Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Ош: Жарашуу жолундагы тоскоолдуктар


Ошто автожолдорду жана көчөлөрдү тазалоо жараяны башталды. Бирок көпчүлүк кичи райондордун тургундары тосмолорду жана баррикадаларды жыйыштыруудан баш тартууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик мындан ары ээнбаштарга карата катаал чаралар көрүлөөрүн эскертүүдө.

Ош шаарында тополоң окуялардан кийин көптөгөн өзбек маалелери ушундай тосмолор менен коргонууга өткөн эле

Ушуга улай араздашкан тараптар барымтада кармаган жарандарды алмаштыруу аракеттери жасалууда.

Ош шаарынын Чкалов көчөсүнүн тургуну Урмат Исраилова көчөдө ээн-эркин жүрүү азапка айлангандыгын ачыктады:

- Жалгыз баскандан чынында коркот экенсиң. Аксакалдар жаштарды туура жолго салса, баардыгы жакшы болот.

Набижан ажы Ош шаарындагы эң чоң коогалаң болгон Черемушка районунда адамдар баса албай калганын айтты.

- Төмөнкү тараптагы Волгоград, Чкалов, Пролетар көчөлөрүнө калкыбыз баса албай калды. Зарыкканда ылдыйлап баргандарды талап-тоногучтар дейбизби же жанагыл жалдангандарбы, айтор, артына айдап коркутуп атышат,- деп тызылдады Набижан ажы.

Ош шаарынын жашоочусу, Ооган согушунун катышуучусу Исмаржан Акматов калаа комендантынын көзүнчө Калинин кичи районун бөгөп таштаган өзбек улутундагы жердештерин көтөрүп жүргөн куралдарды тапшырууга чакырды.

Ошол маалда шаардын коменданты Курсант Асанов курал-жарактарын өз эрки менен тапшырбагандарга карата катуу чара колдонулаарын эскертти.

-Мен кан төккүм келбейт. Мен азыркы күнгө чейин бирөөгө ок аттыра элекмин. Ачык айтып коеюн, эгерде кимдин үйүнөн ок атылса, ошол үй бардык жагынан атылат!

Ал эми Ош облустук ооруканасы жайланышкан аймак дале тосулуп, 400 чакты тургун үйлөрүнө жолой албай жатышкандыгын Нуржан Табалдиева билдирди. Анын айтымында, бир көчөдө алты үйдө кыргыздар жашайт. Тополоң окуялар учурунда алардын үйлөрүн өзбектер талап-тоноого алышкан. Азыр аларды таш бараңга алып, кубалап жатышат. Жолдор тосулуп коюлган.

Макамбай Сатыбаев аттуу карыя ар кандай ушак-айыңдар тынч жаткан элди дүрбөтүп, өз ара тирешүүнү күчөтүп аткандыгын жашырган жок.

- Ушул имиш-имиш сөздөр нервибизди жеп бүттү. Бийликтин коопсуздугуңарды камсыз кылабыз дегенине биз дале ишенбей турабыз. Ошондуктан, эмне болгон күндө да өз аймагыбызды коргогонго биз дайым даярбыз,- деди Макамбай Сатыбаев.

Бул аралыкта өзбек улуттук борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдинов, анын кандаштары кыргыз армиясын интернационалдаштырууну, аскер формасын кийген жарандарды өзбек айылдарына жолотпоону, мындан тышкары чектеш кыштактарды жана көчөлөрдү эки улуттун өкүлдөрүнөн куралган элдик кошундар кайтаруусун талап кылып жатышкандыгын укук коргоо органдарына билдирди.

Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов шаарлыктарга мыйзамсыз иштерге жол берилбей турганын эскертүүдө.
Ош шаарынын коменданты Курсант Асановдун белгилешинче, этникалык араздашуу өкүм сүргөн аймакта адамдарды барымтага кармап кетүү көрүнүштөрү дале болуп жатканын белгилеп, мындай аракеттерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Коменданттын маалыматына караганда, 432 кыргыз, 637 өзбек, ошондой эле 322 Өзбекстан жараны сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында барымтадан бошотулду.

Ошол эле учурда тууган-уруктары уурдалган же дайынсыз жоголгон адамдар тобу Ош шаардык бийлигинин алдында чыгып, жылуу кабар күтүп олтурушат.

Акыркы саттарда Ош шаардык комендатурасы калаадагы негизги автожолдор жана көчөлөр тоскоолдуктардан толук арылгандыгын жарыя кылды.
XS
SM
MD
LG