Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Ат-Башы менен Нарында эл эртең митингге чыгат


29-июлда Ат-Башыда жана Нарын шаарында шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы адамдар митингге чыккан жатат.

-Өзүбүздүн конституциялык укугубузду колдонуп, тынч митингге чыгабыз. Ошол жерден туура шайлоо жүрбөгөндүктөн, одоно бузулгандыктан кайра шайлоо өткөрүү боюнча маселени көтөрөбүз деп жатышат. Бул жерден Атамбаевге добуш бергендер чыгат болуш керек. Бийлик тараптан кандайдыр бир тоскоолдуктар болушу мүмкүн, -деп билдирди “Азаттыкка” БЭКтин Ат-Башы районундагы координатору Кубанычбек Бөкөнов.

Ушундай эле митинг Нарын шаарында да өткөрүлөрүн «Ата Мекен» партиясынын Нарындагы координатору Адылбек Эсенбеков билдирди:

-Нарын эли намыстанып калыптыр. Эртеңки күнгө абдан көп эл даяр, чыгабыз, Бакиевди шайлаган эмеспиз деп атышат.

Облустук ички иштер башкармалыгы өз кезегинде элдин тынчын алган мыйзамсыз аракеттерге жол бербей турганын, уруксатсыз жыйындарга каршы сөзсүз чара көрсөтүлөрүн эскертүүдө:

-Тынч митинг өткөн күндө дагы мэрдин уруксаты менен өтүш керек. Уруксат берилгенде дагы 12 күн мурун мэрге атайын билдирүү берип, уруксат алып, анан өткөрүш керек. Эгер мамлекеттин түзүлүшүнө шек келтирип, элдин тынчын ала турган чогулуштарды жасай турган болсо сөзсүз түрдө чара колдонобуз, - деп билдирди “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев.

Президенттик шайлоо Нарын облусунда одоно мыйзам бузуулар аркылуу өткөндүгүн бир катар байоочулар белгилеп келишет. Нарын шаарынын тургуну Асыл Жаманова Нарын шаарындагы Университет шайлоо участкасында «Таза шайлоо» бирикмеси тарабынан байкоочулук кылган.

-Ат-Башы районунан да келди. Ошондой эле Куланактан келип атты. Ар кайсы айылдын жашоочусу келип эле талон менен көз көрүнө эле шайлап кетип атышты. 170 ден кем эмес шайлоочу шайлап кетти, анан кошумча тизме менен калганы шайлады, ошондо 360 адам жасалма жол менен Бакиевди шайлап кетишти,-дейт Асыл Жаманова.

«Демократия жана жарандык коом» коалициясынын Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов участкадагы протоколдун чоңойтулган үлгүсү сыртка ыргытылып жиберилгендигин айтат:

-Жан-Булак 4050 участкасында пртоколдун чоңойтулган көрсөтмөсү бир участогу бирден берилмек эле, анан ал сейфте сакталат. Санак бүткөндөн кийин ал чоңойтулган протоколду шайлоо участкасынын комиссиялары жана төрагалары алып ыргытып ийишкен. Учурда бул протоколдун чоңойтулган көчүрмөсү биздин кеңседе тургандыгы анык.

Мындай кинеге Нарын райондук шайлоо комиссиясынын катчысы Сыдык Байтоков каршылык билдирип, “ал элге тааныштырыш үчүн ошол жакта эле калат”,- деген жообун айтты.

Бириккен элдик кыймылдын Ат-Башы району боюнча координатору Кубанычбек Бөкөновдун айтымында бул райондогу Казыбек айылында эл эки күн мурда эле эки талап менен айыл округ башчысына кайрылышкан:

-27-июлда Казыбек айылында элдер эки талапкер менен жолугушуп, биринчиден айыл өкмөтүнө кайрылган. Биринчи көйгөйлүү маселе Арпа өрөөнү боюнча болуп жатат, экинчиден, шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча жооп алалы деген. Себеби көп элдин баары добушун Атамбаевге берген, тескери чыгып калган протоколдордун жыйыны боюнча нааразылык туудуруп жатат. Жалпы алганда элүүдөй киши чыккан.

Казыбек айылында топтолгон элди атайын кызматтын өкүлдөрү барып тынчтандырышкан.

Кубанычбек Бөкөновдун айтымында, ким канча добуш алганын жер-жерлерде билинип эле жатат, ошондуктан мындай толкундоолор ар бир айылда сезилип жатат.

Ат-Башы районундагы Казыбек айыл округ башчысы Дүйшөбек Абдразаков өз кезегинде эл ичинде шайлоо боюнча андай деле катуу доомат жок деп белгилейт:

-Негизи шайлоо боюнча нааразылык кылып ызы-чуу түшүрөбүз дегендей келиптир. Андай эл деле доомат кылган жок. КГБдан да барышыптыр, эл менен сүйлөшүп анан тарап кетишти. Бирөө суроо берди бажынын курулушун Торугарттан ары жагына түшүрүп коюптур деп. Өзүң көрдүң беле десе, көргөн эмесмин бирөөлөрдүн айтуусу менен айтып атам дейт.

XS
SM
MD
LG