Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Канат Абдырахматов: Италиядагы зилзала Кыргызстан үчүн чоң сабак


Италиядагы зилзала 300дөй адамдын өмүрүн алды
Италиядагы зилзала 300дөй адамдын өмүрүн алды

Сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан Кыргызстан үчүн Италиядагы жер титирөө сабак болуу менен адистердин көңүлүн бурууда. Өлкөдө бул табият кырсыгынан сактануу чаралары жана жалпы эле сейсмикалык коопсуздук маселелеринин күңгөй-тескейлери тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Канат мырза, Италиядагы болгон кырсыктан кийин Кыргызстан кандай сабактарды алышы керек, жер титирөөнүн залакасы, же таасири Кыргызстанга да тйибейби?

- Италия башка сейсмикалык тилкеде турат. Кыргызстан болсо Тянь-Шань, Памир, Гиндикуш сейсмикалык тилкесинде, башка жакта турабыз. Өзүңөр билесиңер, Бишкектин тегерегинде 46га жеткен жаңы конуштар бар. Ал жактагы 70 пайыз үй 6-7 баллга туруштук бере албайт. Ошондуктан жаңы конуштар биздин сейсмологдорду тынчсыздандырып атат азыр.

- Кыргызстан өзү сейсмикалык кооптуу аймакта турат. Өлкөдөгү сейсмикалык абалдын учурдагы абалы кандай?

- Орточо эсеп менен алсак, жыл сайын Кыргызстанда 3 миңге жакын жер титирөөлөр катталат. 2008-жылы бир миңге жакын эле жер титирөө болду. Бул эмнени белгиси? Жер азыз сеймикалык тыныгууда турат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Себеби биз шекшип атабыз, катуу жер титирөөнүн астында ушундай тыныгуу болуп, чыңалуулар топтолуп атат деген белги болушу мүмкүн. Азыр ошонун үстүнөн иштеп, изилдөө өткөрүп атабыз. Мисалы 2009-жылды алсак, 3 айдын арасында бир 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул дагы жакшы көрүнүш эмес. Себеби жер катмарында топтолгон чыңалуулар майда-майда порция менен бошош керек. Бирок азыр бошобой атат. Эмне себептен ошондой болуп атат, бул эмнеге алып келиши мүмкүн деген суроолор менен азыр алек болуп атабыз.

- Кыргызстандагы жер титирөө коопсуздугун алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү кандай жана жалпы эле коопсуздук иш чаралары кандай жүрүп атат?

-Чынын айтсак, азыр биздин өкмөт, өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн жумушун күчөттү. Анткени азыр телевидениеден көрүп атасыңар, тренингдер өткөрүлүп атат, кечээ эле теледен көрдүм, ооруканаларда да атайын тренинг өткөрүп атат, 1-2 мүнөткө жеткен роликтерди да көрсөтүп атат. Өкмөт ушул багыттын үстүнөн катуу иштеп атат дегендин белгиси. Ага кошумча биздин институт дагы бир нече программа түзүп, бир нече китепчелерди жазып, аларды да элге таратып атат.

- Өзүңүз белгилеп кеттиңиз, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын сейсмикалык абалы начар деп. Ал эми өлкө боюнча айылдагы курулуштардын акыбалы кандай, жер титирөө кырсыктары болсо, ошол курулуштар чыдай алабы?

- Тилекке каршы, азыр айылдарда курулуп аткан үйлөрдүн 70-75 пайызы 6-7 баллдык жер титирөөгө туруштук бере албайт. Азыркы курулуп аткан үйлөр илгерки ыкмалар менен курулуп атат.

- Сиздердеги техникалык жабдуулардын, техникалык каражаттардын акыбалы кандай. Адситердин даярдыктары, билим деңгээли дагы учур талабына жооп береби?

- Бизде азыр 26 сейсмикалык станция бар, ошонун онун биз алдыңкы станциялар менен алмаштырдык. Эми он төртү калды. Буюрса 2009-жылы дагы алты станция алалы деп атабыз, жаңы жабдуу менен даяр болобуз. Бирок тилекке каршы, бизге азыр жаңы жаш адистер келбейт. Себеби келгенде эле алар биринчи айылыкты сурайт, бизде болсо айлык акы төмөнүрөөк. Ошон үчүн кичине улгайып калган, пенсионер кишилер менен иштеп атабыз азыр.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG