Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Жалал-Абад: Жабырлануучулар кышка дейре үйлүү болобу?


Жалал-Абад облусундагы баш-аламандыктарда 424 турак-жай өрттөлүп, талкаланганы айтылууда.
Жалал-Абад облусундагы баш-аламандыктарда 424 турак-жай өрттөлүп, талкаланганы айтылууда.

Жалал-Абад облусунда өткөн айлардагы капсалаңда жапа чеккендер үчүн үй-жай курулууда. Бирок эмгиче үй курулушу баштала элек жабырлануучулар суук жакындаган сайын тынчсызданууда.

Ушу тапта Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунда 40 үйдүн пайдубалы куюлууда. Облуста баш аламандыктарда өрттөлгөн 424 турак-жай ээлери үйү менен кошо жашоого керектүү бардык каражаттарынан, мал-мүлкүнөн да ажыраган. Имараттар өкмөт менен эл аралык уюмдардын эсебинен тургузулууда.

БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариаты баш болгон эл аралык уюмдар жабырлануучуларга 50 чарчы метрге дейре турак-жай куруп берүүнү чечкен. Ошончо эле өлчөмдөгү үйдү Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция да курууда. Дүйшөмбүдөн тарта жабырлануучулардын ар бирине курулуш ишинин жүрүшүнө карай 200 миң сомдон насыя акча которулат. Каалоочуларга 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилет. Бирок курулушту тездетүүгө жараксыз үйлөрдү бузуу, аларды таштандылардан тазалоо, жабырлануучуларга эсеп ачуу, ал үчүн жапа чеккендердин өздүк документтерин тактоо, алар менен келишим түзүү көйгөйлөрү колду байлоодо.

Базар- Коргон районунда ЮСАИДдин жардамы менен эки бөлмөлүү бир үй өткөн аптада тургузулган. Дирекциянын облустагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Талант Исмаилов жабырлануучулар кышка дейре үйлүү болооруна ишендирди:

- Кээ бир үйлөрдун фундаменти гана калган. Үйлөрдүн 95 процентине чейин эски, алардын дубалы пакса жана камыш, алар сейсмотуруктуулукка жооп бербейт. Ошолорду комиссиялардын чечими менен бузуу керек. Таштандыларын тез арада алып чыгуу, дирекция тарабынан жабырланган ар бир үй- бүлөнүн кожоюну менен келишим түзүү керек. Кээ бир үй- бүлөлөрдүн документтери жок, күйүп кеткен. Район жана айыл өкмөттөр тарабынан аларды калыбына келтирүү иштери жасалууда.

Анткени менен үй курулушу баштала элек жабырлануучулар убакыт өткөн сайын суук мезгил жакындаганына тынчсызданууда. Базар- Коргон районундагы үйсүз адамдардын ал жерге 12-августта барган президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Июнь айында үйү өрттөнгөн мугалим аял көрүнгөн жерде баш калкалап келатканын, 8 үй-бүлө жашаган турак-жай курулушка тазаланса да иш башталбаганына өкүнүп, өз абалын мындайча сүрөттөдү:

- Мага жай жок. Жаныбыздагы балдар бакчасынын кароолканасында жашап атам. Биз күтүп атабыз качан болот деп. Куруп беребиз, куруп беребиз дешет. Кыш келсе мен кайда барам, кароолчу келсе мени кууп чыгат да. Ошон үчүн айла кетти. Акимге киребиз, айыл өкмөткө киребиз, архитектурага барабыз. Дубалды бузгула дешти эле аны түшүрдүк. Калганы ошол эле бойдон турат, иш башталганы жок.


Районго аты уйкаш айылдын тургуну Көкөтай Режебалиева өрттүн айынан үйүнөн ажырап, кыш келсе үй-бүлөсү кайда бараарын билбей турганын туюндурду:

- Биз бир үйдө үч үй-бүлө жашайт элек. Ал үй күйүп кетти. Эми отурабыз, же жардам жок, же башкасы жок. Качан башташат, билбейм. Эски чарпаяга коюлган чатырда жашап атабыз.

Бийлик өкүлдөрү менен курулушту жүргүзүүчү тармактык уюмдардын тил эмизгени менен иш башталбаганына Сахиба Абдукаримова баштаган бир топ аялдар да нааразы болду. Ал өрттөнгөн турак-жайын калыбына келтирүү арызы менен бардык уюмдарга кайрылса да тыянак чыкпаган. 8 баласы менен бирөөнүкүндө батирде турган аял чатырда жашоо мүмкүн эместигин, үй курууга зарыл каражаттар менен насыя акча да кечеңдегенине бушайман:

- Эч нерсе болгон жок. Кирип чыгып атышат, кирип чыгып атышат. Жер, кредит деле,акча деле берише элек. Курулган жок, кайсы жерде жашайбыз эми. Кайрылып атабыз, кайрылып атабыз, ана болот, мына болот дешет, жылыш жок. Бизде абал оор, чатырда суук. Эртең жамгыр жаап, дуу этип чатырга кирип келсе, жаш балдарыбыз менен эмне кылабыз деп коркуп отурабыз, - деген Сахиба Абдукаримованы коштогон аялдар кайрымдуулук жардамы берилгени менен жамгыр жааган күндөрү жашоо оор болоорун айтышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG