Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Б. Бешимов: “Эки тараптын маданияттуу диалогу зарыл”


Саясат, экономика, алдыдагы шайлоо, элдин, жердин тагдыры... Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темалары ушул маселелердин айланасында болду.

“Учурда Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, бийлигинин тамырын чиритип жаткан күч органдарынын саясаты болуп жатат. Ошону менен бирге эле азыр президенттин тегерегинде эки саясаттын жүрүп жаткангы сокурларга да сезилүүдө. Биринчиси – күчкө таянуу, элди коркутуп-үркүтүү менен саясый маселени зомбулуктун күчү аркылуу чечүү деген багыт. Бул багыт эч качан жакшылыкка алып барбайт. Президент секретариатка таянуу менен күч органдарынын саясатына жол бергени сезилүүдө. Секретариат- бул аткаруучу орган. Ошондуктан Малеванная саясатчынын ролун аткара албайт”,- деп айтты “Айгай” гезитинин бүгүнкү санындагы интервьюсунда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов.- Экинчидент президенттик админстрация да күчкө гана таянууда. Ал дагы мунусу менен президенттин бийлигине балта чабууда”.

Президенттикке талапкерлик маселесине токтолгон Бакыт Бешимов, азыр оппозициядан 5-6 кишинин аттары аталып атканын, бул сан кырдаалга жараша же азайышы, же көбөйүшү мүмкүндүгүн, ат салышчулардын арасында Социал-Демократиялык партиянын лидери Алмаз Атамбаев да барын, азыр барган сайын эки тараптын тиреши күчөап баратканын, өлкөнүн тагдыры үчүн акаскалдар, саясый элита ортомчу болгон эки тараптын маданияттуу диалогу зарыл болуп турганын баса белгилеп, бүгүн Кыргызстан адам өмүрү баарынан баалуу экендигин терең билген, адамдарды душман деп эсептебеген лидерге муктаж болуп турганын айткан.

Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев ушул жылдын 24-мартында “Жаңылануу багытынын” негизги жоболорун калкка жарыялаганы белгилүү. Бүгүн президенттин тексти “Кыргыз туусу” гезитине толугу менен жарыяланды.

“Жаңы ордо” гезити “Бакиев феномени” аттуу көлөмдүү макаласын окурмандарга тартуулады. “Бакиевдин бийлиги 4 жыл аралыгында өлкөдө кандай эбегейсиз реформаларды жүргүзгөнүн ошол бийликтен реформаны талап этип жаткан оппозициялык күчтөрдүн “байкабай” калуусу, алардын “көз таңмай” оюну тек гана иронияны жаратып келет. Парламентти саясый партиялар аркылуу калыптандыруу чечими да бул президент Бакиевдин эң чоң саясый реформасынын башкы жыйынтыгы” деп белгиленет анда.

Гезитке мындан тышкары атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу Кулубек Бөкөнбаевдин: “Атамдын сөөгүн Ала-Арчага койдурдум”, “Шамшыкал-Ата” кайрымдуулук фондунун президенти Токтомамат Ирсалиевдин “Буга чейин Абды Суеркуловдун музейи турмак эстелиги да тургузулган эмес” сыяктуу интервьюлары да басылган.

“Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат” Бул суроо бүгүн Кыргызстандын коомчулугун гана эмес жакынкы коңшуларды да кызыктырып жаткан учур” деп белгилеген “Ачык саясат” гезити айтылуу нарколог Жеңишбек Назаралиевдин жообун баскан.

Кабарчынын: “Бийлик тараптан Бакиевге мураскер чыгат деп ойлойсузбу?” деген суроосуна ал: ”Жок, мураскердин чыгышы бийлик үчүн кооптуу. Анткени коомчулукка бир адамды алып чыгып, даярдаганга убакыт аз. Кыргызстан менен бир нече саясый-экономикалык келишимдер түзүлүп коюлгандыктан бул жерде Орусиянын ролу чоң. Орустар үчүн К. Бакиев гана туура талапкер” деп жооп берген.

