Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Алай Акүйгө жүрүш жасайт


Kyrgyzstan - Newspapers in Kyrgyzstan. 26Dec2008
Kyrgyzstan - Newspapers in Kyrgyzstan. 26Dec2008

Өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити “Жаз жарышы башталды, даярдыктар такталды” деген жалпы ат менен жарык көрсө, “Ачык саясат” жана “Айгай” гезиттери “27-мартта бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясы башталат” деген ат менен жарык көрдү. “Кыргыз руху” гезити баш макаласынын атын: “Акаевдин түбүно Аксы менен Бекназаров жетти эле, Бакиевдин түбүнө Кочкор менен Жекшенкулов жетеби?” деп атады. Ушул эле гезит белгилүү саясатчылардын ой-пикирлерин да ортого салды.

Алар “Кыргыз руху” гезити аркылуу мындай деп айтышты.

“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Ж. Сапарбаев: - Биротоло Кеннединин өлүмүн да Жекшенкуловго байлап койсо болмок экен.

Д. Чотонов: - Дагы 5 жылга үйбүлөнүн бийликте калышына даярдалган сценарийдин бир бөлүгү. Мунун аржагында эмнелер жатат, бул тууралуу айтпай турайын.

Ө. Текебаев: - Бийлик демократиялык коомчулукту коркутканга аракет жасоодо. Бирок демократиялык коомчулук коркпойт.

Т. Сариев:
- Биз муну саясый буйрук дейбиз.

И. Исаков: -Булар адам ойлобогон ыплас нерселерди таап жасап жатат.

А. Бекназаров: -Мамлекеттин экономикасы, элдин турмушу, баалардын кымбатташы бүгүн Бакиевдин бийлигин ойлондурбайт. “Кантип бийликте калыш керек” деп гана баш катырып жатат.

К. Жаманкулов, “Ата Мекен” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору: -Феодалдык коомдогу аң-сезим менен жашап аткандардын колунан келген нерсе.

З. Жапарова, Кочкор районунун тургуну: -Кочкордон бул жакка жолду тосуп өткөрбөй жатат. Бакиевдин карапайым элди ызы-чуу салып, бүйрүн кызытканы туура эмес. Бул бийлик “кетсин” деп жакында Кочкор эли чыкканы турабыз.

Р. Төлөгөнов: -Менин сезимимде бул бийлик өзүнүн марасына жетти.

“Айгай” гезити “Алай менен Чоң-Алай солк этти” деген рубрика алдында президент К. Бакиевге 532 адам кол койгон Алай элинин, 315 адам кол койгон Чоң-Алай элинин, 1073 адам кол койгон Кочкор элинин кайрылууларын жарыя кылды.

Алайлыктардын катында: “ Жөн жаткан элди козголтуп, дүрбөтүп, бөлүп, элдин бийликке болгон нааразылыктарын Сиз койгон райондун акими, анын 1-орунбасары, укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери ого бетер күчөттү. Мусулманчылыкты басмырлап, мындай кадамга барган жетекчилердин иштерин Кудай кааласа жөн калтырбайбыз, аларды Кудайга койдук. Эң негизгиси алар Сиздин буйругуңузду аткарып жатканы тастыкталды” деп айтылат.

Чоң Алайлыктар жазган катта: “Жолдош Курманбек Салиевич, Исмаил Исаковго болгон бийликтин саясый куугунтугу улана берсе биз Акүйгө карай “жөө жүрүш”, “ат жүрүш”, “авто жүрүш” кылууга даярбыз” деп жазылган.

Ал эми “Аликбек Жекшенкуловдун киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп камакка алынганына эч ким ишенген жок” деп башталган Кочкор тургундарынын каты: “Жекшенкуловдун өмүрү коркунучта! Кыргыздын А. Садыков, К. Тыныстанов, Ж. Абдырахманов, Б. Исакеев, Т. Айтматов өңдүү эчендеген эр азаматтарынын жанын соргон НКВДнын аракети бүт дүйнөгө маалым. “Бөрк ал десе баш алган” бийликтин кызыл тебетейлери ушуну унутпагыла! Бакиев өмүр бою такта олтурбайт, ал кеткенден кийин да жооп берериңер эсиңерде болсун. Алты саны аман-эсенинде уулубузду кайтарып бергиле!” деп аяктайт.

Буга улай эле гезитке И. Исаковдун “Урматтуу кыргыз элим, биз кайда кетип баратабыз?”, Турсунбек Акундун “Бул бийликтин каталыгы”, Бөдөш Мамырованын “Саясый лидерлерди камоо менен бийлик элдин үшүн алалбайт”, Оштун мурдагы губернаторлорунун бири Анвар Артыковдун “Бийлик куран окутканга да тыюу салды” деген интервьюлары басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити М. Тайчабаровдун “Мыйзам баарына бирдейби же соттор “билгендейби?” деген рубрика менен “Акыйкат сөздөрүн айтышпаса, “ашкеби” соттордон не пайда?” деген макаласына орун берген.

Мындан тышкары “Жекшенкуловдун тапанчасынан түрк ишкерине атылган ок” аттуу макала, “Президент К. Бакиевдин оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуп, бир пикирге келүү үчүн маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген чечимин колдоп кубаттайбыз” деген сөздөр жазылган Коомдук Ордо Кеңештин кайрылуусу жана Назира Алиева аттуу автордун “Бийлик сүйлөшөлү десе, оппозиция көчөгө чыгабыз дешет” деген макаласы жарык көрдү.

Макалада “И. Кадырбеков, А. Жекшенкулов сыяктуу оппозиция лидерлеринин бири министр, бири мамагенттиктин деректири болуп иштеп турганда кетирген кемчиликтери саясый куугунтук эмес, экономикалык кылмыштарга тийиштүү экенин башкы прокурор баса белгилеп өттү” деп баяндалат.

Ошондой эле “БЭК лидерлери шашылыш жыйын өткөрүп, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барбастыгын билдирип, кийинки жолугушуулардан тайсалдай баштады. Демек, бийлик сүйлөшүүгө даяр болгону менен оппозиция даяр эместигин көргөзүүдө дешет аналитиктер” деп жыйынтыкталат аталган макала.

“Ачык саясат” гезити 17- март күнү Кара-Жыгач айылында Аксы окуясын эскерүү митинги болорун, мурдагы депутат Ташполот Балтабаевге Бишкек шаарпрокурору Анарбек Калматов тарабынан эскертүү берилгенин, Жекшенкуловду Феликс Кулов колдогонун маалымдады.

“Ак ийилет, бирок сынбайт” аттуу рубрика алдында “Учурда элдин каны оргуштап турат” деген тема менен бир топ жарандардын үн кошууларын сунуш кылды.

Аяр Оморова: -Учурда элдин каны оргуштап турат. Эгер бийлик бул жол менен кете турган болсо, бүт кыргыздар көтөрүлөт. Эмитен эле эл толкуй баштады.

Дөөлөтбек Шадыбеков: -Эгер Жекшенкулов ушул кылмышка чындыгында эле тиешеси болсо, андан бери тапанчасын эритип деле жибермек, шеги болсо Америкадан деле келбей коймок. Мындай кыянатчылыктын арты жаман болот.

Сабыр Мукамбетов: - Акаев 14 жылда эл ишениминен кетсе, учурдагы бийлик 3 жылда эле Акаевди кууп жетип, андан да ашып түштү..

Жаңыл Усубалиева: -Эл деген мурдагыдай келесоо эмес. Азыр баарын түшүнүп калган. Куугунтук Акаевдин убагында да мынчалык болгон эмес. Жекшенкулов, Текебаев, Исаков, Сариев ж.б. куугунтукталып кетсе Кыргызстанда К. Бакиев эле калабы? Карапайым калк Жекшенкуловду колдойбуз.

Гезит ошону менен бирге эле генерал И. Исаков менен маектешкен. Ал Алайга барып келгенин, андагы болгон окуяларды жана өлкө башындагы бүгүнкү ал-абалды кенен кеп кылган.

Дагы бир макаланын аты “Шалаакы бийликтин шамы өчөрүнө аз калды” деп аталат.

“Агым” гезитинин бүгүнкү санындагы журналист А. Сакыбаеванын макаласы“Туңгуюктан чыгаар жол бүтөлдүбү?” деп аталат. Анда бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнун жолугушуу учуру сөз болот.

Гезит баяндамачысы Келдибек Назировдун “Табышмак” аттуу макаласында Сыргак Абдылдаевдин аесуз сабалышы жана басма сөз эркиндиги талкууга алынат. Автор “МСН” гезити Акаев доорунда бир канча ирет жабылып, атын өзгөртүп кайрадан чыгууга мажбур болгонун, гезит нускасы 50 миңден 100 миңге чейин көтөрүлгөнүн, гезит бийликти көзгө сайгандай сындаганын, бирок Рина Приживойт сыяктуу журналисттердин өмүрүнө коркунуч болбогонун эске салат.

Маселен Вадим Ночевкин баштаган журналисттер эски бийликти да, азыркысын да, атургай криминалдык дүйнөнү да жазып келишет. Кээ бир сандарында атып, бычактап эмес, редакцияны түп орду менен бомбалоочу материалдар бар. Ошондой эле журналисттер Алым Токтомушев, Мамат Сабыров, Жолдошбек Зарлыкбеков не деген гана материалдарды жазышпады. Бирок бирине да кол салуу болгон эмес” деп баяндайт автор макаласынын аягын:

“Дегеним, сөз эркиндиги Акаев учурундагыдай азыр да бар. Анан эле дүйшөмбү күнү ачылып, бейшембиде сенсация жаратып, эртеси кабарчысы бычакталып кеткен маалымат каражаттарына таңгаласың. Эң кызыгы алар эларалык сөз болууга арзып, Кыргызстанда журналист жапа чекти деп дүйнөнү дүрбөлөң түшүргөнү. Атургай далилсиз, аргументсиз, бийликти ажаан аялдай шыбаган “Ачык саясат” гезитинин жамааты деле көчөдө ээн-эркин эле басып жүрөт” деп корутундулаган.
XS
SM
MD
LG