Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы


Кыргызстандын өткөөл өкмөтүнүн жыйыны
Кыргызстандын өткөөл өкмөтүнүн жыйыны

Өкмөт тарабынан бекитилген каатчылыкка каршы пландын алкагында коопсуздукту чыңдоо, бюджеттеги чыгашаны кыскартуу жана инвесторлорду тартып, ишкер чөйрөгө шарт түзүү сыяктуу токсон иш чара бүткөрүлөт. Ага жалпысынан 700 млн. доллар каражат керектелет. Анткен менен айрым серепчилер коррупция жоюлмайынча бул аракеттер үзүрүн берери арсар дешет.

Өкмөт жакында эле бекиткен каатчылыкка каршы пландын алгач этабында апрель-май-июнь айларында талкаланган аймактарды калыбына келтирүү, үй-жайсыз калгандардын маселесин кышка чейин чечүү, коомдук коопсуздук, бюджеттеги чыгашаны кыскартуу, республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу жана инвесторлорду тартып, ишкер чөйрөгө шарт түзүү сыяктуу чаралар каралат.

Биринчи вице премьер-министр Амангелди Муралиевдин айтымында, мындан сырткары ички иштер, чек ара, коргонуу тармагын чыңдоо, алардын техникалык-материалдык базасын бекемдөө, азык-түлүк коопсуздугу, ишкерликти өнүктүрүү жаатында да аракеттер жүрөт:

- Негизинен түштүк аймактарда орто, кичи жана жеке ишкерликке жардам берүү каралган. Ошону менен экономика кыйла өнүгүп кетет. Пландын негизинде айыл чарба тармагына 50 млн. доллардай жардам болот. Энергетика маселесин чыңап, оңдоп жатабыз. “Датка” станциясын курсак Баткен, Бишкек, Кемин жакка линияны куруп баштайбыз. Андан Казакстандын Алма-Ата шаарына өтүп кетет. Ошону менен энергетикалык коопсуздук маселеси да чечилет.

Мына ушул пландын ишке ашуусуна жалпысынан 700 млн. доллардын тегерегинде каражат талап кылынат экен. Амангелди Муралиевдин белгилешинче, каатчылыкка каршы план ЕврАзЕШтин каатчылыкка каршы коруна тапшырылды. Өкмөт учурда ал жактан да 200 млн. доллар күтүп жаткан чагы. Ал эми керектелчү калган акча ички булактардан жана эл аралык донор уюмдардан алынат.

Каатчылыкка каршы пландын негизги бөлүктөрүнүн бири - азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, бааларды туруктуу кармап туруу:

- Каатчылыкка каршы пландын негизинде азык-түлүк коопсуздугу үчүн буудайга экспорт үчүн пошлинаны 30 пайызга көтөрдүк. Ошондой эле материалдык резервге сатып алчу көлөм 30 миң буудай болчу. Азыр ага дагы 10 миң тонна кошулду. Ага каражаттарды таптык. Баалар унга, буудайга, нанга да жогорку деңгээлге көтөрүлбөйт. Биз ушул позицияны кармап турабыз. Андан сырткары АКШдан да 50 миң тонна буудай сурадык. Ал жактан буудайды грант негизинде ала турган болдук.

Айрым эксперттер өкмөттүн экономиканы көтөрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринде мажүрөө болуп жатканын сынга алышууда. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин айтымында, апрель айынан соң өлкөдө кадрдык кризис экономикалык кризиске алып келип, салык, финансы, банк системаларын мүчүлүштүккө учуратты:

- Бул план өкмөт өздөрү кыла турган эле иши. Каржы министрлигинин, бажы, салык инспекцияларынын, казыналыктын кыла турган күнүмдүк иши. Ошол ишти эле булар антикризистик программа деп алышты. Ар ким өз ордунда жумушту так мурункудан да эффективдүү алып кетсе, анда эч кандай кризис болушу мүмкүн эмес. Антикризистик программа дегидей бизде кризистин өтө татаал дүйнөлүк классикалык маанидеги түрлөрү болгон жок да. Мурунку коррупционерлерди жоготсо, коррупция жоголсо, анда көлөкөдөгү экономика деген жоголот эле дагы, бюджетке көп акча түшөт эле. Азыркыдай тартыштык болбойт эле. Азыркы кебетеси менен бул өкмөт эч качан бул таңкыстыктан чыгара албайт.

Улуттук Илимдер Академиясынын Экономика институнун экономисти Бакыт Турдумамбетов коррупция ооздукталмайынча экономикада жылыш болушу кыйын дейт. Анын пикиринде, инвесторлордун Кыргызстанга көп келбей жатышына түштүктөгү тополоң окуялар терс таасирин тийгизсе, экинчиден аткаминерлердин коррупцияга белчесинен малынганы себеп болууда:

- Кыргызстан эгемендикти алгандан бери менин билишимче жетимиштен ашуун ушул сыяктуу программалар иштелип чыккан. Бирок кептин баары ошол план, программалардын аткарылышында болуп жатпайбы. Азыр экономиканын абалы өзүнүн табигый өсүш темпи менен эле келе жатат. Мамлекеттин, кайсы бир мекеменин деле таасири байкалган жок. Биздин чиновниктер инвесторлор арасында “мистер 10 %” деген атка конгон. Анктени инвестор келип, ишин баштай элек жатып акча сурашат. Анан кайра эле качат да, ким келмек эле.

Ошентип өкмөт каатчылыкка каршы пландын алкагында бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Анын бир булагы “Центера” компаниясынын эсебинен болмокчу. Сентябрь айында андан 4,5 миллион доллар дивиндент түшөөрү күтүлүүдө. Буга чейин аталган компаниянын дивиденттерди төлөбөй келе жатканы айтылган болчу.

Мындан сырткары эки миллиард кв саат электр кубатын сатып ала баштаган Казакстандан да казынага каражат түшмөкчү. Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы 2012-жылга чейин эсептелген.

XS
SM
MD
LG