Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Cалбурун - кыргыздын аңчылык өнөрү


Унутулуп бараткан салбурун өнөрүн кайра жандандыруу аракети жакшы бааланып, декабрдын аягында “Замандаш” бирикмеси “2009-жылдын мыкты элдик оюну” деп атады. «Салбурун» федерациясынын жетекчиси Алмаз Акунду кабарчыбыз кепке тартып маектешти.

-Алмаз мырза, алгач 2009-жылдын мыкты элдик оюну аталышыңар менен куттуктайбыз. Бул жөн жеринен эле берилген урмат-сый болбосо керек. Сиздердин аракетиңерди эл калыс баалады деп түшүнсөк болобу?

-
Чынында биз үчүн деле күтүлбөгөн окуя болду. Илгертен бери даңаза болуп келаткан тогуз коргоол, көк бөрү оюндары менен теңтайлашмак түгүл, аларга караандабай калабыз го деп ойлогон элек. «Салбурун» федерациясынын түзүлгөнүнө төрт жылдын жүзү гана болду.

Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатын көздөгөн. Биздин аракетибизди эл туура түшүнүү менен 2009-жылдын мыкты элдик оюну деп добуш беришкени дагы шыктануу менен иштөөгө милдеттендирип койду.

Чынында “Салбурун” деген сөз - кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышканы белгилүү.

“Салбурун” деген мына ушундай жагдайда аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Аталган федерация жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн маданияттын бир тармагы катары өнүктүрүү менен келечекте спорттун түрүнө айлантууну максат кылып келатабыз.

Улуттук "Салбурун"майрамына катышкан мергенчилер
-Алмаз мырза, салбурун деген сөздүн маани маңызын көпчүлүк биле бербейт. Ушул салтты улантууга мезгил жетти көрүнөт?

-Чынында салбурун деген сөздүн өзү кыргыз тилинин лексиконунан жоголуп кете жаздаптыр. Илгертен алдуу күчтүү эр азаматтар чогулушуп, жаа камдап, куштун кыраанын таптап, кыргыздын алгыр тайгандары менен ууга аттанышканы салбурун делчү.

Кыргыз элинин табиятты көздүн карегиндей сактоо жөнүндөгү улуттук философиясы, ой туюмдары көчмөн цивилизациясы менен тутумдаш жүргөн. Кыргыздар кайберенди, жапайы жаныбарлар менен жырткыч айбанаттарды кырганга барбаган, өз керектөөсүнөн ашыкча атпаган.

Мына ушул элибиздин улуттук өнөрүн кайра жандандыруу, керек болсо дүйнөгө даңазалоо максатында акыркы төрт жылдан бери "Салбурун" фестивалын өткөрүлүп келатабыз. Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ат майданында республиканын чар тарабынан эл келип, "Салбурун" фестивалына катышканы мүнүшкөрлөр, тайганчылар, жаа мергендери келүүдө.

- Үч-төрт жылдан бери Ысык-Көлдө эл аралык "Салбурун" фестивалын өткөрүп жүрөсүздөр. Былтыр дагы кандай мелдештерди уюштура алдыңыздар?

Биринчи "Салбурун" фестивалы 2008-жылы Тоң районунда өткөн
-Биздин демилгени ар тараптан колдоп келаткан Тоң районундагы “Айкөл” үрөнчүлүк чарбасына былтыр 80 жыл толду. Ошондуктан былтыркы фестиваль аларга арналып, байгелерине алар дагы кол кабыш кылып, эл аралык деңгээлде өткөрдүк. Казактардын мүнүшкөр, тайганчылары келишти.

Оюндардын түрлөрүнө: жааны алыстыкка атуу, жааны бутага атуу, коёнго, түлкүгө, карышкырга тайган агытуу, ушул эле айбанаттарга бүркүт салуу өнөрүбүз чет элдиктердин дагы адаттан тыш кызыгуусун жаратууда. Мурдакы жылкы фестивалга Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Тажикстандан мүнүшкөрлөр, өкүлдөр келишкен.

- Алмаз мырза, Салбурун салтыбыз кыргызды дүйнөгө таанытууга бир үлгү болуп бере алабы?

-Улуттук оюндарды кайра жандандырып жайылтуунун максаты тереңде. Монголияда көчмөн элдин абалтадан келаткан маданиятын, каада-салтын, улутту айырмалап турган бардык баба мурастарын сактап калгандыктары үчүн дүйнө туристтеринин ошол өлкөгө көбүрөөк кызыгуусу байкалууда. Испаниялыктардын бука челиш улуттук оюнуна дүйнө эли кызыгып, аны алардын бренди катары санашат. Биздин улуттук оюндардын салбурун фестивалын өткөрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы, ишкерлер дагы кайдыгер мамиле кылганы абдан өкүндүрөт.

