Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Миграция агымы: келгендерден кеткендер көп


2005-жылы 24-мартта Кыргызстан эли жаркын келечектен үмүт этип, аянтта толкуп турганда, алар койгон талаптардын бири – бул өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо болгон.

Андан бери беш жыл өтүп, миграция маселеси дале курч бойдон калууда. Жакшы иш издеп чет өлкөгө кетип жаткандардын аягы беш жылдан кийин деле сууй элек.

Адистердин божомолунда, акыркы 4-5 жыл ичинде миграция Кыргызстандын экономикасына өзгөчө залакасын тийгизиши мүмкүн. Өлкөнүн Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 1991-жылдан 2005-жылга чейин мигранттардын саны болжол менен 500 миң кишини түзсө, 2005-жылдан 2010-жылга чейинки көрсөткүч боюнча алардын саны 700 миңден ашык адамды түзөт.

Эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын маалыматы боюнча көпчүлүк мигранттар Орусия жана Казакстандан иш издешет.

2006-жылы тобокелге салып, Орусияга жумуш издеп кеткен Кемел Бообеков учурда Москва шаарында унааларды жууй турган жайда иштейт. Кемел азырынча Кыргызстанга качан кайтып келеерин айта албайт:
3-4 жыл мурун мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарынын саны 50 миңден ашпаса, бүгүнкү күндө 250-300 миңге жетти.


- Москвага 2006-жылдын март айларында келгем. Иштеген жерим аябай нымдуу. Азыр күн жылып, аз да болсо билинбей калды. Кышында кыйынчылыктар көп болду. Эки бөлмөлүү батирде жыйырмадан ашык адам жашайбыз. 3 айга гана мыйзамдуу документтин наркы 2-3 миң рублди түзөт. Ал эми жумушка орношуу үчүн өзүнчө документ жасалат. Анын наркы 15-20 миң рубл. Кыргызстандын келечеги жакшы болот деген үмүттө 2005-жыл 24-мартта болгон ыңкылапка мен да катышкам. Бирок өлкөдөгү акыркы кабарларды угуп, кыргыз эли качан бул кыйынчылыктан чыгат деп зээним кейийт. Эми Кыргызстанга барганда иш жок. Бул жакта жумуш оор болсо да алган айлыгыбыз өзүбүздү бакканга жетет.

Кемел сымал өз мекенин сагынган эмгек мигранттардын саны миңдеп саналат. Эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын маалыматы боюнча, акыркы 3-4 жыл ичинде мигранттардын саны бир топ өскөн.

- Миграция маселеси такай кыймылда болуп тургандыктан, бир күндө так санын айтуу кыйын. Ошентсе да 3-4 жыл мурун мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарынын саны 50 миңден ашпаса, бүгүнкү күндө 250-300 миңге жетти.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясы учурда 17 өлкө менен келишимдин негизинде иш алып барат. 2005-жыл 24-марттан кийин чет өлкөгө бет алган эмгек мигранттардын саны өскөнүн аталган ассоциациянын аткаруучу жетекчиси Майрамбек Жапанов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жазга жакын эмгек мигранттардын саны 600-700 миңден ашат. 2002-2005-жылга чейин пайыздык көрсөткүч кыйла көтөрүлө баштаган. Ал эми 2005-жылдан 2009-жылга чейин мигранттардын саны, тилекке каршы, азайган жок. Ошол эле темп менен өстү. Кайтып келгендердин саны 10 гана пайызды түзөт.

Мындан сырткары 2005-жылдан бери билим берүү тармагында да бир топ программалар киргизилип, чет өлкөдө билим алып жүргөн студенттердин саны аз эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык байланыштар жана инновациялар бөлүмүнүн жетекчиси Сонун Адрешова айтты.
Кыргызстандын келечеги жакшы болот деген үмүттө 2005-жыл 24-мартта болгон ыңкылапка мен да катышкам.


- Орусия жана Түркияда бүгүнкү күндө 4 миңден ашык студент билим алууда. АКШда билим алган студенттердин саны 350 болсо, Малазия, Египет, Иордания сыяктуу өлкөлөрдө жүздөн ашык кыргызстандык студент бар.

Дүйнөлүк Банктын “КМШ мамлекеттериндеги акча которуулар” аттуу отчетуна ылайык, кыргыз мигранттарынын 38 пайызы мекенине айына эки жолу акча которот. Ай сайын жибергендер 19 пайыздан көбүрөөк. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн отуз пайыздан ашыгы үйүнө 50-100 долларга чейинки сумманы жөнөтсө, 150дөн 200 долларга чейин которууга алы келгендер 17 пайызды түзөт экен. Бир жибергенде 2000 долларга жакын каражат которгондор бир жарым пайызга жакын.

"Азаттыктын" архивинен: "Кош кал, Дүйшөмбү"

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00
XS
SM
MD
LG