Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Жалал-Абад: үй-жайынан айрылгандардын күйүтү


Бүлгүнгө учураган көчө
Бүлгүнгө учураган көчө

Массалык тополоң маалында үй-жайлары өрттөлгөн Жалал-Абад шаарынын тургундары туугандарыныкында баш калкалоодо. Июнь айындагы тополоңдо жеке жарандар менен бирге мамлекеттик бир нече мекеме- уюмдардын имараттары (Жалал-Абад шаардык МАИ, Жалал-Абад облус бажысы, ЖТР имараты, ээлери кыргыз ишкерлери болгон бир нече кафе-ресторандар да) өрттөлүп таланып-тонолгон. Баш паанексиз калган жарандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын чатырларды район-шаарларга бөлүштүрдү.

Май-июнь айларындагы тополоңдо Жалал-Абад облусунда 772 жеке менчик турак-жайлар менен мамлекеттик мекеме-ишканалар өрттөлгөн. Губернатордун өзбек улутундагы орун басары Тайкожо Гиязовдун ушундай маалыматына караганда алар тарткан материалдык зыяндардын өлчөмү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан эсептелүүдө.

Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүчү мамлекеттик башкы дирекция келери күтүлүүдө. Үй-жайы өрттөлгөн жарандардын баш калкасы үчүн Чукул кырдаал министрлиги 320 чатырды Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон, Сузак райондоруна бөлүштүрдү. Чатыр жагынан көйгөй жок, деди Тайкожо Гиязов:

- 320 чатырча даярдаганбыз, анын 150сү Базар-Коргон районуна кетти, 100 чатырча Жалал-Абад шаарына берилген, Сузак районунун өкүлдөрү өзүнүн арызын боюнча алып жатышат. Ким чатырча керек деп арыз менен кайрылгандардын барына берилип жатат.

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө өзбек улутундагы жарандардын турак-жайлары менен кошо кыргыз атуулдарынын да үй-жайлары өрттөлүп, таланып тонолгон. Алардын көпчүлүгү ээлери жок, аңгырап бош турат. Үй-жайынан кабар алганы келген бир нече адамды көчө боюнан учураттык. Алардын бири - Шарабидин Атабаев карыя күн сайын мурда он адамга баш паанек болгон үй-жайынан кабар алганы келгенин билдирди. Кышка дейре үйү кайра курулуп бүтпөсө кайда жашарын билбеген карыянын ал-жайын сураганы тууганы бутка урунган кесек-таштарды ары ыргытып, басар жолду тазалаган болду.

“Азаттыктын” суроолоруна Ш. Атабаев мындайча жооп узатып турду:

- Маляларды уюштуралы, тазалайлы деп атабыз.

-Эми кайда жашап атасыңар?

-Азыр Жалал-Абадда кошуналардыкында, бир күнү тиги кошунада, бир күн бул кошунаныкында. Бизге оокат берип атышат, көрпө берип атышат, ошентип жатып атабыз.

Аталган көчөнүн тургуну, Баатыр эне Монусхан Вахапова үчүн өзүнүн үйүндө жашоо мүмкүн эмес. Өрттөлүп, талкаланып-тонолгон турак-жайлар сыяктуу үч үй-бүлө турган короонун жылаңач дубалдары гана калган. Төшөнчү-жуурканы, башка үй-мүлктөрү жок калган көчөнүн тургундары Жалал-Абаддагы урук-туугандарыныкында убактылуу жашап тургандыктарын билдиришти. Алар сынган идиштерди, үйдүн күйгөн жыгачтарын ары-бери түрткүлөшкөнү менен өрттөлгөн турак-жайларын кантип кайра куруунун амалын билбей турушат:

- Үйүбүз бүт бойдон күйүп кетти. Азыр бир күнү уулумдукуна барып жатып атабыз, уулум ок жеген. Үй өрттөнгөндө биз качып кеттик. Келсек эч нерсеси калбаптыр.

Тополоң маалында кыргыз чек ара аймагына качып, ал жактан жакында кайткан Максуда Режапова ушу тапта инисинин үйүндө баш калкалоодо.

Облус борборундагы бул көчөдө жайгашкан Жалал-Абад бажысы да июнь айында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлүп, жети автоунаасын тоноткон. Бажынын башчысынын орунбасары Темир Абыловдун айтымында, облустагы баш-аламандыктарда улутчулдук саясатын жүргүзгөн өзбек улутунун лидерлери эмес, мамлекеттик мекеме- ишканалар менен карапайым жарандар жабыр тартты. Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык МАИ жана ЖТР телеканалынын имараттарын, Жалал-Абад бажысы менен анын ыптасында турган кыргыз атуулдарына тиешелүү үй, кафе-ресторандарды өрттөп талап-тоногондор жоопко тартылуусу абзел.Ал дүйнөлук маалымат каражаттарында айтылып келаткан май июнь айларындагы башаламандыкта өзбек улуту көбүрөөк жабыр тартууда деген маалыматтарды четке какты:

- Анализ көрсөттү, көтөрүп кетүүгө ыңгайлуу оор техникалар, компьютерлер, жылыткыч аппаратуралар, телевизор, радио, күндөлүк турмушубузга пайдаланган нерселер, наркотикке каршы күрөштө колдонулчу 500 миңдик аппаратуралар өрттөлгөн эмес, алардын баары тонолуп-таланып кеткен. 6 Нива, 1 Волга биротоло 100 пайыз жараксыз болуп өрттөлгөн. Мен бул жерде бир нерсени белгилейин деп атам, улуттар аралык конфликттин натыйжасында жеке жарандардын үйлөрүнө зыян келтирилсе, ал кыргыз улутундагы жигиттер аркылуу зыян келтирилди. Ал эми өзбек улутундагы жарандар келтирген зыяндар негизинен мамлекеттик имараттын , мекемелердин ишканалардын имарттары, башкача айтканда облустук ГАИ, Жалал-Абад бажыкананын имараты, телерадио компаниясы, булар мамлекеттик маанидеги имараттар, - деди Темир Абылов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG