Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

“Ош шамы” гезитинин кабарчысын сабап кетишти


2-ноябрга караган түнү "Ош шамы" гезитинин кабарчылар түйүнүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Редакция жетекчилиги бул окуяны журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.

Ош шаардык ооруканасына Кубаныч Жолдошев 2-ноябрда түн ортосунда жеткирилген. Анын азыркы абалы туурасында медициналык мекеменин нейрохирургу, журналистти караган дарыгер Кылыч Мамашарипов буларды билдирди:

- Жолдошев Кубанычтын өзүнүн сөзү боюнча, түнкү саат экилер чамасында «Ак тилек» чайханасынын алдында белгисиз адамдардан токмок жеген. Азыркы учурга акыбалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Алдын ала коюлган диагнозу - мээси чайкалганы анык, кабыргасы сынган деген шек бар.

Журналист Кубаныч Жолдошевди кепке тартканыбызда, достору менен Батыш кичи районунда сүйлөшүп отурушкандыгын, түнкү саат 12 чамасында аны шериктери тааныш таксиге салып жиберишкендигин, Гагарин көчөсүндө жол коопсуздугу кыймылын көзөмөлдөө кызматынын эки машинасы тосуп, айдоочуну мажбурлап алып кетишкендигин, акырында өзү көчөдө жалгыз калганда белгисиз үч жигит сабап кеткендигин эстеди:

- Өзүм кетип атканда эле МАИ тосту, мен айдоочунун жанында отургам, бирөөсү мени тартып калды. Айдоочу мас эмес, кое берип койгула десе, аңгычакты аны салып, мен жүргөн машинаны айдатып кетип калышты. Ангыча болбой үч гражданский кыргыз балдар чыгып, таманын көкүрөгүмө коюп, тилиңди ач деп кекиртегимден буту менен муунтту.

Бул аралыкта кабарчылар түйүнүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевдин сабалышын редакция жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштырууда. «Ош шамы» гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакулов кесиптеши буга дейре Ошто бир топ терс көрүнүштөрдү ашкерелеп жазгандыгы, чындыкты чагылдыргандыгы үчүн айрым аткаминерлердин ачык опузасына кабылгандыгын маалымдады:

- Буга чейин дагы кээ бир гезитте сындалуучу адамдарга ортомчу болгон адамдар тарабынан бизге айтылган: "абайлабасаңар өзүңөрдөн көрүп каласыңар" дегендей эскертүүлөр болгон. Кубанычтын окуясына байланыштуу мен өзүмчө тыянак чыгарып жатам, бул жерде кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун «Азаттыкка» кабарлашынча, журналист Кубаныч Жолдошевдин токмоктолушу боюнча факты терең иликтенүүдө, бирок кылмыш иши козголо элек.

Медиа серепчилер массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салуу көнүмүш адатка айланып бараткандыгына абдан тынчсызданууда. Алардын бири Абай Эшмаматов мындай дейт:

- Кубаныч Жолдошевдин сабалышы Ош шаарында, жалпы түштүктө, дегеле Кыргызстанда иштеп аткан журналисттер үчүн, албетте, кооптонууну туудурат. Себеби буга чейин да Оштун бир операторун сабап кетишкен, андан кийин милиция кызматкерлери Ноокатта Алмаз Ташиев деген журналистти сабап өлтүрүшпөдүбү. Бул, биринчиден, сөз эркиндигине карата жасалган чабуул болуп эсептелет.

Абай Эшмаматовдун оюнча, мындай окуяларды президент Курманбек Бакиев баш-аягына дейре өзү жеке көзөмөлдөмөйүнчө, өлкөдө журналисттерди коркутуп-үркүтүү, өмүрүн кыюу токтошу күмөн.

Кубаныч Жолдошев жыйырма тогуз жашта, «Ош шамына» чейин «Азаттык» үналгысында, 5-канал, КТР телекомпанияларында эмгектенген.

XS
SM
MD
LG