-Марат мырза, азыркы мезгилге карай канча журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду?
- Бизге маалым болгон алты факт бар, бул Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов, Чолпон Орозобекова жолдошу менен, Кабира Маджиева.
-Алардын кандай жайгашканы боюнча маалымат барбы? Сиздер кабарлашып турасыздарбы?
- Бизге жеткен маалыматтар боюнча Кабира Маджиева Швециядан баш калкалоо сурады эле, калгандары Швейцарияда. Бирок Турат, Чолпондор боюнча маалыматыбыз жок, алар дагы бизге байланышка чыккан жок, аракет кылып көрсөк дагы байланыша албадык.
-Журналисттердин чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө мыйзамдык кемчиликтер салымын кошуп жатабы?
- Чынын айтканда биздин мыйзам КМШ чөлкөмүндө эң жакшы мыйзамдардын бири деп эсептелет. Эгерде ошол мыйзамдар бизде аткарылса, мен ойлойм, мындай көп көрүнүштөр байкалбайт эле. Кеп ошол мыйзамдардын ишке ашырылбай жатканында болуп атат.
-Бийлик тараптан бул тенеденцияга көңүл буруу байкалбайт. Эмне кылуу керек?
- Мамлекет башчыларынан журналисттер сабала баштаганда эле сурандык эле, көңүл буруп койсоңор, өзүңөр да айтып койсоңор деп. Эгерде мамлекет, өкмөт башчылар чыгып бул иштерди өзүбүз көзөмөлгө алабыз деп койсо, башкаларга бул кандайдыр бир белги болот эле. Демек журналисттердин коопсуздугу алардын көзөмөлүндө экен деп. Тилекке каршы мындай иш аракеттерди байкаган жокпуз. Бийлик тараптан кандайдыр бир кайдыгерлик мамилени байкап калдык журналисттерге.
-Журналисттердин өздөрүнүн тилектештиги барбы азыркы мезгилде?
- Журналисттердин арасында тилектештик жок деп да айтууга болбойт. Бирок ал чоң күчкө азырынча айлана элек, журналисттер биригип чыга калганда эле алардын талаптары аткарылып кала тургандай.
Бирок ошондой болсо дагы акыркы убактарда тилектештиктин өсүп атканы байкалып атат. Журналисттер сабалган фактылар көбойө баштабадыбы.
Ошондой болсо дагы тилектештик мамиле негизинен мурдатан бери, журналистикада сөз эркиндиги мурда кандай болгонун көргөн, билген журналисттердин арасында болуп атат, бирок жаш журналисттердин арасында тилектештик мамилелерди биз көп деле байкабай жатабыз.
- Бул тенденция кандай өнүгөт деп ойлойсуз?
- Эгерде абал ушул бойдон уланып кете берсе, менин оюмча тилектештик өсүшү мүмкүн, бирок өтө деле чоң деңгээлге чейин эмес. Себеби журналисттер азыр майдаланган, бөлүнгөн. Мурдагы тилектештик сезимдеги журналисттер азыр акырындап кете баштады. Алардын ордуна жаңы муундагы журналисттер келип атат. Аларда тилектештик сезими жок.
- Аларда корпоративдик кызыкчылык көбүрөөк деңиз?
- Ооба, корпоративдик кызыкчылык жана жеке кызыкчылыктары көп.