Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Жер басып алууну көздөгөндөр тынчый элек


Жер басып алганы чыккандардын тополоңу, 2010-жылдын 19-апрели.
Жер басып алганы чыккандардын тополоңу, 2010-жылдын 19-апрели.

Бишкектин түндүк тарабындагы айдоо аянттарын бөлүп алууну көздөгөндөр бүгүн да айлампа жолго чыгышты. Алар бүгүн негизинен кечээки тополоңдо камалган жүздөн ашуун кишини бошотуу талабын коюшту. Митингчилер менен милиция ортосунда тиреш чыгып, абал сүйлөшүү аркылуу жөнгө салынды.

Түшкү саат 12ден өткөндө Бишкектин түндүк тарабындагы айлампа жолдо учурда миңге жакын митингчилер менен атайын даярдыктагы 300 чакты милиция кызматкерлери тирешип калды. Милиция митингчилерди бир топ артка сүрүп келди. Бул жерге чогулган жер басып алуучулар кечээки тополоңдо милиция кармап кеткен жүздөн ашуун адамды бошотуп берүүнү талап кылышты. милициянын өкүлдөрү жер ээлеп алууну көздөгөндөрдүн топ башылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын окуянын чордонунда жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Көп өтпөй жер басып алууну көздөгөндөр ичинен 10 адамды өкүлдүккө шайлашты. Эми алар тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Алар бүгүн кечээки тополоңдо кармалгандарды бошотуу талабын койгону менен жер маселесин чечип берүү талабынан да кайта элек. Ушундан соң гана милиция менен митингчилердин тиреши токтоп, кырдаал калыбына келе баштады. Саат түшкү бирге чукул жол ачылып, автоунаалар өтө баштады. Бирок митингчилер дале тарай элек.

Маевка айылында болсо бүгүн эртең менен өткөн түнү өрттөлгөн үйлөрдүн жанына айылдын түрк улутундагы тургундары чогулушкан. Айыл тургундары "Азаттыктын" кабрчысына кечээки тополоңдо 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана автоунаалар талкаланганын айтышты. Жабыр тарткандар менен бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракеттенээрин билдирди.

Бул арада айылдын кире беришинде учурда төрт чоң автобуста атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери турушту. Берки тарапта чогулган кыргыздардын өкүлдөрү болсо айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары кечээ өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешти.

Кечээ аталган айылдын ылдый жагындагы айдоо аянттарын жүздөгөн тургундар ээлеп алууга аракет жасап, жердин ээсибиз деген тарап менчигин коргоп калууга чыгышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Тасмада: Маевкадагы 19-апрелдеги тополоң

Маевкадагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG