Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

К.Досумбетов: “Жардырууга даярдык иштер толугу менен бүттү”


22-декабрда Камбар-Ата-2 ГЭСинде сууну бөгөө иш чарасы өткөрүлөт. Күндүзгү саат он экилерде Камбар-Ата-2 ГЭСине сууну бөгөө максатында ири масштабдуу жардыруу жүргүзүлүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Мына, Камбар-Ата-2 ГЭСинде жардыруу, сууну бөгөө иш-чарасы жүргүзүлгөнү турат. Ушуга даярдыктар кандай болду?

Кылыч Досумбетов: Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги тараптан Камбар-Ата-2 ГЭСин жардырууга карата алдына- ала чаралар көрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-декабрда чыккан буйругунун негизинде министрликтин структуралык өздүк курамы Камбар-Ата-2 ГЭСине жөнөп кетти. Буйрукка ылайык, 65 комплект көмүр менен жагылуучу печка, 40 орундуу 45 чатыр Кара-Жыгач айылынан 60 метр аралыкта палаткалуу шаарчага жеткирилди.

Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан, өрткө каршы күрөшү мамлекеттик башкармалык тараптан Камбар-Ата-2 ГЭСине үч тутум өрт өчүрүүчү техника жиберилген. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаменти тарабынан бир тик учак жардыра турган жерлерди учуп өтүп, аларды көзөмөлдөө максатында жөнөтүлгөн.

“Азаттык”: Кылыч мырза, айрым бир угармандар чоочулап суроо салып жатышат, жер титиреп кетпейби деген кооптонууларын билдиришүүдө. Ушуга алдын-ала чаралар көрүлдүбү?

Кылыч Досумбетов: Бул жардыруу жалаң эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан даярдалган жок. Мындан сырткары Кыргызстанда министрлик аралык мамлекеттик комиссия бар, ошол тараптан комиссияга ар кандай министрликтен илимий институттардын адамдары мүчө болуп саналат.

Алар жер титирөө ошол аймактын тегерегинде эле болушу мүмкүн дегендей ойлорун айтышкан. Бирок канча балл болору тууралуу так маалымат жок, ал жардыруудан кийин билинет.

Андан тышкары Транспорт министрлиги билдиргендей, бүгүн саат 9дан баштап Ош-Бишкек жолу жабылат. Жардыруу болжол менен күндүзгү саат 12де болот. Ошон үчүн жол тогузда жабылат.

“Азаттык”: Кылыч мырза, эгерде жашыруун болбосо канча тонна жардыргыч зат колдонулган жатат жана канча көлөмдөгү тоо массасы жардырылып, сууну бөгөйт?

Кылыч Досумбетов: Бул маселенин бардыгын Отун-кубат министрлиги даярдап, Москвадан атайын бир мекеме келип, ошолор даярдык көрүшкөн.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге!

"Азаттыктын" архивинен: Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү


Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG