Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Жалал-Абат: Өнүгүүгө тоскоолдуктар чачтан көп


Социалдык маселелер чечилбей курчугандыктан элдин толкундоолор күч алууда
Социалдык маселелер чечилбей курчугандыктан элдин толкундоолор күч алууда

Жалал-Абат облусунун коопсуз өнүгүүсүн торогон кыйла курч жагдайлар бар. Мындай бүтүм БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ар бир облусту изилдеген талдоосун жыйынтыктаган тегерек үстөлдө чыгарылды.

БУУнун «Тынчтыкты жана өнүгүүнү талдоо» аттуу долбоору жер-жерлерде семинар өткөргөн. Ушу тапта Ош, Баткен, Чүй дубандарынын өнүгүүсүн чидерлеген талдоонун жыйынтыктары чыгарылды. Жалал-Абат облусунун келечегине тоскоолдук кылган көйгөйлөр баарынан арбын болду.

Аймакка тиешелүү көйгөйлөрдү талкууга койгон эл аралык сабырдуулук корунун өкүлү Асылбек Кочкорбаевдин белгилешинче, март ыңкылабынын үмүттөрү акталбаганына калктын көңүлү чөгүңкү.

Бийликке ишенбөөчүлүк, мекеме-уюмдардагы, окуу жайлардагы жана бала төрөлгөндөн сөөк коюуга чейинки коррупция, улуттар аралык мамиле, табият кырсыктары, суу жайыт талаштары, коңшу өлкөлөр ортосундагы проблемалар да эртеңкиге кооптуу жагдай.

Улуттук каада-салт, генофонд, өз укугун талашууга кайдигер караган калктын аң – сезиминин төмөндүгү да негизги себептерден:

- Бийлик көп маселелерди чечпей жатат. 2005-жылкы окуялардан кийин ойлогонбуз, көп нерсе өзгөрөт, башкача болот деп. Тилекке каршы андай болбой, тескерисинче коррупция бүгүнкү күндө андан дагы көп болуп кетти деген сөздөрдү айтып атышат. Коррупциянын деңгээли мектепке, төрөт үйлөрүнө жетти, каражатсыз мамлекеттик структурага иштөө кыйынга туруп калганын баса белгилеп кетишти, - деп айтты Асылбек Кочкорбаев.

Эл аралык сабырдуулук уюмунун президенти Рая Кадырова мамлекеттик кызматкерлердин тартипсиздиги менен чек аралардын такталбаганына, балдар кылмыштуулугуна, өспүрүмдөрдүн окууну таштап, жума күнү мечитке бараарына, мектеп эртеңки кылмышкерлердин уясына айланганына талкуудагылардын көңүлүн бурду.

Улут аралык жана диний уюмдар, балдар менен ата-энелер ортосундагы мамилелер да курч бойдон калууда. БУУнун программасынын менеджери Абдраим Жорокуловдун сөзү боюнча диний кырдаал чиеленип баратат. Ноокаттагы окуя өлкөдөгү ал жагдайдын кандай абалда экендигин ырастады:

-Айрыкча диний чыр-чатактар эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул олуттуу маселелер. Эгерде алдын ала ошолорго кандайдыр бир привентивдүү, же башка чараларды, же алдын алуу чараларды көрбөсөк, анда кеч болуп калышы мүмкүн.

Талкууга катышкан бийлик өкүлдөрү мамлекеттик уюмдардагы паракорчулукту жокко чыгарышты. Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын жообу боюнча учурда жума күнү мечитке каттаган жана кылмыш жасаган балдардын саны азайды. Бийлик эл үмүтүн актоого аракет жасоодо. Каада-салттар тууралуу теле берүү даярдалууда. Терс жагдайларга каршы иш-чаралар иштелип чыккан.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG