Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Искрадан жалын тутанган турабы?


Чүй районунун Искра айылында дунгандарды тартипке чакырган жыйын болуп өттү. Бул жакта кыргыздар менен дунгандардын мамилеси курчуп баратат.

Искра айылынын жашоочуларынын көпчүлүгү дунган улутунун өкүлдөрү, ал эми калган чейрек бөлүгүн кыргыздар түзүшөт. Акыркы учурларда айыл жашоочуларынын ортосунда мамиле начарлап, кырдаал курчуп бараткан.

Кыргыз улутундагы тургундардын айтымында, дунгандардын ээнбаштыгы чектен чыгып баратат. Келиндерди басмырлап, кыздарды сабоого чейин барып жатышат.

- 29-майда кызым Бекиба деген дунгандын талаасына жалданып чыккан. Сен пиязды тебеледиң деп небере кызымдын колун чыгара ыргытып, экинчи кызымды аялы экөөлөп сабап, бети-башынын баары көк ала болуптур. Эмне дейт болду экен деп үйүнө барсам “билген жериңе бар” деп кууп чыгышты. Андан бери кайрылбаган жерим калган жок. Эми абал мындан да курчушу мүмкүн. Бул дунгандардын биринчи кылыгы эмес. Мындан төрт жыл мурун мындан жаман абал болгон. Бул жерде таяк жегендер баш болуп баарыбыз турабыз,-деди жаны кашайган бир адам.

Жыйындын башталышында жергиликтүү бийликтен эч кандай өкүлдөр жок болгондуктан, “Асаба” партиясынан, “Ак-Шумкар Кут” “Ашар” уюмдарынын мүчөлөрү катышып, кыргыздарга колдоо билдирип, эгер дунгандар тараптан мындай басмырлоолор күчөй берсе аларга акчалай айыптар салына тургандыгын баса белгилешти.

Ошол маалда айыл өкмөтүнүн жетекчиси, райондук укук коргоо кызматкерлери жана аксакалдар сотунун башчысы келип, эки ортодо келишпестиктер да пайда болуп кетти. Жергиликтүү милиция өкүлү дунгандар тарабынан кыргыздарды уруп-сабоо жөнүндө фактыларды төгүнгө чыгарды.

Жыйын ортолоп жергиликтүү бийлик мүчөлөрү менен нааразы болгон айыл тургундарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда айылдын активдүү дунгандары келишип, тынч жашап жатышканын, ортодо талаша турган маселе жок экенин билдиришти.

- Жакында эле биздин бир баланы уруп коюшуп, ал башынан жараат алып эки ай доктурда жатты. Биз ал нерсени айтып, чуу көтөргөн жокбуз да. Айлананы карасаңар, бизде баары жакшы. Бул жерде бир нече гана адамдын кызыкчылыгы болуп жатат. Алар эмнени каалап жатканы бизге түшүнүксүз,-деди дунгандардын өкүлү.

Жыйынга келген бийлик өкүлдөрү эки ортодогу араздашууларды ишемби күнгө чейин карап жыйынтык чыгара турган болушту.


Кыргыз-дунган мамилеси талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00
XS
SM
MD
LG