Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Балыкчы окуясында айыптоочулар артка чегинди


Камакта жаткандардын туугандары депутат Роза Отунбаева менен
Камакта жаткандардын туугандары депутат Роза Отунбаева менен

Балыкчыда президенттик шайлоодо чыккан жаңжалды соттук териштирүүдөн мамлекеттик айыптоочулар баш тартты, шаардык сот ишти кароону 15-сентябрга которду.

Шайлоодо чыккан жаңжалдан улам камакта жаткан 14, убактылуу бошогон алты адамдын ишине байланышкан сот иши 11-сентябрда Балыкчы шаардык сотунда каралмак эле, бирок ал 15-сентябрга жылдырылды. Себеби сот залынан мамлекеттик айыптоочулар бул ишти андан ары алып баруудан баш тартты. Анткени алар күбө катары суралышы мүмкүн экенин жактоочу Азимбек Бекназаров белгиледи:

-Азыр дайын болду шаардык прокурор окуя болгон жерден түздөн-түз эле катышып, эки тарапка тең түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөм, күбө болуп жүргөм деп мойнуна алды. Ал эми экинчи мамлекеттик айыптоочу Мамытбеков мен бул тергөө тобунун ичинде болчумун деп мойнуна алды. Ошондуктан ушул убакка чейин шаардык прокурор Айтбаев жана дагы бир мамлекеттик айыптоочу Мамытбеков биздин өтүнүчтү мойнуна алышып, самоотвод алышты.

Бекназаров камактагы 25 жашар Жаркын Асанованын жактоочусу. Ал 15-сентябрда боло турган соттук териштирүүдө калган 19 айыпталуучунун да жактоочусу катары катышат. Буга башка ондой жактоочу да каршы болгон жок. Балыкчы шаардык сот залына алып келинген камактагы 14 адамдан Социал-демократтар партиясынын Балыкчыдагы координатору Мирлан Бообеков прокуратура айып кагаздарды колдоруна бербегенин айтты.

20 адамга конституциялык түзүлүкө каршы чыккан, башаламандык уюштурган жана шайлоого тоскоолдук келтирген деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Анткени алар 23-июлда президенттик шайлоо мыйзамсыз өтүп атканына нааразы болуп Балыкчы шаардык мэриясынын алдына чыкканда милиция кармап кеткен. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Мирбек Асанакунов менен Кубаныч Кадыров дагы болгон. Бирок алар 10 сааттан кийин бошотулган.

Айтмакчы, бул күнкү Балыкчы шаардык сотуна Кубанычбек Кадыров да келип катышып отурду. Эми ушул учурда Кадыровдун депутаттык мандатынан ажыратып, анын үстүнөн кылмыш ишин козгоо боюнча депутат Роза Отунбаева буларды айтты:

-Депутаттык комиссия түзүлдү. Бизден эки адам мен жана Карамушкина кирдик. Комиссиянын багшчысы коммунисттерден болду. Биз азыр ишти баштайбыз. Менин оюмча, биз иликтөөдө чындыкты ачканга аракет кылабыз, акыйкаттыкты жактайбыз. Бул комиссиянын түзүлүшүнө биз бир жума сурадык эле, ага да уруксат берген жок. Тез эле түзүлдү. Кадыров деле бир дагы жолу суракка келе элек болчу. Ушундай жагдайда үстүнөн эле тон бычып атышат. Мыйзамдын негизинде дейт. Мен ошол заматта сурадым, азыркы бийлик эмне мыйзамдын негизинде отурабы деп. Ошентсем микрофонду өчүрүп атат, спикер бул темадан тышкары деп. Демек өздөрүнө келсе эч нерсе иштебей калат экен. Анан башка оппозицияга келсе эле, жанчып, былчып атам деген эле мааниде болуп атат бүгүн.

Бул күнкү Балыкчы окуясына байланышкан сот ишине Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Отунбаева, Карамушкина, Оторбаева, Кубанычбек Кадыровдор да келишти. Аталган өкүлдөр камакканада жаткан балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, сот иши кийинки жолу сөзсүз болорун жана жакшы үмүттө күтүп турганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG