Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ИКУ: Ислам дүйнөсү Кыргызстанга жардам сунат


Кыргызстанга буга чейин да дүйнөлүк ислам аалымдары келип кетишкен. Сүрөттө:Мусулман окумуштууларынын дүйнөлүк Лигасы" уюмунун өкүлдөрү маалымат жыйынын беришүүдө. Бишкек, 2010-жылдын 15-июлу
Кыргызстанга буга чейин да дүйнөлүк ислам аалымдары келип кетишкен. Сүрөттө:Мусулман окумуштууларынын дүйнөлүк Лигасы" уюмунун өкүлдөрү маалымат жыйынын беришүүдө. Бишкек, 2010-жылдын 15-июлу

Курамына дүйнөнүн 57 мусулман өлкөсү кирген Ислам Конференциясы уюму башалмандыктардан кыйроого учураган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө ири каржылык жардамын көрсөтөт.

Бул тууралуу уюмдун атынан атайын расмий делегацияны жетектеп келген ИКУнун баш катчысынын орун басары Атаа Аль-Маннан Бахит мырза Кыргызстанга болгон иш-сапарынын жыйынтыкталышына байланышкан маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле бул уюмдун алкагында чатакташкан жамааттар ортосундагы жараштыруу чаралары улантыла тургандыгы белгиленди.

Ислам Конференциясынын уюмунун баш катчысынын орун басары Атаа Аль Маннан Бахит жетектеген расмий топтун курамында Ислам Өнүктүрүү банкынын, Ислам тилектештиги фондунун жана онго жакын ар түрдүү кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү келишкен. Бул расмий топ өлкөнүн башалмандыктар орун алган эки шаарында болуп, жабырлануучулардын абалы менен таанышышты.
Делегациянын жетекчиси Бахит мырза жабыркаган аймакты калыбына келтирүүгө жана артка кеткен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө ири каржылык жардам бөлүнө тургандыгын убада кылды:

- Биздин уюмдун атынан акыркы бир айда үч делегациянын Кыргызстанга келишинин өзү эле Ислам тилектештигинин бул жакта болгон окуяларга көңүл кош эмес экендигин жана мусулман боордошторубуздун кайгысын тең бөлүшө турганыбызды билдирет. Биздин максат жаңжал кайдан чыкты, кимде күнөө деп изилдеп олтурушта эмес. Биз келтирилген зыяндын өлчөмүн кыргыз бийлиги эртереек аныктап берсе жабыркаган шаарларды калыбына келтирүүгө жардам берүүнүн кеңири программасын иштеп чыгышыбыз керек. Ислам тилектештигине кирген өлкөлөр кол куушуруп олтуруп калбайт. Буга чейин уюмдун алкагында Кыргызстанга ири каржылык жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Ислам Конференциясы уюму тарабынан бериле турган каржылык жардам башкалардан айырмаланып, кайтарымсыз негизде кайрымдуулук катары берилет. ИКУнун расмий тобун коштоп жүргөн Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Жусупбек Шарип каржылык жардам Кыргызстандын өкмөтүнөн эч кандай шарт жана милдеттенмелерди талап кылбастан эле бериле тургандыгын белгиледи:

- Кувейт, Катар, Саудия сыяктуу мусулман мамлекеттеринен каржылык жардам берилгенде анын арты менен эч кандай шарт коюлбайт. Ошол сыяктуу эле Ислам Конференциясы уюму аркылуу бериле турган мамлекеттердин каржылык жардамы дагы кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөбөйт жана шарт койбойт. Бул эми биз бир уммада болгондон кийин мусулман бир туугандарга жөн эле жардам катары берилет.

Кыргызстандын түштүк аймагындагы улуттар аралык араздашууга алып келген жаңжалды Ислам Конференциясы уюму чагымчыл күчтөрдүн аракети катары адамзатка жасалган кылмыш деп баалайт. Расмий топтун башчысы Атаа Аль Маннан Бахит уюмдун алкагында жаңжалдан кийинки жараны айыктыруу үчүн аракеттер улантылаарын айтып өттү:

- Айрым мусулман өлкөлөрүндө да ушундай маселелер болгон. Улуттар аралык, аймактык же болбосо уруулар ортосунда келишпестиктер чыгып, ал кагылышууга айланган учурлар аз эмес. Мындай учурларда чыр-чатакты жөнгө салуу жана жараштыруу иш-чараларын уюштуруу боюнча Ислам Конференциясы уюмунун буга чейин атайын иштелип чыккан механизмдери жана усулдары бар. Ошондуктан уюм мындай кырдаалда натыйжалуу ортомчулук жүргүзүү тажрыйбасына ээ. Бул жаңжалдын кесепеттерин жоюу жана ортодогу жараканы бүтүрүү үчүн биз мына ошол тажрыйбаны колдонгонго аракет кылабыз. Алланын амири менен мусулман боордошторубуздун бирин-бири түшүнүшүүсүнө жетишүүгө жана абалды жөнгө салууга болгон күч-аракеттибизди жумшайбыз.

Буга чейинки бир ай ичинде Ислам Конференциясы уюмунун баш катчысынын расмий өкүлү Аль Бухари мырза жана Бүткүл Дүйнөлүк Уламалар Кеңешинин төрагасы Али Мухиддин Карадахи баштаган мусулман аалымдары келип кетишкен.

XS
SM
MD
LG