- Депутаттардын ушул долбоору эмне үчүн сиздин борборду ынандыралбай жатат?
- Бул жаңы парламент, анан партиялык тизме менен келгенбиз деп эле мурунку совет мезгилиндеги адамга каршы институттарды жандандырганга аябай аракет жасап келатат бүгүнкүгө чейин. Биз парламентти эгемендүү көз караш менен сындап туруп айтканбыз, 2008-жылдагы Конституцияга каршы, негизги фундаменталдык адамдардын укугуна каршы жаман мыйзамдарды кабыл алган деп.
Эми ошонун ичинде кечээги тегерек үстөлдүн демилгеси кайсы комитеттен чыгып атат, баягы эле коммунисттик фракциянын идеологу Исхак Масалаиев чыгарып атат. Ал өзү мурунку биографиясы боюнча милиция болгон. Ошол мурунку совет мезгилиндеги жабык тергөө институту бүгүнкүгө чейин кыйноону алып келип жатат адамдарга, күнөөсүз адамдар түрмөгө кеткен. Ошон үчүн биз аябай каршыбыз, анткени бул - фундаменталдык адам укугуна каршы институтту кайра жандандыруу, бул - коррупция.
- Ошол эле мезгилде бизге эки күн мурда демилгечилердин бири депутат Турдукан Жумабекова айтып атпайбы, тергөөчүлөрдүн жүгү абдан оор болуп кетти, оор кылмыштарды иликтегенге убактысы жетпей калып атат, эки-эки жарым эсе күч менен иштеп жатышат, биз ушуну жеңилдетүү максатын көздөп атабыз деп?
- Бир четинен ал киши туура айтып атат. Анткени тергөөчүлөр бүгүнкү күндө жаман окуу жайларын окушкан, окуу процессине катышкан эмес, жалаң акча менен дипломдорду алышкан. Биз кадр системасын изилдегенде ал жерде конкурс жок, жалаң үй-бүлөлүк, же тааныштык жол менен келишкени көрүнүп калды.
Ошон үчүн бүгүнкү күндө тергөөчүлөр, анын арасында кичинекей маянага аз эле кишини таап алабыз профессионалдарды. Анткени профессионалдуу адамдар Кыргызстандан чыгып кеткен. Анткени Казакстанда, Орусияда керек болгон, чет мамлекетте керек болуп атат. Ал жерде эч бир сабатсыз, кыйноосуз адамдарды дегеле тергей албайт алар.
Депутат жакшы билбей атат, эмне үчүн ушундай мезгилге келди, тергөөчүнү аяганга эч бир себеп жок, анткени ал киши билбейт ичинде эмне жасалып атканын, ал жабык институт. Ал жерде жалаң кыйноолор болуп атат. Ал жерди реформа жасаш керек болчу башка жол менен. Аларды аябаш керек. Ал киши туура көз караш менен иштеген жок, билбейт ал. Ал жерди парламент иликтеп көрө элек.
-Кандай жол менен чечиш керек, мисалы тергөөчүлөрдүн жетишсиздигин, үлгүрбөй атышын, кылмыштарды толук тергелбей атканын?
- Жалпы калайык билет, анткени жалпы реформа деген дегеле болбой атат, укук коргоо органдарынын, Ички иштер министрлигинин реформасы жакшы кетпей атат, анткени. Мына бүгүнкү күндө конституциялык чечимдерди да аткарышпайт. Бул репрессивдүү орган болуп калды жалпы караганда.
Мына Молдомуса Конгантиев кечээ айтып атат, биз депутатты өлтүргөн кишини таптык деп. Ал эмне сотпу, сот боло электе кантип бирөөнү күнөлүү деп айтканга болот. Күнөөсүздүктүн презумциясы бар Конституцияда, мырза министр кайсы бети менен, кайсы укугу менен айтып атат жалпы элге.
-Экинчи маселе, Молдомуса Конгантиев кечээ Жогорку Кеңеште киши өлтүрүү абдан өнөкөткө айланып кетти, муну жөнгө салыш үчүн жанагыдай жазаны күчөтүш керек деген демилге көтөрдү?
-Репрессивдүү-жазалоочу системага келип атышат. Андан башка булардын мээси дагы, сабаты дагы жетпей калды. Анткени укук коргоо институту дегеле иштебей калды, бул буйрук аткарган, саясатташкан институт болуп калды, профессионалдуу институт болбой калды.
-Өлүм жазасын кайра кайтаруу маселеси көтөрүлбөйбү?
- Исхак Масалиев мырза дайыма айтат өлүм жазасы керек Кыргызстанга деп. Бул эмне жапайы мамлекетпи? Биз аябай жакшы баалуулуктардын баарын тең бүгүнкү күндө унутуп коюп туруп, баарын тең өлүм жазасына кетириш керек, көрдүңөрбү.
Анткени улуттук институттар иштебей атат, бюджеттен маянаны алып туруп профессионалдык эч бир сапаты жок иштеп атышат, иштей алышпайт булар. Ошон үчүн реформа болуш керек, ачык конкурс менен ал жерге профессионалдуу адамдар келиш керек, алардын маянасын көбөйтүш керек.
Эгерде министр конституциялык ченемди билбесе, мына айтып атат өлтүргөн кишини тапттык деп, анда соттун да, прокуратуранын да кереги жок, жалаң милиция керек.
-Маегиңизге рахмат.