Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Оппозиционер депутаттын апасын иштен айдашты


Социал-демократтардын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун апасы Адалат Козуева кызматынан бошотулду. Муну ал бийлик уюштурду деп эсептеп, саясий куугунтук катары баалоодо.

Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Бешимовдун апасы Адалат Козуеванын айтымында, Ош шаардык эмгек жана согуш ардагерлери кеңеши коомдук уюм болуп саналат. Жетекчилиги (төрагасы жана орун басары) Устав боюнча кеңештин пленумунда көпчүлүк добуш менен шайланат жана бошотулат. Мындан тышкары уюмдун ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардын кийлигишүүгө акысы жок. Ошого карабастан калаа бийлиги кеңештин президиум мүчөлөрүн шашылыш чогултуп, Козуеваны кеңештин төрагасынын орун басарлык милдетинен бошотту.

- «Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Бешимов уулуңуз болот турбайбы. Ошон үчүн сизди ишинен бошот деп атышат» деп уктум. Аны мэр эмес аппарат жетекчиси айтыптыр, - деп кеп учугун алыстан чубады Адалат Козуева. – Анан бизди тейлеген мэриянын өкүлү Курманбай Ташыбаев мени чакырып, «Эже, өзүңүз түшүнүктүү жансыз. Ушундай кеп болуп атат. Сизге жумуштан кетишке туура келет» деп айтты. Башка сөз кошкон жок. Өзү Устав боюнча менин ордум - шайлануучу кызмат. Кеңештин пленуму (коллегиалдуу орган) аркылуу шайланып жана бошотулабыз. Бирок мени андай кылышкан жок. Шашылыш президиум өткөрүп, жыйынтыгын кийин угузушту.

Орун басарлык кызматка бир жыл мурун шайланып, кайра мыйзамсыз бошотулган Адалат Козуева муну саясий куугунтук катары эсептейт. Анткени эмгек ардагеринин баамында, мурдараак кенже уулу Аскар Бешимов да детутат агасынын айынан тышкы иштер министринин орун басарлык жумушунан кол жууган.

- Эң кенже уулум Аскар Бешимовду да адегенде эскертишип, «агаң оозун тыйбай, баарыбызды сындап атат” деп кулак кагыш кылышыптыр, - дейт Адалат Козуева. – Анан үндөбөсө, иштен бошотуп коюшпадыбы. Себебин агаңдан сурап ал дешиптир.

Деген менен Ош шаардык мэриясынын социалдык-маданий бөлүмүнүн кызматкери Курманбай Ташыбаев Адалат Козуеванын билдирүүсүн ырастаган жок.

- Бизге ардагерлерден атайын арыз түшкөн. «Шаардык эмгек жана согуш ардагерлери кеңешинин жетекчилери Ильяс Жусубалиев да, Адалат Козуева да эмгек ардагери болуп калышкан. Ошон үчүн башкаруу курамда согуш ардагерлеринин таламын талашкан өкүл да болсун!» деген талапты коюшкан, - деди Курманбай Ташыбаев. - Ошондуктан президиумду жаңылашты. Кеңеш коомдук уюм болгондуктан, ишине кийлигише албадык. Мен өзү президиумга катышкан жокмун. Адалат Козуева өзүнүн арызынын негизинде отпускеге чыгып, андан ары жумуштан бошоткула деп арыз менен кайрылган экен. Болгону ошону канаттандырышыптыр. Саясатчылар ушундан да упай топтоп, кынтык издесе, анысы туура эмес.

Ош шардык эмгек жана согуш ардагерлери кеңешинин төрагасы Ильяс Жусубалиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, орун басары Адалат Козуева ишине тыңдыгын жана коомдук жумуштарга активдүү катышып келаткандыгын өзгөчө белгиледи. Ошол эле учурда президиум калыс чечимге токтолгондугун маалымдап, эски майдандашынын аларга карата дооматын комментарийлөөдөн баш тартты.

Оштук серепчилер оппозициялык маанайдагы саясатчылардын тууган-уруктарын, үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоо кадырэсе көрүнүшкө айлангандыгын авторитаризмдин жышааны катары сыпатташууда.

Алардын бири Абай Эшмаматов мындай дейт: - Бакыт Бешимов президенттикке ат салышчу талапкерлердин бири катары аталып жатпайбы. Анан калса, апасы мамлекеттик кызматта иштебесе, коомдук ишти аркалаган жетимиштен ашкан аялга мындай копол мамиле саясий маданияттын жоктугун айгинелейт. Оппозиционерлерди ушинтип бийлик энесинен бери кууугутуктап жаткан болсо, ушунун өзү коомчулук бүйүрүн ого бетер кызытып, жаңы чырды тутантышы ыктымал.

Жергиликтүү саясат таануучулардын баамында, аймактык аткаминерлер өлкө башчысы Курманбек Бакиевге жагынуу максатында президенттикке аттанчу оппозиция өкүлдөрүнүн активдүү тарапкерлерин ар түркүн амал менен коомдон оолактатууга киришти. Бирок мындай аракет тетири натыйжа бериши күтүлөт. Анткени шайлоочулар убадасынан убарасы көп азыркы бийликтен иренжип, жаңы улуттук лидерди жана анын тегерегине баш кошкон, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жан үрөгөн заманбап команданы күтүп жаткандай.

XS
SM
MD
LG