Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш иштин негизиндеги соттук териштирүүлөр Бишкек горнизондук сотто сот отурумдары 10-марттан бери уланып, бирок, талаш-тартыштардан улам ар бир жолу кийинки күндөргө которулуп келатат.
Бул ирет сот отурумунун акырына чыкпай токтотулушуна адвокаттардын дооматтары түрткү болду. Исаковдун коомдук коргоочуларынын катарындагы Рамазан Дырылдаев менен Топчубек Тургуналиев аскер прокурору Тимур Карабаевди жалган маалымат таратты деп күнөөлөшүп, далилдөөнү талап кылышты.
Алардын айтымында аскер прокурору жергиликтүү маалымат каражаттарына бул эки жактоочу Исаковдун сотун атайын чоюп жатат деп билдирген. Жактоочулардын дооматын судья канагаттандырган жок. Бул чечимди натура деген жактоочулар муну судьянын башынан келаткан бир жактуу мамилесинин бир көрүнүшү деп санашты.
Судья мыйзам бузууларга жол берип жатат деген жактоочулар Жогорку Сотко кайрылуу демилгесин көтөрүштү. Жактоочу Мукар Чолпонбаевдин айтымында айыпталуучу мындай кадамга барууга укуктуу жана ага беш күн берилет. Мунун чоо-жайы тууралуу Исаковдун жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров буларды билдирди:
- Сот биздин ага ишенбөөчүлүктү билдиргенибизден кийин деле кеңешүүчү бөлмөсүнө барып, андан кийин деле мыйзамдарды одоно буза баштады. Биздин арыздануу укугубузду тебелеп- тепсеп жатпайбы?! Сот процессин кайра улантып жатат. Биз ошого жол берген жокпуз. Ушул көрүнуштүн өзү эл судья мыйзамдын негизинде эмес, жогорку жактын көргөзмөсү менен иш алып барып жатканын көрсөтүп турат.
Судья Жакып Бектемиров жактоочулардын дооматтарын четке кагуу менен бирге, адвокаттардын сунуштары мыйзамга туура келет деген чечим чыгарып, аларды даттанууга 6-апрелге чейин убакыт берди
Исмаил Исаковго ал коргоо министри болуп турган кезде мамлекетке 3 миллион 860 миң сомдон ашуун зыян келтирилген деген айып тагылууда.
Коргоо министрлигинин өкүлү Талгат Саалаевдин мурда маалымдаганына караганда, ушул кылмыш иштин алкагында автоунаалар мыйзамсыз сатылгандыгы үчүн айыпталынып жаткан Балыкчы шаарындагы 20536 аскер бөлүгүнүн аскердик курал-жабдыктарга жооптуу зардал орунбасары Нурдин Каимов кыйладан бери тергөө абагында.
Жабырлануучу, карабалталык Кантемир Мухамеджан уулу айыпталуучу Нурдин Каимовдон 300 миңдей сом доосун өндүрүп алалбай сотко кайрылганын айтып, сот иши башталбай жатып 5 ирет жылдырылганына кейигенин “Азаттыкка” билдирди.
-Мына беш сот процессинен бир биз дагы убара болуп жатабыз. Өзүбүз жабыр тартып, алданып жатсак. Учурда жазгы талаа иштери башталды. Биз бул жакта убара болуп жүрөбүз. Чыгымдарым менен менин доом 300 миң сомдон ашты. Аны өндүрүп алуунун орунда минтип убара болуп жатабыз. Сот иши баштала элек, бирок беш жолу которулду.
Коргоо министрлиги Исмаил Исаков баштаган жогорку чиндеги төрт аскер кызматкерин кызматынан кыянат пайдаланды деп айыптап жатат. Бириккен Элдик кыймылдын лидерлеринин бири, мурдагы министр жана коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков тескерисинче саясий буйрукту биринчи орунга койгон чала сабат адистерден калыс чечимди күтүү мүмкүн эмес деп эсептеп жатат:
-Эгерде сот менен прокурор өздөрү баш болуп мыйзамды тебелеп- тепсеп, бузууларга барып жатканын мен Кыргызстан абдан коркунучтуу абалда калганын баамдадым. Жазылып калган мыйзамдарды башкача айтып, туура эмес айткан профессионал эмес сотторду ишке алып калуу элдин кайгы-муңу, шору.
Бишкек гарнизондук аскердик соттун имаратынын алдына Исмаил Исаковдун жүзгө чукул тарапкерлери чогулуп, саясий куугунтукту токтотуу талаптарын коюшуп, ураан чакырып турушту.