Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Капыстан жааган кардын кесепети


Калың кардан кийинки Ат-Башы аймагы, 22-сентябрь 2010-жыл
Калың кардан кийинки Ат-Башы аймагы, 22-сентябрь 2010-жыл

Нарын өрөөнүндө жааган кардан улам айрым аймактарда тургундар жарыксыз калып, мал зыянга кабылууда. Жайлоодогу чабандар жакага көчүп келүү үчүн күйүүчү майга, малдар тоютка муктаж. Нарындын тоолуу аймактарына бир метрден ашык кар түшкөн.

18-сентябрдын түнү жааган жамгырдын аягы карга айланып, Ат-Башы менен Нарын райондорунун төмөнкү аймактарында кардын калыңдыгы 30-40 сантиметрге жетсе, өрөөндүн жогорку аймактарында сексен сантиметрди түзгөн. Тоолуу аймактарда болсо бир метрден кыйла ашык кар түшкөн.

Короосу менен кой жоголуп, аны издеген ээси да кошо жоголуп...

Калың кардан аймакта электр мамылары зыянга учурап, беш күндөн бери жарыксыз отурган жашоочулар бар. Өзгөчө Нарындын Ак-Сай аймактарындагы жайлоолорго бара турган жолдор жабылып, жайлоодогулардын жака менен байланышы дээрлик мүмкүн болбой жатат.

Ат-Башы районун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Токтобүбү Асанкулова, калк кыйын кырдаалда жашап жатканын баяндады:

Жайлоодон жакага түшкөндөр, Ат-Башы, 22-сентябрь.
- Бизде кырдаал абдан кыйын болуп турат. Баягы жааган кар, бак-дарак, мамылардын баарын талкалап кетти. Линиянын баарын үздү. Эч жерде жарык жок. Байланыш жок, такыр. Чабандарыбыз болсо Аксайдан келе албай, малдары эки күндөн бери короосу менен жоголуп, короосун издеп ээси кошо да жоголуп, ушундай нерселер болуп жатат. Бир айылдашыбыз болсо, малын эки күн издеген экен. Көзү карга карыгып, көрбөй калыптыр. Жем-жүм аны муну жеткиргенге транспорт жок. Май болсо кымбат ушундай.

Кардын кесепетинен жергиликтүү жашоочулар арасында каза болгондор да бар деген маалыматтар айтылууда. Анткен менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өмүрүнө зыян келген учурлар болбогонун кабарлап жатат.

Облустун бир катар жайлоолорунда мал үчүн тоюттун жетишсиздиги да негизги маселеге айланууда. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынан кабарлашкандай, учурда өрөөндө кеминде 350дөй түтүн жайлоодо турат. Алардын 130га жакынына жолдун жабылышынан улам чөп-чар, керектүү каражаттарды жеткирүү мүмкүн болбой жатат. Кардын кесепетинен улам болжолдуу маалыматтар боюнча жүзгө жакын майда мал, жыйырмадай бодо мал зыянга учурган. Бирок бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.

Жуттан сактануу айласы

Малды жакага айдоо.
Чабандар болсо малдарын жуттан сактап калуу айласында өз алдынча жакага көчүү аракетин көрүп жатышат. Жаңы-Жер аймагындагы жайлоодон мал-жанын Ат-Башыга айдап келе жаткан чабан Эсенгул Акматов азыркы учурда дайынсыз жоголгон малдар көп болуп, кээ бир жайлоолордо үй-бүлөлөр жардамга муктаж болуп жатканын айтты:

- Басырылгандан кийин деле 80 сантиметр кар бар. Ошондо үч күндөн бери жайлоодон ашып келе жатабыз. Зыян тарттым. Он бир баш кой зыян тарттым. 21 уюм жок. Аны издөө үчүн инимди таштагам. Эптеп карап көр, болбосо келе бер деген элем. Андан эки күндөн бери дайын жок. Менин үй-бүлөм, бир жаштагы балам менен жайлоодо калды. Аларды таштап келе бердим.

Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Карасартованын билдиришинче, Ат-Башы районунда буудай жана арпа себилген жалпы 2500 гектар аянт кар алдында калды. Нарын районунда болсо чабыла элек 1471 гектар эгин талаасын кар басып калды. Ак-Талаа районунун айрым аймактарына да кар жаап, облус боюнча кеминде 3900 гектарга жакын эгин кардын каарына туш болду. Айылдарда картөшкөлөр дээрлик казылган эмес:

- Ат-Башыда ушул дан эгиндеринин быша элегине байланыштуу мал жайлоодо болуп жаткан. Эгиндерди жаңы чаап жатышкан. Анан эми эгин кардын алдында калды. Малды түшүрүп алуу аракеттери болуп жатат. Колдон келишинче болгон техникалардын баарын жөнөтүп жатабыз. Бирок кардын өлчөмү өтө эле чоң болуп, жумуштун көлөмү чоң болуп биздин өзүбүздүн техникалардын күчү жетпей жатат.

Жайлоодон кайткандар.
Азыркы тапта Нарындын айрым аймактарында үшүк жүрөөрү да айтылууда. Мындай кырдаалдар Кыргызстандын башка аймактарында кайталанышы мүмкүн деп кооптонуулар бар. Бул өңдүү өзгөчө абалдарга өлкө даярбы? Абалдан чыгуунун жолдору кандай?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи адиси Абдушарип Бекилов Нарында жолдорду тазалоо үчүн министрлик тарабынан беш тоннага жакын күйүүчү май бөлүнүп берилген билдирип, Кыргызстандын аймагында табигаттын бул өңдүү кырдаалдарын болтурбай коюу мүмкүн болбосо дагы шашылыш билдирүүлөр берилерин, министрлик тарабынан абалдан чыгуу үчүн тиешелүү иштер жасалаарын белгилейт:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчиден андай абалдарда алдын ала маалыматтарды берет. Мына кечээки эле Нарында болгон окуяда алдын ала эскертүүлөрдү бергенбиз. Мына азыр дагы үшүк жүрөт деп берип жатабыз. Алдын ала иштер жүрүп жатат. Кокус ушундай болуп калган мезгилде, кар жааганда эң алыскы жайлоолорго чейин тик учактар менен барып, азык-түлүк, малга тоюттар жеткирип, алардын ал-акыбалы менен таанышканга мүмкүнчүлүктөр болуп жатат. Бактыга жараша мына айтып коюш керек, эч кандай адам өмүрүнө зыян келген учурлар болгон жок.


Азыркы тапта Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү күчөп, саясат кызып жаткан кези. Ошол эле учурда өлкөдө оруп-жыюу иштери аяктай элек аймактар бар. Кышта жылуулукту камсыз кылуу, көмүр тартуу аракеттери да толук бүтө элек. Анткен менен кычыраган кыш өз белгисин берип, минтип эртелеп каарын көрсөтө баштады.

XS
SM
MD
LG