Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Энергетика маселеси Коомдук палатанын кароосунда


Коомдук палата 29-сентябрда электр энергетика тармагынын абалы боюнча угууларды өткөрдү. Анын алдында Коомдук палатанын мүчөсү Жумакадыр Акенеев бул маселени Коомдук палата түзгөн комиссия иликтеп чыкканын билдирди.

-Комиссия өзү бул маселени иликтеп чыктыбы, өзүнүн көз карашы пайда болдубу?

-Сөзсүз түрдө. Биз иликтедик колдон келишинче, ийне-жибине чейин иликтөө кылууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок биз ушундай бир маселелерди коёлу деп атабыз. Маселен, май айында Токтогул суу сактагычында 11 миллиард кубометр суу топтолсо жарык өчпөйт деген бир маалымат кеткен. Андан кийин август айында 12 миллиард болду деп, бир айдан кийин кайра 12 миллиард октябрдын аягында болот деген маалымат кетти.

Эми ошондой ар түрлүү, бири-бирине эп келбеген маселелер болууда. Эмне себептен улам-улам 14 миллиардга чейин суу топтолбосо жарык өчүрүү болуш керек деген орчундуу маселелерди айталы деп жатабыз да. Эмне себептен энергетиканын тарифтери жогору баа менен элге сатылып атса да жакында дагы көтөрүлгөн жатат. Эмне себептен ошондой болуш керек?

- Жумакадыр мырза мына экономист катары айтсаңыз, электр энергиясын 1-октябрдан баштап жалпы өчүрүүлөр жалпы ишкерлик экономикага кандай таасирин тийгизет?

-Сөзсүз түрүндө бул катуу таасир берет, себеби саат түнкү 12 ден эртең мененки бешке чейин өчүрүлөт деген менен ошол убактарда көп-көп кичи ишканалар иштейт да. Эртеңки күнгө даярдык көрүп нан бышыруучулар жана башка тамак даярдоочулар баары бир иштейт да.

Анан жарык өчүрүлсө, алар айла жок өзүнүн ишин токтотууга мажбур болот да. Ошон үчүн канча саатка өчүрүлсө, ошончо пайызга экономиканын акыбалы ылдыйлайт да. Бул сөзсүз түрдө таасирин берет.

- Мына өкмөт башчынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов айтты, бул өчүрүүлөрдүн бир гана себеби, суу азыр жетиштүү болгон менен келерки жылы кургакчылык болуп калышы мүмкүн, ошого даярдык көрүү катары баалады да. Ушундай даярдык зарылбы?

-Эмнеге мурунку жылдары 12 миллиард топтолгондо жарык өчкөн эмес да. А эмне себептен быйыл өчүрүлүш керек, эмдиги жылкыга даярдык болуш керек, ошону биз тактайлы деп атабыз да.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG