Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Ысык-Көлдө эс алуу быйыл арзан болот


Дүйнөлүк кризистин айынан быйыл көлгө эс алуучу аз келет деген божомолдордон улам Ысык-Көлдөгү айрым эс алуу жайлар төлөм акыларын 20 пайызга арзандатканын ырасташты. Мындай маалымат жакында өткөн он биринчи эл аралык туристтик жарманкеде дайын болду.

- Бул жылы бааны 20 пайызга төмөндөттүк. Сезон начар болсо да андан чыгыш керек да. Жай ортосунда киши такыр эле азайса дагы арзандатканга туура келет,- дейт Кара-Ой айылындагы “Ямайка” эс алу жайынын директору Жамиля айым.

Дүйнөлүк кризистен улам туристтердин агымы быйыл азаярын белгилеген “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынан Лира Шакирбекова жолдомолор өтпөй атканынан баштады:

- Быйыл профсоюздук пансионаттар менен санаторияларда жолдомо 10 пайызга көтөрүлдү. Былтыр бул маалда туристтик ярмаркада жөн эле буклет таратып отуруп калганбыз, мына быйыл жолдомолордун 30дай пайызы эле сатылды. Баары бир крзистин кедергиси тийип атат.

Жети-Өгүз районан келген турфирма жетекчиси Ысык-Көлдө өткөн туристтик жармаңкенин начар уюшулганын айтты:

- Быйылкы эл аралык делген туристтик жарманке аябай начар өттү. Газондорду тебелеп, акимдин сүйлөгөнүн кара. Чет элден келген туристтеримден уялганымды айтпа. Атымды айтпай эле коеюн, антпесе Кыргызстанда сын айткан кишилердин артынан түшмөй адат да.

Губернатордун орун басары Светлана Мамедованын айтымында, өткөн жылы көлгө 750 миң киши эс алып, 121 млн сом түшкөн. Быйыл алардын саны 800 миң кишиге жетет деген илгери үмүт бар.

Туриз боюнча мамагенттиктин директорунун орун басары басары Жолдошпай уулу Бакыттын айтымында дүйнөлүк кризистин айынан 2012-жылга чейин туристтердин агымы эки пайызга кыскара турганын Дүйнөлүк соода уюму эсептеп чыккан. Кыргызстан ошондуктан туристтердин санын азайтып жибербөө үчүн антикризистик программа иштеп чыгууда.

XS
SM
MD
LG