Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Акча керек убакта - бар, элге керек убакта - жок...


Түп районунун Михайловка айылынын тургундары айыл өкмөт башчысынын ишмердигине нааразыланып, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Атайын түзүлгөн комиссия мүчөсүнүн ырастоосунда – таза сууга жана социалдык фондго төлөнгөн ири суммадагы акчалардын эсеби ачыкка чыккан эмес.

Түп районунун Михайловка айыл өкмөт башчысынын иши облустан канааттандыраарлык эмес деп табылып, анын кызмат ордун кароо боюнча районго атайын милдеттендирилгенден кийин каршылык күчөп кетти. Төрт миңден ашык калк жашаган бул айылдын социалдык абалы начарлап кеткенин билдирген тургундар буларды айтты:

- Таза сууга деп 462 миң сом чогултуп бергенбиз, АРИСтин ал долбоору боюнча быйыл күзүндө эле суу коюлмак. Ал эмне үчүн кечеңдегени, акчалар сакталуубу, айыл өкмөттөн сурасак, оң жооп бербейт. Бюджетти өз аппараты менен сүйлөшөт да элге жыйналыш кылып айтпайт. Анын бул кылыгын облус да билип, бир топ эскертүү берген экен. Эми быйыл свет өчүп эл кыйналып турганда бир айдан бери жумушка чыкпайт. Айыл башчы деген да жок бизде, биздин үндү облуска айтып барчу кишибиз ушинтип атса, анан эл кантип ачуусу келбесин.

Михайловка айылындагы аялдар комитетинин төрайымы Тоту Юсупова айылдын дыйкандарына үлүшкө берилген тегирмен менен айыл чарба техникалары да чоочун ишкерге сатылып кеткенин кошумчалады. Жакында бул маселе боюнча келген комиссияга да жооп берчү, элдин таламын талашчу бир да башчы жоктугунан - ал да башкалардын пайдасына чечилип кетиптир. Ал эми кышында таза суу болот деген убада аткарылбаганына нааразылангандар буларды айтты:

- Биздин айыл гүлдөгөн айыл эле, эми кунары кетти. Айыл өкмөт кайра айылды жандандыралы, акча чогулталы дегенде пайда болот да, анан элге керек убакта жок болуп кетет. Таза суу чыгарбай койду, эми акчаны кайрып берсин. Жакырчылык басып турганда андай акча мындан кийин миң жылда да чогулбайт. Баары таланды, тегирмен, трактор, баары бүттү. Эми отуруп алып кошок кошконубуз эле калды, - бул Каликан аттуу ардагер болду.

Михайловка айылында пенсия курагына келген жашоочулар социалдык фондго төлөм акылары кириштелбегендиктен пенсияга чыга албай убараланып аткандыктары боюнча да айтышты. Көрсө мурунку салык кызматкери Аида Карыбаеванын тастыктоосу боюнча райондук социалдык бөлүмүнүн мурунку башчысы Венера Нуракуновага ири суммадагы акча төккөн менен ал дайынсыз жоголуптур. Аны айылдык комисия мүчөсү Тоту Юсупова ырастады:

- Менин колумда ушул акчаларды, канчалаган буудайларды каякка качан кимге төккөнү боюнча расмий кагаздар жана айылдык салыкчынын мойнуна алган далилдери бар. Мурунку социалдык бөлүмдүн башчысы Венера Нуракунова компьютердеги маалыматтарды баарын жок кылып коюп, жеп, анан бошонуп кеткен. Комиссия муну да иликтейбиз.

Михайлова айылындагы мындай чарбасыздык боюнча толук кабардар эместигин айткан Түп районунун жаңы акими Саматбек Керимкулов жакында бул боюнча кеңири текшерүү жүрөөрүн убада кылды. Ал эми айыл өкмөт башчысы Турат Үмөтбаевдин иши облустук коллегияда талкууга алынып, аны айылдык кеңеште кароо боюнча токтом чыкканын түшүндүрдү. Бирок мунун жыйынтыгы эмне себептен чыга электигин минтип чечмеледи:

- Ооба, чындыгында бул айыл өкмөт боюнча көп кемчликтер бар экени айтылып эле жүрөт. Бирок анын чын бышыгына жете элекпис, азыр ооруп жумушка келбей атат. Мыйзам боюнча көзү жокто анын үстүнөн кароого укугубуз жок. Эми айылдык жыйын өткөрүп, депутаттар ишеним көргөзбөсө жумуштан бошотуууга туура келет, - деди Түп районунун акими Саматбек Керимкулов.

Бирок айылдыктар Михайловка айыл өкмөтү жумуштан кетмейинче саясий акцияларды уюштурулуп жатканын ачыкташты:

- Мындай анархия улана берсе, айла жок пикетке чыгабыз. Бизди мындай укпаса тигиндей укканга аракет кылабыз. Азыр кол топтоо башталды. Элдин ушунчалык чыдамы кетти бийликтин кайдыгерлигине, - деди аялдар комитетинин төрайымы Тоту Юсупова.



XS
SM
MD
LG