Салбурун - бул жөн эле улуттук оюн-зооктун түрлөрүн жайылтып тим болуу гана эмес. Мергенчилик, мүнүшкөрдүк, саяпкердик өнөрдүн баары кыргыздын турмуш-тиричилигине, жашоосуна тыгыз байланышып келген. Ал көчмөн элдин цивилизациясынын айрылгыс бир бөлүгү.

Жаш муундарга салбурунду спорттун түрү катары өнүктүрүп жайылтуу кажет. Себеби кыргыз баласы 200 жылга чамалаш мезгилдерден бери дээрлик жаа атпай калган. Салбурун буга чейинки кылымдардан бери тиричилик үчүн керектүү ата -бабадан келаткан салт, зарылчылыктан чыккан спорттун түрү болуп келген болсо, ал эртеңки күнү Кыргызстандын туризм тармагынын брендинин бири болуп калары бышык.

-Куш салуу өнөрүнүн эрежелерин иштеп чыктыңыздар беле?

- Ооба, куш салгандын да эрежелери, ирети болот, үндөөк деп коет, куш канчалык алыстан ээсин таанып учуп келсе, ошончолук ага жогорку баа берилет. Андан кийин программа боюнча коенго, көгүчкөнгө, өрдөккө салат кушту. Куш алыстанбы же жакын жерденби, иши кылып жаныбарга кол салып кармаса, ага өзүнчө упай ыйгарылат.

Ошол упайлардын негизинде 1-2-3-орундарды ээлеген 3 куш, 3 тайган, 3 бүркүт болот. Мына ар жыл сайын Англияда куш салуу боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт, биз ошого жолдомо алып, эки ирет катышып келдик.

- Коңшу казактар мүнүшкөрлүк өнөргө өзгөчө маани берип жүрүшөт? Алар бул Салбурун салтын менчиктеп алышпайбы?

-Эртерээк чара көрүп, муну улуттук оюн катары ЮНЕСКО уюмунан расмий түрдө каттап алышыбыз керек. Казак туугандар да салбурунду өздөрүнө менчиктеп алышы толук ыктымал. Ал жакта буга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулган. Биз эртелебесек, дүйнө эли салбурун казакка таандык деп кабылдап калат да, биз экинчи орунда калып калабыз.

Улуттук чоң каада-салтыбызды жөн жерден алдырып жиберишибиз мүмкүн. Андыктан, улуттук каада-салтыбызды, кийимдерибизди, тайгандарыбызды бөлөк улутка, бөлөк мамлекетке тарттырбай, ата-бабадан бери келаткан бул салты кийинки урпактарга өткөрүп беришибиз керек.

Бул демилге тууралуу ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы уюмунун мурдакы жетекчиси Жыпар Жекшеевге бир нече ирет кайрылбаныбыз менен жыйынтык чыккан жок. Ошондуктан биздин федерация өз алдынча ЮНЕСКОго кайрылууга документтерди токтоп жатабыз. Антпесек, “Манас” эпосун Кытай мамлекеттинин мурасы дегендей, салбурунду Казакстанга алдырып жиберүүбүз толук ыктымал.

Себеби, куш салууга дилгир, эң мыкты деген арабдар, түркмөндөр, казактар биздин куштарды, тайгандарды сурап келип, сатып кетип жатышат. Биздики баарынан мыкты, тайгандарыбыз таза кандуу. Кошулмасы жок, чыныгы алгыр тайган, куштар бизде болгондуктан, алар бизден чочулап турушат. "Кыйыны кыргыздардан чыгат" деп күтүп турушат.

- Кыргызстандын башка өлкөлөрдү чакырып, салбурун боюнча мелдеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

-Кыргызстанда мелдеш уюштуруу үчүн биз адегенде өзүбүз куш салуу, ит агытуу боюнча таанылышыбыз керек. Кыргызда "карга баласын кулаалы басат, кулаалыны ителги басат" деген жакшы сөз бар. Ителгини алганда аны балапан кезинен үйрөтөт. Ителгинин эркеги менен ургаачысы бириксе өздөрүнчө аймакка ээ болушат.

Ал жерге эч ким барбайт жана алар өздөрү да башка жакка өтпөйт. Бул анын канына сиңип калган. Ителгинин учканын көрсөк, анын уясына барып кабар алып турабыз. Учарына бир ай, жарым ай калганда алып кетебиз. Ителгинин эркеги кичирээк, ургаачысы чоң, алгыр, кыраан болот. Балапандарын да ургаачысы багат. Эгер эки балапанын алып койсоң, экинчи ал жерге балапан чыгарбай коет.

