Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Аюу машыктыруучуну апчып өлтүрдү


Бейшемби күнү Кыргыз циркинде гастролдо жүргөн Орусия мамлекеттик циркинин үйрөтүүчүсүн өзү үйрөткөн аюусу апчып өлтүрүп салды.

Кырсык манеждеги көнүгүү бүткөн кезде болуптур. Окуяны Кыргыз циркинин радио-техникалык бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Окошов өз көзү менен көргөн:

- Күндө эле саат 10.00дон 12.00ге чейин көнүгүү жасашчу. Үч аюусу бар булардын. Экөөнү алпарышкан жатчу ордуна. Үчүнчүсү баш бербей койгондо таяк менен салып-салып жиберди окшойт. Ошого жиндендиби, тиги кишинин бети-башын, денесин тытып, ыргытып жиберди. Ага чейин экинчи адам шеригине жардам бергени, аюуну тыйганы жетип барды эле – аны апчып туруп, басып салды.

Ошол жардамга бара калган киши каза болуптур. Ал негизги үйрөтүүчү экен. Аты-жөнү – Дмитрий Потапов. Анын жардамчысы Евгений Попов жарадар болуп ооруканага жеткирилген.

Окуянын дагы бир күбөсү, Кыргыз циркинин күзөт бөлүмүнүн башчысы Макен Муканбетов жаалданган аюуну цирк кызматкерлери баарылап айдап – камап калышканын, башкалардын өмүрүнө кол салдырбаганын чоң эрдик катары эсептейт.

Кыргыз циркинин башкы деректири Курмангазы Исанаев бул окуядагы Кыргыз циркинин жоопкерчилиги тууралу баяндады:

- Алар менен келишим түзгөндө - ушундай жырткычтардын, айбанаттардын кокустуктарына, өрт коопсуздугуна, ветеринардык коопсуздукка, тигиндей-мындайлардын баардыгына биз жооп бербей турган болуп анан кол коёбуз.

Орусия мамлекеттик циркинин үйрөтүүчүсү Дмитрий Потапов көз жумгандан кийин адам өмүрүнө кооптуу эсептелген баягы аюуну дароо атып жок кылышкан. Курмангазы Исанаев кеп учугун ошол жакка бурду:

- Шаардын ички иштер башкармасынын начальниги, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, райпрокурор келиптир. Баягы аюуну атышыбыз керек дейт. Түшүндүрүп айттым – булар Орусия мамлекеттик циркинин тобу экендигин, аюу да ошолордун балансында тургандыгын, атыш үчүн Москвадагы алардын жетекчилигинин уруксаты керектигин.

Анан гастролдо жүргөн бул топтун жетекчиси Александар Попов Москва менен сүйлөштү да, атканга макулдук алып берди. Канын алып, башка иштерин жасашты. Бир жакта малды көмгөн жер бар имиш, аюунун өлүгүн ошол жакка жүктөп кетишти.

Биз аюунун кол салуусунан жарадар болгон Евгений Поповдун акыбалына да кызыктык. Бишкектеги 4-оорукананын башкы дарыгери Иличбек Абылгазиев ал саат 12. 30дарда начар акыбалда апкелингендигин, башында, ийнинде, белинде, санында аюу тытмалаган жаракаттары бар экендигин, дароо жууп-тазалашып, айрым жерлерин тигип, реанимация бөлүмүнө жаткызышкандыгын, азыр эс-акылына келип, сүйлөп калгандыгын, өмүрүнө коркунуч жок экендигин айтып берди.

Адам өмүрү кыйылган ушул окуядан кийин Орусиянын мамлекеттик цирки гастролун улантабы же токтотобу деген суроо кырынан коюлуп турат. Гастролдогу орусиялыктар менен байланышууга таптакыр мүмкүндүк болбоду. Кыргыз циркинин башкы деректири Курмангазы Исанаевдин айтымына караганда, Москвадагы жетекчилик ишиңерди үзгүлтүккө учуратпай уланта бергиле дептир. Цирктин жырткычтар менен иштешкен кызматкерлери мындай кырсыкка доом жок деп алдынала кол коюп беришет шекилдүү.

Орусиялыктардын “Муз үстүндөгү цирк” программасы Бишкекте 7-ноябрга чейин жүрөрү жарыяланып келген.



XS
SM
MD
LG