Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Жалал-Абадка эл аралык оперативдүү топ жардамга келди


Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектер жарашуу акцияларын өткөрүп жатышат
Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектер жарашуу акцияларын өткөрүп жатышат

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа менен аталган уюмдун оперативдүү тобу бүгүн Жалал-Абадга келишип, облустук жетекчилер менен жолугуп, кырдаал менен таанышты.


Бүгүн түштөн кийин ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа Жалал-Абадда болду. Ал облус жетекчилиги, ошондой эле облустун коменданты, Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы менен жолугушуу учурунда Жалал-Абадда атайын ЖККУга кирген өлкөлөрдүн оперативдүү штабы түзүлө тургандыгын, ал эми ошол штабдын эки өкүлү Жалал-Абадда да иштей тургандыгын билдирди.

Ошондой эле ал Жалал-Абаддагы жагдайды жөнгө салууга жана массалык баш аламандыктарды иликтөөчү тергөө тобуна дагы консультациялык, атайын жабдыктар боюнча жардам бериле тургандыгын айтты. Атап айтканда, өлтүрүлүп көмүлүп калган сөөктөрдү ачып, алардын кимдигин аныктоо боюнча атайын экспертизалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдыктарды жана атайын техникалар жагынан да жардам берилет.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Алик Орозов Кыргызстандын коопсуздук кызмат өкүлдөрүнө өзгөчө атайын техника, атайын жабдуулар аябай керектигин билдирди. Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов ушуга чейин 38 адам кармалганын, булардын бардыгына тең массалык баш аламандыкты уюштуруу, киши өлтүрүү кылмыштары боюнча айыптар коюлуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, башка жактарда жашырынып жүргөн шектүү адамдарды кармоо, шектүү жайларды тинтүү, коопсуздандыруу боюнча атайын операциялар жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн эртең менен Сузак районундагы бир топ ак жоолукчандар кармалып жаткандардын көпчүлүгү бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун, буларды иштеп жаткан жеринен эле кармалгандыгын айтып, нааразылык иш чарасын жасашты. Бирок Жалал-Абад облусундагы коопсуздук боюнча негизги жоопкер киши К.Байболов кармалгандардын бардыгы тең белгилүү деңгээлде негиз менен кармалып жатканын айтууда.

Жалпы жагдай өтө жакшы деп айтыш кыйын. Себеби адамдар ортосундагы мурдагыдай ишенбестик, чочулоочулук дагы эле бар. Айрым маалымат каражаттарында кечээтен баштап коменданттык сааттын шарты жумшартылганы айтылганы менен, мурдагыдай эле көчөлөрдө текшерүүлөр жүргүзүлүп, атайын машиналар менен коопсуздук кызматкерлери өтүп жатканы байкалып атат.

Качкындар негизинен кайтып бүтүштү. Үйлөрү талкалангандар туугандарынын, тааныштарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалап атышат. Ал эми Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн айтуусунда, аларга ылдам курулчу үйлөрдү берүү, же болбосо атайын чатырларды тигип берүү боюнча маселе каралып атат.

Кыргызстандын ичиндеги ошол эле Ош, Жалал-Абад жана башка жактардан жакынкы айылдарга, же тууган-уругуна качып келген жарандардын да саны сыртка кеткен качкындардын санынан кыйла арбын болгон. Булардын көпчүлүгү жогорку окуу жайлардын студенттери, жаш балдар жана аялдар болгон. Булардын алды шаарга кайтып атат, бирок ошол эле мезгилде айылдарда дагы эле жашап атышкандар да бар. Себеби келиштен дагы чочулап жатышат.

Көпчүлүк эл айылдарда гумжардамды күтпөй эле тополоңдо жабыркагандарга аларга колдон келишинче жардамын берип атышат. Үйлөрү өрттөнүп кийимсиз, тамак-ашсыз калгандарга биринчи иретте жардам берилүүдө.

XS
SM
MD
LG