Өзүңө жакшы үйрөтүп алсаң, сен машине менен кетип баратасыңбы, атчансыңбы, жөөсүңбү, ар убак тээ көктө калкып сени айланып учуп жүрөт, чакырсаң учуп келет. Өрдөккө же коенго саларда томого кийгизип, андан соң чечип салсаң, учуп барып баса калат. Ителги куштун айырмасы ушул.

Мисалы, бүркүт алган жаныбарын басып алып, каалаган жеринен чокуп жей берет. Ал эми ителги учуп барып тээп, тумшугу менен мууздап салат да, ээсин күтүп отурат. Биз ителгини Кызыл китепке киргизип, асырап сакташыбыз зарыл. Ителги менен тайгандын кыргызга таандык экенин өзүбүз да билип, өзгөгө да билдиришибиз керек.

Илгери колго конуп турган кушту ханга тартуу кылчу экен. Жигиттерди да куш кондуруп сынаган, элдин аң сезиминде ал эр жүрөк, жүрөгү таза кишиге бат көнөт деген ишеним жашаган. Байкасаңар, сүрөттөрдө да баатырлар кушу менен болот.

Андыктан, ата-бабаларыбыз сактап келген улуттук оюндарды ойноп, куштарланып жүрсөк кандай сонун болор эле. Биз деле өзүбүз менен ала кетмек белек, өнөрүбүздү жаштар алып калса дейбиз. Компьютер, техника заманында жашап атабыз, бирок ага карабастан кыргыз болгондон кийин, каныбызда, дилибизде жашаган нерселерди ойготсок, улут катары бекемделип, түбөлүккө жашайбыз.

- Учурда сиздин колуңузда канча тайган бар? Аларды кайдан алгансыз?

-“Салбурунда” азыр он тайган бар. Аларды Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып жүрүп таап келгем. Айрымдарын бекер алсам, айрымдарын бир карага сатып алдым. Мисалы, Ат-Башыдан бир тайганды бир англис жылкысына алмаштым. Бир тайганды бир тайга да алмашкан учурлар болгон. “Соодада достук жок” дегендей, акчага сатып ала турган болсок алгыр тайгандардын баасы илгертен кымбат.

-Тайган, куштарды ветеринардык дарылоодон өткөрүп турсаңар керек…

-
Жылына 3 жолу ичеги куртка, кутурмага каршы ветеринардык дарылоодон өткөрөбүз.

- Тайган канча жаштан баштап агытылат жана кантип үйрөтөсүздөр?

-
Тайганды 6-7 айынан тарта аңчылыкка алып чыгабыз. Аларды үйрөтүүдө эч кандай деле кыйынчылык жок. Анткени алар аркар-кулжа алууга жаратылышынан жөндөмдүү. Башкача айтканда, канында бар. Болгону, жаңы агытылган тайганды, жемин коё бербеген алгыр тайгандардын жанында көп алып жүрүү керек.

Кыргыз тайганы жүгүргөндө ага адам эмес, эч бир жандык жетпейт. Бир карасаң тигил тоонун башында, бир карасаң бул тоонун башында дегендей. Аркар- кулжалар биякта эле калышат. 10 чакырым алыска качып кеткен текеге жөн эле жетип коёт.

Накта кыргыз тайгандарынын тукуму аз калып, кызыл китепке түшкөндүктөн, республикадан сырткары чыгарууга тыюу салынган. Илгерки убакта кызга сеп бергенде, тайган кошулса ал кыздын барган жерине даңкы чыгарылчу.

- Ушул салбурун өнөрү, анын артыкчылыктары тууралуу китеп жазып, даректүү тасма тартуу максатыңар барбы?

- Мындан төрт жыл мурда “Кыргызфильм” киностудиясынын таанымал режиссерлор менен бирдикте “Салбурун бабалардын аңчылык өнөрү” деген 55 мүнөттүк даректүү кинотасма тарткан элек. Эки-үч жолу чакан бетачаарын өткөрдүк. Эл жакшы кабыл алды. Бирок кыргыз теле көрсөтүүсү аркылуу көрсөтүлө элек.

Былтыр Ысык-Көлдө өткөн эл аралык кино фестивалга катышкан кырктан ашкан даректүү тасмадан байгелүү орунга жеткенбиз. Эми тайганчылык, мүнүшкөрлүк өнөрдүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу китеп жазууга кириштим. Ал эми спорттук түр катары атайын эрежелерин дагы жазып койдум.
XS
SM
MD
LG