Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Жалал-Абатта эл отун-суудан кыйналууда


Жалалабат облусунун тургундары электр жарыгынын өчүрүлүп, азык-түлүк менен отун-суу кымбаттыгына нааразы болууда.

Элет калкы электр кубаты күндүзү өчүрүлүп, түнкүсүн үзүл-кесил берилгенине нааразы болууда. Айыл-кыштактарда белгиленген убактардан тышкары да жарык болбойт. Бийлик энергетикалык киризис жок дегенин күндөлүк турмуш төгүндөөдө. Сузак районунан Кушбак Султанкулов өзү жашаган Кызылтуу айылындагы эл эки-үч күндөп карангыда калып, акыбал кыйындап баратканын айтат:

-План менен өчүргөнү башка. Андан башка дагы бузулуп калат. Оңдогуча эки-үч күн өтүп кетет. Жашоо начар, жарык болбогондон кийин чай кайнатып иче албасак. Эми отун-суу бар айыл жеринде турабыз. Бакиев айтмакчы “тезегибиз бар” бирок, баары бир жарык болбосо кыйын экен.

Президент топтоп ал деген тезекти шаарлардагы көп кабаттуу үйлөргө жагууга мүмкүн эмес.

Кары-картандар менен көп бүлөлүү, пенсия жана жөлөк пул, жарыбаган маяна алган адамдардын үй-бүлөлөрүнө кыштоо оңой эмес. Алар бак-дарактарды кыйып жагышууда. Көмүр-отун алууга элеттиктердин мүмкүнчүлүгү жок. Базар-Коргон районунда жашаган Чынарбек Жөргөмовдун ырасташынча өлкө өз калкын электр жарыгы, көмүр-отун, жылуулук каражаттары менен толук камсыз кылалбай турганда, аны сырт өлкөлөргө сатуу түшүнүксүз:

-Көмүр алган адам отун алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп атат, отун алган адам көмүр алганга мүмкүнчүлүгү жок. Тамак-аш кымбат болгонуна байланыштуу, үй-бүлөдө көбүнчө бардык нерсе тартышка айланды. Өзүбүздүн колубуздагы нерсени туура пайдалана албай башка жакка сатып, өзүбүз караңгыда отурабыз. Ымыркайларга, кары-картаңдарга кыйын болуп жатат.

Облустук бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, социалдык мекемелер отун-суу менен жетиштуу камсыз болгон. Калк да кыштык камылгасын көргөн. Электр тогу өкмөттүн токтомунун негизинде шаарларда түнкүсүн өчүрүлүп жатканы ырас. Мындай чарага барууга Токтогул көлүндө суунун аздыгы менен энергетикалык коопсуздукту сактоо талабы шарттады. Жарыкты көп талап кылган коомдук тамак- аш жана тейлөө жайлары менен үч фазалуу жабдуулар өчүрүлүүдө деп айтты облустук бийликтин транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев:

-Биздин өкмөттун 2008-жылдын 29-октябрындагы 602- токтому менен ушул биздин лимитти сактагыла, өлкөбүздө электр энергиясынын жетишсиздигинен оор шартка алып келбейли деген багытта болуп жаткан иш.

Облус тургуну Нурбай Шакиров кышта кыйналган калктын чыдамы улам түгөнүп бараткандыгын айтты. Бирок жарандар саясий акцияларга чыгууга батынбай турушат:

-Элдер баардыгы эле нааразычылык билдирип жатышат. Жарыктык өчүп калып жатат деп, кыйналып жатышат элдин бардыгы. Көмүр барында бар, жогунда жок. Энергияны кичине колдоноюн десе свет жок, кечинде мейманга барып калса, электр кубаты жок тамак кыла албайсың. Ушундай кыйналып жатышат. Кыргызстанда жашап туруп жарыгыбыз жок болуп калса анан кандай болот. Эң көп суу бизде өзү.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG