Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек


Кыргыз-казак чегиндеги "Кордой" чек ара бекети (2009-жылдын 22-июлунда тартылган сүрөт.)
Кыргыз-казак чегиндеги "Кордой" чек ара бекети (2009-жылдын 22-июлунда тартылган сүрөт.)

Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги ыңкылаптан бери жабык турган кыргыз-казак чек арасы 5-майда ачылышы ыктымалдыгын, казак тарап ага макулдук бергенин билдирген эле. Бирок бул күнү чек ара ачылган жок. Бул маселе боюнча "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди.



- Шейшембиде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева казак президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, анда чек араны ачуу маселеси козголгон экен, бүгүн кыргыз-казак чек арасы ачылдыбы?


- Бизде дагы мындай маалымат бар, бирок азырынча чек ара ачыла элек. Биз өзүбүздүн атайын чек ара өкүлчүлүк боюнча Казакстандын чек ара кызматынын башчысы, генерал-майор Болотбек Кыргызбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Андан сырткары орун басарлары менен дагы сүйлөштүк. Бүгүнкү күндө Казакстан чек ара кызматы өзүнүн өкмөтүнөн эч кандай буйрук алыша элек. Ошону бүгүн күтүп атабыз. Бирок бүгүнкү күндүн жыйынтыгы боюнча өткөрүү пункттарында жана чек арада киргизилген режимдерди өзгөртүү маалыматтар түшкөнү боюнча кабарыбыз бар.

- Ошол чек ара бекеттеринде учурда канча автоунаа өтпөй турат, ошол боюнча маалыматыңыздар барбы?

- Автоунаа же адамдардын саны чек арадан өткөндөн кийин белгилүү болот. Азыр чек арабыз бек, өткөрүү режими иштеген жок. Ошондуктан биз муну так айта албайбыз. Бүгүнкү күндө Казсактан менен чек ара жабык бойдон.

- Кыргыз-өзбек чек арасычы?

- Өзбекстан менен болгон чек арабыз дагы жабык бойдон.

- Рахмат маегиңизге.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

XS
SM
MD
LG