Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Балыкчы жаңжалы жабылуу бойдон


Камакта жаткандардын туугандары
Камакта жаткандардын туугандары

Президенттик шайлоо күнү чыккан жаңжалда камакка алынгандардын ишин тергөө качан аяктары дале белгисиз.

23-июль президенттик шайлоо күнү баш аламандык уюштуруп, бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен 14 адам Балыкчы шаардык ИИБсынын камакканасында жатканына туура 29 күн болду. Камагандардын жакындары менен жактоочулары алар жөн гана шайлоонун мыйзымсыз өтүп атканын расмий билдирели деп гана чыкканда милиция сабап кармап кеткенин айтып да, президент К.Бакиевге жазып да келатат. Бир айга чукулдап калса да камактагылардын же күнөөсү аныкталбай, же бошотулбай атат.
Бул аралыкта алардын ден- соолугу начарлап атканын жакындары айтууда.

- Жолуктурбай атат. Каракол тергөө абаганан булар саясый туткундар деп тамак да албай койгон. Өзү оорукчал болчу, ан сайын кыйналып атыптыр. Кат жазып ийиптир,- дейт камактагы Бакыт Асанакуновдун жубайы Гүлсүн Бакасова.

Айрым маалыматтар боюнча БЭКтин Балыкчы менен Ысык-Көл районунун координаторлору Канат Сопиев менен Мирлан Бообеков катуу сабалганы, "Ата Мекен" партиясынын Балыкчыдагы жетекчиси Кубат Мусаев бутунан жаңы операция болгондуктан ириңдеп атканы дайын болгон эле. Бирок азыр аны жакындары да, жактоочулары да ачыктабай атат. Бул окуя боюнча учурда бардык иш жашыруун жүрүп атат. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан 4 депутат 20-августта Балыкчыга келгенин билдирген Ирина Карамушкина камакканага эмнеге барбагандарын чечмеледи:

- Биз камакканга азырынча кирбейбиз. Бул иш боюнча Балыкчыдагы координатор милиция бөлүмүнө барбай эле койгула, тергөө бүткүчө жолтоо болбойлу деп чечтик. Келген тамак-ашыбызды ошолордон эле берип ийдик. И.Өмүркулов, Асель Кодуранова, К.Кадыров болуп келгенбиз.Камактагыларды чыгаруу үчүн башкача иштеп атабыз. Бул биздин жетекчилердин чечими.

Шайлоонун арты менен камакка түшкөндөрдүн абалы менен 14-августта ЖКнын депутаты Р.Отунбаева таанышып кеткен. Аны менен келген оппозиция лидерлери Ө.Текебаев баштаган өкүлдөр камакканага киргизилген эмес. БЭКтен президенттикке талапкер болгон А.Атамбаев болсо августтун биринчи жумасында камалган балдардын жакындары менен жолугуп кеткен. Шайлоонун арты менен камакта отургандарды бошотуу үчүн "бекчилер" ондой адвокат жалдаган. Жактоочулардын бири Сартпай Жайчибековдун айтымында, иш айыпкерлерге толук тааныштырылып бүтө элек. Соттук териштирүү да качан болору белгисиз.

Тергөө 20-августта аяктап, иш сотко өтөт деп уккан камактагылардын жакындары бул күнү кечке ИИБнын алдында отурду. 100 чакырым алыскы айылдан келген Дамира Шыбакова камакта отургандардын кош бойлуу аялы бар экенин айтып кейиди:

- Ар бирин 3 сааттан сурап атат го. Тергөө бүтпөй койду. Кечке ушул жерде шамалда отурабыз. Эч кимден кабар жок.
Кош бойлуу Дамира аз күндө көз жарат. Ал камактагы Сыргак Мамбеталиевдин жубайы.

XS
SM
MD
LG