Аталган гезит андан ары Ө.Текебаевдин ажолук ат салышуудан баш тартышы Акүй үчүн күтүүсүз болду деп, эми БЭКтин мүчөлөрүнүн ичинен А. Атамбаев, Т. Сариев, Б. Бешимов, И. Исаков так талышка талпынып турганы чагы, ал арада Бакиевдин алдыдагы шайлоого барышы арсар, ушундан улам бирде иниси Жаныш барат десе, бирде Марат барат экен деген ушактар Кыргызстанды каптап кетти деп жазды.

Бирок кандай болгон күндө да Бакиевдерден бирөө шайлоого барат, бирок кимиси барбасын кырдаалды курчутат,- дейт. Анткени оппозициянын 20-апрелге чейин койгон талаптарын аткарууга бийликтин чамасы жетпейт. Андыктан президенттик шайлоо 23-июлда болот дегенди божомол катары гана кароого болот.

Белгилүү сяастчы Ф. Кулов эскертип жатат: “ Шайлоолордон кийин укуктук талаш болушу мүмкүн” деп. Генерал туура болжоп жатат, чынында эле абал азыр оор” деп баяндады . Ушул эле гезит аркылуу экономика илимдеринин кандидаты Саткын Айтугановдун “Президенттин жаңылануу багытына көз караш” деп аталган сын пикири да басылып чыкты.

“Агым” гезити “Акыркы кездери Чүйгө көчүп келген элдин агымы токтобой жатса, чегарада жайгашкан эл турак жайларын коңшу өлкө жарандарына сатып, алардын кыргыз жерине отурукташына шарт түзүп, анын айынан чатак чыгуу коркунучу бар” деп жазган гезит баяндамачысы Келдибек Назировдун макаласына окурман көңүлүн бурган.

Автор: "Лейлектен Сокулукка көчүп келгендер менен сүйлөшө келсең, бул жакка жыргаганынан келбегенин, ал жакта жадагалса балдарын кийинте албай азап тартышканын, суунун жоктугун, өлбөстүн күнүн көрүп жашагандарын айтып наалышат. Ошол эле мезгилде Лейлекте кыргыздардын саны суюлуп, тажиктер бери карай жылып жатканы кейиштүү. Тажик туугандарды кимдир бирөө көкүтүп жаткандай кыргыздардын жерин имерип алууга болгон күч-аракети менен жанталашып жатканы өкүндүрөт” дейт.

Макаласын жыйынтыктап жатып журналист:”Жакында Орусиядан 300 млн. доллар келгени жатат. Бул өтө эле көп акча. Дал ушул каражаттын эсебинен чегарада жашаган элге кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, жумуш менен камсыз кылууга болот” деген оюн айтты.

Гезит ошондой эле “Оппозициянын президенттик шайлоого бир талапакер менен аттанарына ишенесизби?” деп айрым атуулдарга кайрылды.

Коомдук ишмер Т. Чыңгышев:- оппозиция лидерлеринин интеллектуалдык деңгээли жогору. Ийгиликке жетебиз десе ушундай кадам жасоого мажбур.

Коомдук ишмер Ш. Медетбеков:- Оппозиция бир лидердин алдында бириге албайт.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат башчысы А. Шыкмаматов
:- Учурдагы саясый кырдаалдын талабы ушундай. Андан башка жол жок. Менимче, оппозиция 23-июлга бирдиктүү күч болуп чыга алат.

Саясатчы Ж. Касымбеков:- Буга чейин оппозиция лидерлери митинг өткөрүп, бирок акыбети кайткан эмес. 23-июлда деле ошол көрунүш кайталанат.

“Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору К. Молдокасымов:- Оппозиция жалгыз талапкер менен ат салышышы толук мүмкүн.

“Кател” фирмасынын башкы деректири Ж. Сатыбалдиев: - Бул өтө оор маселе. Оппозиция азырынча бир чечимге келе элек. Андыктан алдын ала болжош кыйын.

Бишкектин тургуну Г. Нартаев:- Ө.Текебаевдин ат салышуудан баш тартышы – оппозиция лидерлери напсилерин тыя аларын көрсөттү. Мындан улам, президенттик шайлоого бир лидер менен чыгууга даярданууда десек жаңылышпайбыз. Ушул жол менен кетсе оппозиция утулбайт, утушу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG