Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

А. Алагушев: Медиа өкүлчүлүк стратегиясын өзгөртпөйт


Өткөн аптада Медиа ассоциациялардын, бейөкмөт уюмдардын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнөн куралган жумушчу комиссия жаңы медиа өкүл шайлады. Жаңы медиа өкүл Акмат Алагушев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сиз жаңы медиа өкүл болуп дайындалган экенсиз, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун!

- Рахмат.

- Биз сизден биринчи сурай турган сурообуз: өзүңүздүн ишиңизди эмнеден баштаганы турасыз?

- Чынын айтканда, медиа институт өкүлүнүн стартегиясы бар да, анан чоң деле өзгөртүүлөрдү азырынча киргизбейбиз го.

- Медиа өкүлчүлүктүн негизги багыттары кайсылар Кыргызстанда аткара турган?

- Эң биринчиси, өз атында айтылып турат, медиаторство деп коет, бул, албетте сөз эркиндигин коргоо үчүн ММКлардын окумандардын ортосундагы Третейская судья.

- Кыргызстанда эң эле мүнөздүү, чечүүнү талап кылган маселелер кайсылар?

- Маселелер: ошол эле, гезиттер соттошуп атат, мыйзамдар кабыл алынып атат, кээ бир мыйзамдар болсо ММКларга жаткан журналисттерди регулятор кылган, көпчүлүк ошол мыйзамдарды караш керек, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

- Акмат мырза айтсаңыз, сиз активдүү катышуучулардан болдуңуз эле, телеберүү, радио уктуруулар жөнүндөгү мыйзам, жакында сиздер даярдаган долбоорду карап парламент, мисалы 8-беренени ошол бойдон эле күчүндө калтырды. Бул боюнча кандайдыр бир жаңы сунуштар барбы, буга кандай көз карашта болуп атасыз сиз өзүңүз?

- Азырынча кандай өзгөрүү болуп кетээрин айтыш кыйын болуп калды. Анткени шайлоого каратабы, саясий абал мындай болуп турганда мен ойлойм өзгөртүүлөрдү киргизбейт окшойт азырынча деп. Бирок президенттин бир укугу бар да мораторий жарыялоо боюнча. Азырынча мораторийди жарыялап туруп, күзгө болобу, кышка чейин болобу аны караш керек болуп атат.

- Сиз жаңы медиа өкүл катары президентке ушундай сунуш менен кайрылбайсызбы?

- Медиа коомдор менен отуруп кеңешип туруп, балким жазабыз.

- Сиз көп жылдан бери медиа өкүлчүлүктө иштеп келаткан юрист катары белгилүүсүз. Өткөн жылдар менен быйылкы жылдарда журналисттердин, маалымат каражаттарынын укуктары бузулган жагдайларды салыштыраласызбы, кээ бир эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан чектелип кетти деген көз караштар айтылып атат, журналситтердин укуктарына доо кетип жатат деген көз караштар айтылып атат. Сиз ушул боюнча кандай баа бералат элеңиз?

- Эң биринчиден, цензура деген бар, өзүн-өзү цензуралоо деген көбөйдү бир топ эле.

- Себеби?

- Себеби кээ бир гезиттер жабылып, кээ бир телерадио компаниялар өзгөрүп, чындыкты, сөз эркиндиги айтак төмөндөп калды кичине. Аркы жылдар менен салыштырганга анализ жасаш керек, ошону топтоп туруп толугу менен айтпасам, азыр толук айта албай атам.

- Мисалы, бийлик өкүлдөрү ошол эле учурда ММКларды ашкере, негативдүү жагдайларга басым жасайт деп сындап келатат. Сиз ушуга кошулат белеңиз?

- Чынын айтканда ал деле бар.

- Бийлик менен төртүнчү бийликтин эл аралык стандарттарга төп кызматташыш үчүн эмне кылуу керек, ММКлар тарабынан кандай аракеттер жасалыш керек, бийлик эмне кылыш керек?

- ММКлар көбүрөк болуш керек, канчалык көбүрөк болсо ошончолук сөз эркиндиги жогорураак болот. журналисттерде анча-мынча биримдик жок болуп атат. Ал маселени дагы караш керек, бир муштум болуп жакшынакай баары чогуу чыгышса, мен ойлойм чоң күч болот эле. Сиз айтып атпайсызбы, төртүнчү бийлик деп, ушулардын баарын бириктириш керек. Журналисттердин баарын бириктириш керек. Өзүн өзү тейлөө институту деген азыр деле иштеп атат, Этикалык кодекс деле аракет кылып атат. Бирок көпчүлүк журналисттер кошулбай атышат.

- Акыркы жылдарда журналисттерге Кыргызстан кол салуу фактылары тез-тез кайталанган көрүнүш болуп калды. Ушуга эмне себеп болуп атат?

- Ар бир фактыны өзүнчө караш керек болуп атат. Кол салуу, өлтүрүп кеткендер деле бар. Ал жагынан бизге зыян эле да. Ошондуктан мен ойлойм ал жагынан мамлекеттик органдар ошол фактылар менен иштешсе, булар күнөөлү деп таап беришсе, андай болбой атпайбы. Азырынча медиа коомдордо, журналисттер, ММКларынын коомдору боюнча ишенич жок болуп атат, бийликке, ошол органдарга ишенич жок, анткени аларды коргогон эч ким жок болуп атпайбы.

- Сизге чоң рахмат. “Азаттык” радиосу жаңы ишиңизге ийгиликтерди каалайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG