адамдар орус тилин өздөштүрө албай, кыргыз тили менен чектелип, билимин өрчүтпөй, жаңы технологияларга жете албай келет. Ал эми жарандарыбыздын көпчүлүгү интернетте болсо, анда бийликти контролдоого, электрондук өкмөттүн чындыкка айлантууга, чечим кабыл алуу жараяндарына демилгелүү катышууга жана акыркы маалыматтарды өз учурунда алгандарына терең дем бермек.

Сөздөн ишке

"Көп сөз бок сөз" демекчи, башка топторго караганда бул топко көбүрөк маани бердим. “Аты жок” демилгелик топтун миссиясын абдан жөнөкөй белгиленге жетиштик: “Кыргызстанды интернеттештирүү үчүн интернетти кыргызчалаштыруу”. Үч тараптуу максат төмөнкүдөй болду:

(1) Интернетте көбүнчө колдонулчу технологиялык кыргыз сөздүгүн стандартташтыруу менен туура жана оңуттуу котормолорду аныктоо;

(2) Интернеттеги материалдарды кыргызчалаштыруу (өзгөчө Уикипедиа барагындагы макалалардын санын көбөйтүү жана сапатын бекемдөө);

(3) Интернеттеги социалдык тармактарды (мисалы, Фэйсбук), программаларды (firefox, google chrome, opera mini), плагиндерди кыргыз тилине которуу.

Албетте бул топ ишин жаңы баштап жаткан соң ал жөнүндө мынчалык кеңири маалымат берүү туура эместир. Бирок мен ал топту жакшылап көрсөтүүнү максат кылбай, бул макаламда жазган бир нече месседждерге (кайрылуу) көңүл бура алдыңар деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG