Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Жалал-Абад: башаламандыкта жабыркагандарга жардам берилүүдө


Жалал-Абадда 19-майдагы башаламандыкта 74 адам жабыр тартты. Ок тийген үч киши каза тапты. Учурда ок атышуулардан жабыркап, облустун ооруканаларында дарыланып жаткандардын абалы жакшы. Сузак райондук ооруканасына түшкөн адамдардын ичинен бирөөсүнүн абалы оор.

Облустун ооруканаларына 19-майдагы тополоңдо жабыр тарткан 74 киши кайрылган. Учурда алардын 11и ооруканада жатат. Медициналык зарыл жардам алган башка адамдар үйлөрүнө кайтарылган.

Бириккен оорукананын баш дарыгери Абдилатип Шамшиевдин ырасташынча, жабырлануучуларга саясий турумуна, улутуна карабай жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абадда 14-майдан берки тополоңдо оорукана бир жарым миллион сом чыгым тартканы менен керектүү каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Жалал-Абад облустук жана шаардык бийликтери менен шаар депутаттары жана ФОМС уюму тарабынан келүүдө.

19-майдагы тополоңдон облуста үч адам октон каза тапты. Оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Сакабаев 14-майдагы окуяда жабыр тарткандардын бир нечеси Бишкек шаарына которулганын билдирди. Ошондо таш бараңга кабылып, октон жараат алгандарга жардам көрсөтүүдө эч кандай маселе жок экендигин кошумчалады.

- 19-майда болгон митингге чыгып, эки тараптын кагылышуусунан келип түшкөн бейтаптардан төртөө түшкөн. Төртөөнүн ичинен эң оор болуп башына ок жеген Эламан Арапбаев 21-майда каза болду. Ага операция жасалган, бирок жарааты оор экен. Азыр алты киши ооруканада жатат.

14-майда жабыр тарткан Жаныш Курбанов мурдагы бийликтин тарапкерлери түрдүү ушак-айыңдарды таратуу менен эл ичин дүрбөтүп жаткандыгын белгиледи. Мурдагы президент К. Бакиев менен убактылуу бийликти кубаттагандардын арасында таш бараңга кабылган Ж. Курбанов башка жарадарлар өңдүү күндүр-түндүр жардамын аябаган дарыгерлерге ыраазы болду:

- Бийликтин курмандыгы болуп жатат. Эски бийлик өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн жасалган аракет. Алар көлөкөдө туруп алып, команда берип, эч кандай күнөөсүз, саясатка түшүнбөгөн калың калк жабыркап калып атат. Кыргызстанда будуң-чаң боло берсе, азыркы бийлик башкара албай калды, күчү жетпей калды деген максатка жетиш үчүн жасап атышат.

Мирлан Абдраимовго Жалал-Абаддагы улутчул адамга каршы чыккан митингде чачма ок тийген. Дарыгерлер бир күн мурда анын ичинен эки окту алышкан:

- Азыр акыбалым жакшы эле болуп калды.

Аны менен бир бөлмөдө жаткан Нурбек Хуркунов 14-майдагы тополоңдо элдин колунда курал болбогонун айтат:

- Биз тынч жатсак болбойбу деп Кадыржандын астына бердык эле. Ошондо көзүмдүн үстүнө ок тийди.

Көздөрүнүн айланасы менен бети башы көгөрүп жаткан жигит ошо күнкү тополондо эмне тийгенин эстей алган жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG